«Бозумчак» алтын иштеп чыгаруу фабрикасы 2014-жылы ишке кирет. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, жылына 1 миллион тонна кен иштетилет. Кенде негизинен жез, ошондой эле алтын менен күмүш өндүрүлөт»,- деди «Бозумчак» ААКсынын башкы директору Иляс Түлекеев.
2008-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кенде «Казахмыс голд Кыргызстан» компаниясы иш жүргүзүп келет. Адистердин баасына ылайык, анда 146 миң тоннадан ашуун жез, 23 тоннадай алтын, 138 тоннадан көбүрөөк күмүш бар.
Эльвира Караева
politika@super.kg