«САНПА ОКУЯСЫ АТАМДЫ ЖУТТУ, ЖЕТИМГЕ АЙЛАНДЫК»

«Эң жаман көргөнүм – «ата-энеси жок, жетим тура» деген сөз! Мындайды укканда дүйнөм томкорула, көөдөнүм өрттөнүп кетет менин...» деп ыйлаган Элнуранын жанында адам чыдап отура алгыс. Анын атасы Шакирали Кийикбаев 43 жашында 2010-жылдын 12-июнь күнү Ош-Бишкек унаа жолундагы Топурак-Бел ашуусунда жайгашкан «Санпа» пахта заводунун жанында мыкаачылардын колунан каза тапкан.

«АТАМДЫ ҮЧ КҮН КҮТТҮК»
– Уруш болуп кетет деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Жалал-Абад шаарында окучумун, 2010-жылдын 12-июнь күнү атам эртең менен чалып, «кызым, бүгүн сени үйгө алып кетем, даярданып тур» деди. Жолго чыктык, Топурак-Бел ашуусундагы «Санпа» заводунун жанынан тынч эле өтүп кеттик. Атамдын шаарга кайтам деген ою жок болчу. Кызыл-Октябрь айылына жетерде жол четинен эки жигит чуркап чыгып, бизди тосуп калды. Атам түшүп кетти да, бир аздан кийин келип мени жакыныраак жердеги чоң энемдин үйүнө таштап коёрун айтты. Менимче, ошол жигиттер атамды тааныйт жана кайдадыр жеткирип коюуну суранышкан.
Энемдин үйүндө күтүп отурдум, атам болсо кечигип жатты. Кеч киргенде эле айылдагы агамдын баласы жөнүндө «ок тийип жарадар болуп, айылга кирип келиптир» деген кабар угулду. Аны угарым менен тынчсызданып, атамды издей баштадым. Телефонуна чалсам өчүк. Ал күнү атамды келип калат деп зарыга күттүк. Кийинки күнү айылда кадимкидей ызы-чуу. «Каптап келе жатыптыр, кырып келе жатыптыр» деген имиш-имиштен улам кээ бир кошуналарыбыз кайдадыр качып жөнөй башташты. Үйдүн эң улуусу болсом, сиңди-инилерим менен калсам, кимге таянып, кимдин арты менен, кайда кетмек элем? Атамды күтө бердик. Экинчи түнү кирпик ирмебедим. Себеби кошуналарыбыз көчүп кетишкен болчу, коркуу менен таң атырдык.
Арадан 3 күн өттү, атамдан дале дайын жок. Жол жарым-жартылай ачылганда гана туугандарыбыз шаарга келип, атамды издей башташты. Ооруканалардан табышпай, өлүкканага барышса, атам ошол жерде экен (ыйлап). Атамды чачынан гана таанышкан. Анткени аябай мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүктөн, жүзү таанылгыс болуп калыптыр. Анан айылга, бизге кабар келди, «атаң келе жатат» деген. Мен ушунчалык кубандым, атамдын үйгө күлүп-жайнап кирип келишин күтүп отурдум. Көп өтпөй, туугандарыбыздын машинадан өңгүрөп ыйлап келе жаткан үнү кулагыма элес-булас угулганын бир билем, андан кийинкиси эсимде жок, өзүмдү жоготуп коюпмун. Эсиме келсем, бетимди чапкылап жатышат. «Атамдын жүзүн көрөм!» дедим, карасам жүзү таанылгыс болуп, карайып калыптыр. Көзү да ачык бойдон. Атамдын сөөгүн жууп-тазалагандан кийин деле кан токтобой ага берди туш тарабынан. Жаздык, төшөктөр сыгып алма канга чыланып калган болчу.
Ал убактагы абалымды азыр айтып, түшүндүрө албайм. Андай учурда адамдын эси эки болуп, акылы башынан качып калат экен, жинди сымал. Бир эсиме келем, кайра эсимди жоготом, атамдын жүзүн кайрадан кароого даай албадым. Күйүт жаман экен, эки бутум баспай калды. «Шылк» деп эле жыгыла берем. Оюм-оюма уланып, «кичүү бир туугандарымды эми кантип карайм, биздин тагдырыбыз эмне болот?» дей бердим. Себеби апам атам каза болордон 2 жыл мурун кайтыш болуп кеткен эле.

