Бул жигитти бир кезде «Орусияда эң мыкты ырчы Дима Билан болсо, бизде Атабеков» деп ырдап чыгышкан. Ал 3 жыл катарынан «Супер-Инфонун» версиясы боюнча «Супер ырчы мырза» аталып, жадакалса «Заманыбыздын супер ырчысы» наамын да багындырган. Мирбектин жараткан ырларынын дээрлик баары бат оозго алынып, хитке айланып келет. Кыргыз эстрадасынын көз күйдүргөн, азырынча бойдок жигити Мирбек Атабеков «Супер-Инфодо» күйөрмандары менен түз байланышта болмокчу. Ырчы мырза менен дайым эле түз байланышка чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлө бербейт, достор. Андыктан 25-июнь күнү саат 14:00дөн 16:00гө чейин кумириңиз менен баарлашып же төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, сизди кызыктырган суроолорго жооп алыңыз: /superstan/index.php?showtopic=14671&view=findpost&p=1095623
Байланыш телефону: (0312) 47-39-39