Жайкы каникул жакындаган сайын ансыз да пассивдүү депутаттардын дымы чыкпай бара жатат. 18-июнь күнү парламентте Кенжебек Бокоев жетекчилик кылган Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйыны өтпөй калды. Анда Токон Мамытовдун күч түзүмдөрү боюнча вице-премьерликке коюлуп жаткан талапкерлиги каралмак болчу. Жооптуу кызматка барчунун жүзүнө тигиле карашмак турсун, комитеттин төрагасы Кенжебек Бокоев баш болуп, мүчө депутаттары төш болуп, жыйын өтчү залга бирөөсү кадам таштап келген жок. Добуш берүүнү телефон аркылуу эле бүтүрүп алышмак болуптур. Ооба, эртеси парламент Токон Мамытовдун талапкерлигин жактырды дечи, бирок комитеттердин мындай маанилүү иштерге көңүл кош мамиле кылганына көз жумуп коё албадык.
Буга чейин аталган кызматты ээлеп турган Шамиль Атахановду кетирерде парламенттик трибунадан укмуш жан күйгүзгөндөй түр көрсөтүп, ал адамдын ээлеген иш ордуна туура келбей турганын биринен өтүп бири далилдеп жатышпады беле. Чынында, Атахановду деле ошол парламент жактырган. «Ошондой маанилүү кызматка кийинки келер адамды жакшылап иликтеп көрөлү, мурунку катабызды кайталабайлы» дешсе болбойбу, эл өкүлдөрү?
Эльвира Караева
politika@super.kg