«18 ЖАШЫМДА АТА-ЭНЕМДИН ОРДУН БАСТЫМ»
– Бир күнү үйдөгү туугандарыбыз кеңешип жатышыптыр. Мен төшөктө, тура албай жатам. Атамдын карындашы «балдарды бөлүп алалы» деп калды. Мага ушул сөз аябай катуу тийди. «Биз ушул деңгээлге түшүп, кароосуз, керексиз болуп калдыкпы?!» деп ойлонуп жаттым да, «турам, басам» дедим. Ошондо гана улуулардын «белиңди бекем буу» деген сөзүнүн маанисин түшүндүм. Көрсө, ичиң эзилип, күйүт белиңден жыгат экен биринчи. Денемди түз кармай албай, жыгылып кала берген жаным, күчтөндүм. Бөбөктөрүмдү эч кимге жалдыратпайм, ыйлатпайм деп чоң жоолукту белиме байлап, атамдын кыркылыгы өткөнчө басып кеттим. Анан да акимчиликке барганымда мага бир эже «бирөөгө көз каранды болуп каласыңар, өзүңдүн жашың 18де экен, балдарды сага өткөрүп берели» деди.
Ошентип, бир туугандарымды өзүмө жаздырып алдым. Ортодо жардамдар берилип жатты, бирок жашообуз кыйындап кетти. Мен ошондо акча табууга бел байлап, аргасыздан Москвага жөнөп кеттим, кичүүлөрдү чоң энеме калтырдым. Ал жакта айлыгым болгону 16 миң рубль, ашканада иштеп, тапканымды айылга жөнөтөм. Ошондой күндөрү атам менен апам түшүмө кирди. Үчөөбүз поездде баратабыз, анан эле атам «Элнура, сен ушул жерден түшүп кал, тиги каптарды үйгө жеткир» деп калды. Аян белем, ушундан кийин Кыргызстанга келе бердим, өкмөттөн акчалай жардам жана үй алдык.

"АПАМ ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИН ЭЛЕ КӨЗ ЖУМДУ"
– Атам бойдок кезинде эле сүрөтчүлүк менен эмгектенчү экен. Апам окуган мектепке сүрөт тартканы барып калган атам апамды көрүп жактырып калат. Ошол бойдон атам аскерге кетип, кийин апам окууну бүтөрдө райондун борборуна сүрөткө түшкөнү келсе, ал сүрөткана атамдыкы болуп чыгат. Анан «эртең келип сүрөтүңдү алып кетесиң» деген атам, эртеси апам келгенде ала качып кетип, анан баш кошушуптур.
Атам тиричиликке ошондо эле тың болуп, мен төрөлгөндөн кийин менин ысымымдан сүрөткананы аташып, ошону иштетүү менен бизди бакчу. Баш-аягы 20 жыл үзүрүн көрдүк, ал ишкананын. 2006-жылы үйүбүздүн алдына чоңураак там тургузуп, ага кирердин алдында апам кайтыш болуп кетти (ыйлап). Апам ооручу деле эмес, толмочунан келген, күчтүү аял эле. Бейтапканадан «миома бар» деп айтышып, 10 күндүк дарыланууга кеткен. Ошондо апама тезинен операция жасоону сунуштап калышкан. Бирок операциядан чыккандан кийин апамдын ыйлап айткан сөзү «мени кыйнап коюшту, кыйнашты» болуптур. Операциянын акчасын берсе, врачтар албай коюшкан. Биз аларды сотко да бердик, бирок врачтар жеңип кетишти. Айтор, апам ошондон 2 күн өтүп-өтпөй о дүйнөгө кете берди. Ишенбедим, такыр ишенбедим. Апам өлүп калчу аял эмес болчу!

«ӨКМӨТТҮН ПУЛУ МЕНЕН ЖАШАП КЕЛЕБИЗ»
– Мектепти аяктаганымда атам мени доктур кылам деп бир букабызды сатып, Бишкекке жөнөттү. Медициналык академияга тапшырмакчы болуп жүргөнүмдө атам мага чалып алып ыйлап жиберди, анан мен чыдабай кайра келе бердим. Анын үстүнө апам каза болгондон кийин мага көнө түшкөн окшойт. Ошондогу атамдын кубанганы эсимден кетпейт. Ошентип, Жалал-Абаддагы медициналык колледжде окуп калдым. Мени шаарга жеткирип, окуу жайга алып барып, кайра алып келип турам деген убадасына турду атам. Айылга келгенде ар дайым аш даяр турчу казанда. Инимди укук коргоо кызматкери кылам деп тилек кылчу. Атам каза болгондон бир жыл өткөндөн кийин иним Разакбек мектепти бүткөндө ыйладым, жалгызсырадым. Кудайга шүгүр, иним өз күчү менен окууга өттү. Бирок окуусу контракттык негизде, 18 миң сом төгө албай кыйналып калдык. Ортодо убактылуу Москвага иштеп келүүгө мажбур болду. Окуусун эптеп бүтүрүп алса, бизди багат беле?..
Бирөө бир сом бербейт, жетимдерге берилчү пенсия, жөлөкпул менен күн көрүп келебиз. Наалыбайм, жашоо учугун улап келе жатабыз. Болгону, кээде тажап кетем жашоодон. Бирок кичүүлөрүмдү ойлойм, алар үчүн күчтүү болушум керек. Базарга алпарып баарына кийим сатып берем. Эң кенже иним да акылдуу болуп калды. Айтор, 3 бир тууганымдын ата-апасы болдум. Бирок биз деле эл катары ата-энебиз менен чогуу жашасак болор эле го?!

Ал эми Элнуранын сиңдиси Наргиза атасын мындайча эскерет:«АТАМ АЯЛДАРГА ТИЙБЕГИЛЕ ДЕП БАКЫРЫПТЫР»
– Атам мени «көк көзүм» деп эркелетчү. Бир жакка барса куру кол кайтып келген күнүн эстей албайм. Ар дайым колунда бизге атаган бир нерсеси болчу.
Атамдын сөөгүн алып келген машина үйдүн алдына токтогондо мен чыкпай койдум сыртка. Терезени карап, нес болуп отура бердим. Жүзүн көрмөк тургай жанына бара албай койдум. Колуна көзүм түшүп, көңүлүм ушунчалык кирдеди, атамдын колу ылжырап күйүп, капкара болуп шишип кеткен экен. Апам каза болгондо кучактап ыйлай берген элем. Атамдын өлүмүндө ый чыкпай койду менден, туугандарыбыз «уят, ыйлабайсыңбы?!» дешет, мен ичиме жутуп жаттым күйүттү (ыйлап). Өлүм ызы-чуусу, аза кошогу, баары көмөкөйүмө көк таштай тийди. Кулагыма ошол үндөр жаңыра берет. Кийин мүрзөгө бардым, атам апамдын мүрзөсүнө өрүк тиккен эле, ошол дарактын көлөкөсүнө өзү барып жатып калыптыр.
Баса, ошол тополоңдо атам шаардан 4 аялды машинага салып кайра келе жатканда жолдон бетин чүмбөттөп алган жоон топ токтотуптур. Бул 12-июндун түштөн кийинки саат 3 менен 4түн аралыгы, мындайча айтканда, атам «Санпанын» жанында өлтүрүлгөндөрдүн биринчилеринен. Тоскондорду кол салат деп ойлобосо керек, атам машинасынан түшкөндө эле сүйрөп жөнөшүптүр, анын акыркы сөзү «аялдарга тийбегиле, аларга тийбегиле» болуптур. Алдыңкы орундукта отурган аялдын жаш кызын мылтыктын кундагы менен урганда аялдар эси-учун жоготушуп, кийин аларды кайдан-жайдан бирөөлөр алып чыгып кетип, аман калышыптыр. Ошол бойдон атамдын кантип өлтүрүлгөнүн эч ким билбейт.

Учурда Элнура 22 жашта экенине карабай өзү бир үй-бүлөгө баш. Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт кичи шаарчасындагы Июнь окуясынан жабыркагандар үчүн салынып берилген үйдө жашашат. Июнь окуясы бир гана мындай жаш каректердин жашын агызбай, нечендеген атуулдардын тагдырын талкалаганын билебиз. Айтарыбыз, эч качан андай учур эч кимдин өмүрүндө кайталанбасын!
Коогалаңдуу Июнь окуясынын чуулгандуу бир бөлүгү аталган «Санпа» окуясы 16 адамдын өлүмүнө, 2 адамдын дайынсыз жоголушуна алып келген. Бул окуяга тиешелүү соттук иш-чарада 19 адам жоопко тартылып, алардын 18и өмүр бою эркинен ажыратылган.

Гүлжан Эшбаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
belosnejka1
2013-06-25 06:59:41
Кагылайын синдим, жаш кезинде эле ата эненди жоготуп алыпсын да, жетимчиликтин кандай экенин жакшы билем. Баарына биздин алсыз окмот кунолуу. Мамлекетибиз кучтуу болсо башка улуттар бизге кол тийгизе алмак эмес!
0
Kg.lady
2013-06-25 08:57:56
Улутчул, улутчул деп козунордун тобосу менен карайсынар....!!!Кантип кыргыз оз жеринде мыкаачылык менен ажал тапса, улутчул болбойсун!Кантип кыргыз балдары жетимдиктин даамын татып, коз жаш токсо улутчул болбойсун!Кантип кыргыз эне баласын жоктоп кошок кошсо улутчул болбойсун.....
+6
admin_superstan
2013-06-25 09:22:06
Kg.lady, провокацияга жол берилбейт.
Билдирүүңүз түзөтүлдү.
Азырынча эскертүү!
-2
Denizza
2013-06-25 11:26:07
Алардын коз жаш тогуп ыйлаган видеосу бар жуктой албай жатам. Атасы менен апасы болуп жаны жылды чогуу тосуп аябай бийлешкен экен ошол видеосу калган экен эстелик болуп,аны кайра кайра корушот экен. Байкуш кыз ушунчалык татынакай экен жанынан корсон бир аз туйшук тартып арыктап кеткени билинип калыптыр.Мен да жардам берем деп аракет кылып жатам. Кудайдан чооон сооп болот. Аларды жылуу кийин ушуйсун, курсагын токбу балам,озунду этиет кыл деген атасы апасы жок.
+2
ulanbek.ekokg
2013-06-25 21:08:15
Элнура карындашым кайтпа ушул жолундан
Жакшылык деп журок соксо,келет,жасаш колундан
Тизе бугуп таазим кылам сендей кыргыз кызына
Сынбаптырсын,шайтан ачып жеп жатса да,журок менен боорунан.
+1
jazy
2013-06-25 21:09:02
кантип ушул кыздар мн байланышсам болот телефон номерлерин кантип тапсам болот супер инфо жардам бериниздерчи
0
admin_superstan
2013-06-26 10:51:11
jazy, Саламатсызбы!
Бул шилтеме менен өтсөңүз:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=67343&pid=1105111&st=0&#entry1105111
0
gutler
2013-06-25 23:32:03
Ош коогаланында коптогон кыргыздар жабырланса да, кайра эле кыргыздар "геноцид" деп куноолуу болуп келатабыз. Эльнура багын ачылып,бактылуу бол. Азамат кыз экенсин. Жетим жетилет дегендей,баары жакшы болот. А атанды олтургон мыкаачыларды аллам озу жазаласын ылайым.
+1
FERA
2013-06-26 14:56:35
ата энесинин арты кайрылуу болсун номерлерин жазып койсонуздар жакшы болмок
0
mahabat.
2013-06-26 18:07:02
абдан зээним кейиди.жазаарга соз таппай калдым
0
Elima_91
2013-06-26 19:24:31
Саламатсыздарбы!!! Элнура менин курбум болот! Сиздерден келген каттарды Элнура экообуз бирге окуп чыктык. Сиздерге рахмат! Сиздерди АЛЛАХЫМ озу колдосун. Ии баса Элнура туралуу жакынкы кундо соонун жанылык бар.....
0
INDIRA_89
2013-06-27 12:56:11
Elima_91, ал жанылык каяктан чыгат.чыдамчыздык менен кутобуз.жакшы жанылык болсун
0
admin_superstan
2013-06-27 13:03:12
INDIRA_89, провокацияга жол берилбейт.
Азырынча эскертүү!
0
tabyshmak
2013-06-27 17:32:15
Айдын он беши карангы, он беши жарык. Буйруса жапжарык кундор алдыда.
0
admin_superstan
2013-06-27 19:03:31
Урматтуу колдонуучулар, форумда "Кайрымдуулук" бөлүмүнө жардам көрсөтүү үчүн тема ачылган:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=67343&view=findpost&p=1108085
0
nargiza.
2013-07-04 03:08:13
Аябай ыйлап окудум зээним кейиди. Не жазаарымды да билбей калдым.ата энендин жаткан жери жайлуу болсун.
0
mila9
2013-08-05 00:24:48
кичине кызынын айткан создорун окуп аябай онгуроп ыйлап алдым негедир...бактылуу болгула!
0
№ 555, 21-июнь-27-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан