«Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Лимонти аттуу каймана ысымдуу Алмазбек Сулайманов милиция кызматкерлери тарабынан 16-июнь күнү Казакстандын Алматы облусунда кармалды»,- деп ИИМ кабарлады. Ал 2011-жылы эл аралык издөөгө жарыяланган болчу.
1971-жылы Нарын облусунда туулган Алмазбек Сулайманов бир канча ирет соттолгон. 1999-жылы Нарын райондук соту анын эки адамды мыкаачылык менен өлтүрүүгө тиешеси бар деп таап, өлүм жазасына буюрган. Өлүм жазасы алынып салынгандан кийин өкүм 2006-жылы 30 жылга эркинен ажыратуу менен алмаштырылган. Эки жыл өткөндөн кийин Аламүдүн райондук сотунун токтомуна ылайык, ага туберкулёз диагнозу коюлгандыгы үчүн түрмөдөн бошотулган. Бирок Башкы прокуратура текшерүү иштерин жүргүзгөндө ооруну далилдеген рентген-сүрөт Алмазбек Сулаймановго эмес, башка адамга таандык болуп чыккан.
Айтмакчы, тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, бул адамдын 2010-жылы 7-апрелде Токмок шаарында эки тургунга да кол салууга тиешеси бар. Учурда Алмазбек Сулаймановдун жазасын өтөп бүтө элек мөөнөтү дээрлик 20 жылдан турат жана аны Кыргызстанга экстрадициялоо иши каралууда.
Эльвира Караева
politika@super.kg