КУМАР – ЧЕМПИОН!

18-июлда Бишкекте кикбокс боюнча КРнын Президентинин кубогу үчүн Эл аралык 4-мелдеш жыйынтыкталды. Бул жолу да чет элдик мушкерлердин кубокко ээ болуу тилеги таш каап, абройлуу сыйлык кайрадан өз мекенинде калды. Быйылкы мелдештин башкы каарманы 23 жаштагы Кумар Жалиев болду.

– Кумар, жеңишиң кут болсун! Айтсаң, ийгиликке ээ болушуңа эмне түрткү болду деп ойлойсуң?
– Чындыгында, даярдык жогорку деңгээлде болду. Ал жагынан машыктыруучуларым Александр Хусаинов менен Жанбулат Амантаевге ыраазычылыгымды билдирем. Негизи, мындай “сегиздик” (кубок үчүн 8 атаандаш өз ара мушташып, биринин артынан бири “учуп” отуруп, чемпион бир күндө аныкталат) мелдеште мушташ катары менен болгондуктан, чарчап калбоо чоң мааниге ээ. Андыктан менин бийик тоолуу аймактарыбызда машыгууларды өткөргөнүмдүн зор пайдасы тийди.
– Атаандаштарың жөнүндө кабарың бар беле? Кимиси менен болгон беттешиңди белгилеп кете аласың?
– Кабарым жок болчу. Бир гана өзбекстандык Ахмед Алимбековду билчүмүн. Мурда ал башка салмакта рингге чыгып жүргөн. Жарым финалда дал ошол мушкер менен болгон беттешүү ыңгайсыздык жаратты. Анткени анын мушташуу стили башкача болуп, мага “неудобный” атаандаш болду. Ошентсе да мен ага караганда тыкан, жыйнактуу аракеттенип, жеңүүчү аталдым.
– Анан дагы бир атаандашың бар эле. Тилекке каршы, клубдашың Ален Офойо жаракаттын айынан мелдешке катыша алган жок. Кандай ойлойсуң, эгер ал катышса, сенин чемпион болуу мүмкүнчүлүгүң канчалык болмок? Реванш ишке ашат беле?
– Эми мен айта албайм. Аны ринг көрсөтмөк. Эгер экөөбүз туш келип калсак, жеке мен колумдан келишинче жеңип чыгууга аракет кылмакмын. Анткени башынан эле чемпион болууну максат кылып, мыкты машыккам. Эң башкысы, кубок Кыргызстанда калды.
– Күйөрмандардын колдоосу байкалып жаттыбы?
– Албетте. Ансыз болбойт го. Атымды атап, алга сүрөгөндөрүнөн бери угуп, көрүп турдум. Болгону, рингге киргенден кийин атаандашымдан башка эч ким көрүнбөй калды. Менин жеңишиме Спорт Ордосунда чогулган мекендештерибиздин колдоосу чоң жардам берди десем жаңылышпайм. Аларга рахматымды айтам.
– Финалда атаандашыңды нокаутка учуратып, сага жеңиш алып келген соккуну алдын-ала даярдап койдуң беле?
– Жок, финалда каршылашымды нокаутка учуратам деген ой жок болчу. Беттештин эрте аякташын күткөн эмесмин. Негизи эле алдын-ала антип даярданууга болбойт. Рингде күтүлбөгөн жагдайлар болуп кетиши мүмкүн. Болгону, ошондо колум менен сокку узаткандан кийин анын бети ачылып калганын көрүп, тээп калдым. Баары автоматтык түрдө болуп кетти.
– Калыс сени жеңүүчү деп атаганда кандай сезимдер болду?
– Ошондо баары артта калып, баары ойдогудай аяктаганын түшүндүм. Желкемен оор жүк түшкөндөй эле болду. Сүйүнгөнүмдөн өзүмө “эми жылмаюуга болот” дедим.
– Кезинде бул кубокту уткан Руслан Абасов менен Канат Сыдыгалиевдердин катарына кошулуу кандай экен?
– Атактуу спортчулардай болуп бул кубокту утканыма аябай кубанычтамын. Бирок мен алардын катарына кошулдум деп айталбайм. Ал үчүн биз башка ири эл аралык мелдештерде чемпион болушубуз керек. – Жакынкы пландарың тууралуу айта кетсең...
– Жакынкы күндөрү Ысык-Көлгө барып эс алып келүүнү пландаштырып койгом. Анан кайра эле машыгууга чогулабыз. Август айында Азия оюндары, күзүндө Дүйнө чемпиондугу күтүп турат. Азыркы учурдагы башкы максатым – Дүйнө чемпиону болуу.
– Анда эмесе ушунуңдан жазбай, эл аралык мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретип жүрө беришиңе тилектешпиз!

Кума тууралуу

  • Жалиев Кумар Эсенбаевич 1986-жылы 10-февралда Ош шаарында төрөлгөн.
  • Бою180 сантиметр, салмагы75 килограмм.
  • Лакап аты – Кума
  • Кикбокс сүйүүчүлөр арасында Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону (Украина-2003, Марокко-2005), WAKO версиясы боюнча Азия чемпиону (Бишкек-2004), профессионалдар арасында кикбокстун WBKF версиясы боюнча Евразиянын чемпиону (Варшава-2008), КРнын Президентинин кубогунун ээси (2009).
  • Бойдок Учурда Бишкекте жашайт.

КРнын Президентинин кубогунун чемпиондору

Базарбек Абдураимов
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 351, 24-30-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан