Роза Аманова менен «Маржан» тобу 22-июнда Түркияга учуп кетишти. «Түрк жергесинде жашаган кыргыз жарандары жыл сайын Ван шаарында жолугушуп, жалаң кыргыздын ыр-күүлөрү, оюн-зооктору менен коштолгон чоң фестиваль өткөрүшөт. Былтыр да бул иш-чарага катышып келген элек. Минтип кайра чакырып жатышкандарына кубанып жатабыз»,- дейт «Маржан» тобунун ырчысы Эльзар Өскөнбаева.