Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 2014-жылдан баштап мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды каржылоону эки эсеге көбөйтүүнү тапшырды.
2013-2014-окуу жылдарында ЖОЖдор арасында 5705 ГРАНТТЫК ОРУН бөлүнүп берилет.
Кытайдын өкмөтү ушул жылдын күзүндө өтүүчү ШКУнун саммитине карата Кыргызстанга CADILLAC XTS үлгүсүндөгү 50 автоунаа өткөрүп берди, анын ар бири 80 миң доллар турат.
ЖКнын депутаты Райкан Төлөгөновдун уулу МУСА ТӨЛӨГӨНОВ Апрель окуясындагы талап-тоноого шектүү катары кармалганын, ошондой эле анын жанынан мыйзамсыз алып жүргөн курал табылганын ИИМ билдирди.
Глобалдуу тынчтыкты сүйүү индекси боюнча, Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен тынчтыкты ЭҢ АЗ СҮЙГӨН мамлекет деп табылды.
Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча металлургия, алтын өндүрүү, энергетика жана тикмечилик ЭКОНОМИКАНЫ ТҮЗГӨН тармактар болуп эсептелет.
Бизнес-ассоциациялар боюнча улуттук альянстын өкүлүнүн айтымында, чакан жана орто ишканалардын 70 ПАЙЫЗЫНЫН ичинде жүгүртмө каражаты жетишпейт.
«Тиешелүү режим орнотулган өлкөлөргө Кыргызстанга кирүү үчүн ЭЛЕКТРОНДУК ВИЗА КИРГИЗИЛЕТ»,- деди ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев.
Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн ЭҢ КӨП ТУРИСТТЕР Германия, Франция жана АКШдан келсе, КМШнын алкагында сапар тартып келген жер кезерлердин саны боюнча Орусия, Казакстан менен Өзбекстан лидер болушту.
Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасында «Кербен», «Чаткал», «Ала-Бука», «Көк-Таш» жана «Актам» ТОЗОТТОРУ курулууда, алар күз мезгилине барып толугу менен ишке кирет.
Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 800 МИҢ ТОННА буудай жыйнап алуу пландалууда. Республиканын буудайга болгон керектөөсү 1,1 миллион тоннаны түзөт.
«Freedom House» уюмунун докладына ылайык, Кыргызстан Борбордук Азиянын ичинен АВТОРИТАРДЫК РЕЖИМГЕ туруштук берген алгачкы өлкө болуп табылды.
ӨКМнын 20-июнга карата тараткан маалыматына ылайык, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 18-июнда жааган кардан 1,5 МИҢГЕ ЖАКЫН мал кырылган.
2013-жылдын 20-июнь күнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы Гүлпиян жергесинде өзбек чек арачылары менен Сарыбай айылынын тургуну ортосунда чатак чыгып, анда кыргыз жараны КАЗА ТАПТЫ.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ula777
2013-06-27 22:22:28
CADILLAC XTS үлгүсүндөгү автоунааны кимдер айдашат болду экен, ушу кызык болуватат.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.