АКИТАШ БЫШЫРЫП, САТУУ – КИРЕШЕЛҮҮ ИШ

Акиташ бышырып, сатуу менен айылда жакшы пайда тапса болот. Бирок ал үчүн эмнелер жана канча чыгым кетерин билүү кажет. Бул ирет баарыбыз үй актап жүргөн акиташты алуунун жол-жобосу менен тааныштырабыз.

ЭМНЕЛЕР КЕРЕК?
Акиташ бышырганга тоонун ак жана көгүш түстөгү таштары керек. Бышыруу үчүн атайын очок курулат. Узундугу 4 метр, туурасы 3 метр, бийиктиги 1,5-2 метр болгон очок куруу боюнча кеңеш бермекчибиз. Мындай очокко 10 тонна таш батып, андан 8 тонна акиташ алынат. Алгач очок куруу үчүн жер тандалып алынып, 3 тарабы пакса менен урулат (очоктун алды жагы ичине таштар тизилгенден кийин тургузулат). Очоктун ичине (тешиктердин тушуна) машинанын 2 диски коюлуп, үстүнө очок үчүн чоюн торчолор (чугунная решётка) ташталат.
Дисктердин астына оттун жакшы күйүүсүн камсыз кылуу үчүн желдеткичке (вентилятор) уланган түтүк орнотулат. Эми очоктун ичине 10 тонна таш биринин үстүнө бири тизилип коюлат. Кезек очоктун алды жагын тургузуп, көмүр жагуу үчүн эки тешик калтырууга келет. 2 сутка көмүр жагылат. 2 суткадан соң акиташ колдонууга даяр болуп, бышып калат. Очоктун кирпич менен урулган жагы бузулуп, ичиндеги акиташ алынат.
Кошумча: Очокту куруп бүткөн соң жанына шагыл менен цементтен узундугу 3 метр, туурасы 2 метр болгон атайын жер (пол) даярдалат. Бул жер күрөк менен көмүр сузуп жатканда кум-таштар кошулуп кетпөөсү жана бышкан акиташты алуу үчүн, очоктун бет маңдайын бузганда акиташтар кумга аралашып калбашы үчүн керек.

Керектүүлөр (Баткен облусундагы баалар боюнча берилди, башка аймактардын баалары менен айырма болушу мүмкүн):
20 тонна топурак – 4000 сом
Очок үчүн чоюн торчолор – 4 даана (1 даанасы 1200 сом) 4800 сом
Машинанын диски – 2 даана (1 даанасы 1000 сом) – 2000 сом
Шагыл – 4 тонна – 3500 сом
Цемент – 600 килограмм (1 килограммы 7 сом ) – 4200 сом
Бышкан кыш – 100 даана (1 даанасы 6 сомдон) – 600 сом
2 желдеткич – (500 вольттук, 1 даанасы 2000 сом) – 4000 сом
Түтүк – 16 метр (1 метри 160 сом) – 2560 сом
Көмүр – 1,5 тонна
(1 килограммы 1 сом) – 1500 сом
Электр энергиясына чыгым – 120 сом
Унаа жана жумушчуларга биригип 10 000 сом акча кетет (тоодон 10 тонна таш алып келүү үчүн )
Жалпы чыгаша – 37 280 сом

Эми канча пайда түшөрүн эсептеп көрөлү: 8 тонна (же 8000 кг) x 10 сом = 8000 сом
80 000 сом - 37 280 (чыгаша) = 42 720 сом
Таза киреше – 42 720 сом

«КЕҢЕШИМДИ БААРЫ МЕНЕН БӨЛҮШҮП КЕЛЕМ»
АСАН ТАЙЛАКОВ, Баткенде акиташ бизнеси менен алектенет:
– Акиташ бышырып, сатуу менен элет жеринде жакшы эле пайда тапса болот. Бирок анын сырларын билгендердин баары эле айтып беришпейт. Мен кеңеш суроо үчүн Кадамжай районундагы акиташ бышырган адамга барганымда, ал айтып бермек түгүл очогуна жолоткон да эмес. Ошончо барганга жараша деп ошол жерде иштеген бир кишиден жашыруун түрдө очоктун эскизин сатып алгам. Ошол эскиз менен эле очок куруп, көптөгөн адамдарга кеңеш берип, үйрөттүм. Эгер газ болсо, акиташ бышыруу жеңил болмок. Учурда биз көмүрдүн ундай майдасын колдонобуз. Алайдын көмүрү эң жакшы жана арзан. Алайдан саткан жерден 40 тыйындан алсаң, очокко жеткиче чыгашасы 1 сомдон болуп калат.
Тынбай аракет кылып, 2 ай ичинде 280-300 миң киреше тапсаң болот. Апрель айынын башында бирөөгө очок курууга жардам берген элем, 2 айда 300 миң сом пайда тапканын айтты.

Бегайым Тажибай кызы
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
zhusubali
2016-08-26 15:11:51
жакшы бизнес экен
0
№ 555, 21-июнь-27-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан