Президент Алмазбек Атамбаев 18-июнь күнү Түркия мамлекет башчысынын чакыруусу боюнча Анкара шаарына иш сапары менен жөнөп кетти. Өлкө башчысы аскер медициналык «Гүлхане» академиясында медициналык кароодон өтөрү да белгилүү болду. Бакиевдик бийлик кезинде премьер-министр болуп иштеп жүрүп ууланганда дал ушул академиядан текшерүүдөн өткөн.
18-июнда кыргыз президенти түрк мамлекет башчысы Абдуллах Гүл менен, эртеси өкмөт башчы Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн ортосунда буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар менен Кыргызстанга чет элдик инвестицияларды түз тартуу маселелери талкууланды.
Алмазбек Атамбаев 22-июнда Бишкекке кайтып келди.
Эльвира Караева
politika@super.kg