Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов ушул жылдын февраль айынан бери милдетин аткаруучу иретинде кызматын улантууда. ЖКнын депутаты Абдыманап Кутушевдин айтымында, шаар башчысын шайлоо үчүн жаңы мыйзам кабыл алынуусу керек. «Биз ушуну күтүп жатабыз. Ал «Бишкек жана Ош шаарларынын статусу жөнүндө» мыйзам. Конституцияда бул эки шаар республикалык мааниге ээ экендиги жазылган. 2003-жылкы Ош шаарынын статусу тууралуу эски мыйзам бар, бирок ал бүгүнкү шартка дал келбейт, себеби азыркы Ош шаардык кеңеши партиялык тизме боюнча шайланган. Жаңы мыйзам долбоору боюнча, мэрдин талапкерлигин фракция, фракциялардын коалициясы, өкмөт башчы сунуштай алат»,- деди А.Кутушев.
Парламент мыйзам долбоорун июнь айынын соңуна дейре кабыл алууну пландоодо. Андыктан мыйзам күчүнө киргенден кийин Мырзакматовдун тагдыры чечилет.
Эльвира Караева
politika@super.kg