«Мен кат жаздым, Тагдырыңа таарынба.
Башка түшөт, Кыйынчылык баарына...» деп жигитине ыр аркылуу кат жазган ырчы Минюра Рахимжанова бизде конокто.
Толук аты-жөнү – Рахимжанова Минюра Рахимжановна
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 19-сентябрь
Туулган жери – Талас облусу, Манас району, Покровка айылы
Бою – 153 см
Салмагы – 45 кг
Билими – Кыргыз улуттук консерваториясынын 2-курсунун студенти
Учурда – Жеке ырчы
– Минюра, ырчылыкты тандашыңа эмне себеп болгон?
– Кичинемден ырга жакын өстүм. Таласта М.Абдраев атындагы музыкалык жатак-мектеп бар, ошол жерде окууну самап жүрүп, бирок окубай калдым. Анан жогорку окуу жайга өтөрдө да музыканы тандадым. Окуп жүргөндө Айя Садырованын колдоосу менен алгачкы ырымды жаздырдык. 4 жылдан бери Жамиля Муратовадан вокалдан сабак алып келем. Ырчылыгымдын тамырын бекемдеп жаткандар ушул адамдар.
– Чыгармачылыгыңды ата-энең кандай кабыл алат?
– Төрт бир туугандын кенжесимин, бир агам, эки эжем бар. Эркелеп турсам, кантип көңүлүмдү кыйышсын? Алар колдоп гана турушат, бирок апам «жеке жашооңду унутпа, аялзатынын бактысы үй-бүлөдө» дегенден тажабайт.
– Мүнөзүң кандай экенин сүрөттөп берчи...
– Чайналган адамдарды жаман көрөм. Боло турган ишти тарс-тарс аткарып, араң жан болуп жүрбөйм. Кээде чыдамым түгөнүп, чыйпылыктап кетмейим бар. Ошондо шашып көп нерсени туура эмес кылып алам. Көк беттигим элде жок, айтканым айткандай аткарылбаса, дүйнөнү томкором, бирок оюмдагыга жетем. Шайыр жүргөнгө аракеттенем, жиниме тийгенин ордуна отургузмайынча жаным тынчыбайт.
– Мен чалганда трубканы жигит көтөрдү, жүрөк бош эмеспи дейм?
– Жүрөк алда качан бошогон, телефонго иним жооп берген эле. Жанымды жанчып кеткен сүйгөн жигитиме кат жазып тындым окшойт (күлүп). Эч кимге окшошпогон сүйгөнүм бар эле, азыр сый мамиледе калдык.
– Себебин билсек болобу?
– Адам канчалык бири-бирин сүйбөсүн, кыялдары дал келбесе, алар бирге боло албайт экен. «Сен кат жаздың» деген ырымды да ошол сүйгөн жигитиме арнагам. Ал адам менен бакыттын байырлаган бакчаларында жүрдүм, а бирок тагдыр жолубуз бир эмес окшойт.
– Кандай жигиттер сенин табитиңде?
– Мага сымбаттуу жигиттер жакпайт, аларды коруп жүрүп күнүң өтөт. Андан көрө акылдуу, билимдүү, ыймандуу, «симпатяга» бала керек (күлүп). Сөзүнө бышык эмес, өзүнө бышык жигитти издей берем.
– Маегиңе рахмат.
– Сиздерге да.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg