КАГЫЛАЙЫН ОРУН БАСАРЫМ...

«Сахнада кооз кийинип, обон созгон жылдыздар үйдө кандай эне, кандай жар болду экен? Алардын балдарычы?» деп көп кызыгабыз. Андыктан атактуулардын ишенген тоосу болгон уулдарын жана сырдаш кыздарын сиздерге тааныштырабыз.

Алина Жетигенованын кызы Азель:«КЫЗДЫН ТӨРКҮНГӨ ТЕЗ-ТЕЗ КАТТАГАНЫ ТУУРА ЭМЕС ГО»

Толук аты-жөнү – Азель Чилетирова
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 18-март
Туулган жери – Бишкек
Учурда – Үй кожойкеси

– Азель, кичинекейиңде тентек кылганда апаң кантип жазалачу эле?
– Мен дээримден жоош кызмын. Апам кандай гана эскертүү бербесин, эмкиде ошол катаны кайталабаганга аракет кылчумун. Апамдын бизди абдан катуу сабаган учуру болгон эмес. Шоктук кылганда урушкандын ордуна «мейли эми, баласың да» деп аяп калчу.

– Кандайча бийди тандап калгансың?
– Бала чагымдан эле Шакира, Ашер деген ырчылардын бийлегенине кызыкчумун. Дал ушул ырчылар менин бийчи болуп калышыма түрткү болушту. Эми, буюрса, ушул жылдан баштап ырдап чыксамбы деп турам.

– Апаңдын сен үчүн көз жаш төккөн күндөрү болду беле?
– Менин жамандыгыма эмес, жакшылыгыма сүйүнүп ыйлаган учурлары болгон. Мисалы, мени күйөөгө узатып жатканда аябай ыйлаганы көз алдымда калды.

– Жолдошуң да бийчи эмеспи, кандайча табышып калдыңар?
– Экөөбүз эки башка бий топторунда бийлечүбүз. Кызыгы, эки топ бири-бирине атаандаш эле ошол убакта. Концерттерде, фестивалдарда жолукканда жолдошум Куба көз кырын салып, акырындан кепке тартып калчу. Ошентсе да унчукпай, билмексен болуп кыз кылыгын кылып жүрдүм. Экөөбүз тил табыша баштагандан тартып Куба да мага жагып, мен да көргөн жерден көз кысып койчумун. Кыз-жигит болуп жүргөнүбүздү укканда топтогу бийчилер каршы чыгышкан, «биздин атаандаш менен сүйлөшпөй эле койбойсуңбу...» деп.

– Уулуң эки жактын тең тун небереси болсо керек...
– Ооба, эки жактын тең көптөн күткөн таттуу небереси. Азыр 1 жашка чыгып калды, атасынын эле өзү.

– Кайын журтуң да белгилүү адамдар, алардын көңүлүн алуу кыйын болгон жокпу?
– Кайнатам менен кайненем «Жаш кыял» бий ансамблинин жетекчилери. Алар да бий дүйнөсүндө өсүшкөндүктөнбү, заманбап көз караштагы кишилер. Кайындарым менен жакшы мамиледемин. Башкалардай болуп «жоолук салынып жүр, шым кийбе» деген чектөөлөрдү койбойт. Ошентсе дагы үйдөн жоолугумду башымдан түшүрбөйм. Жадакалса сыртка чыгып, конокко барганда да узун көйнөк кийип, жоолук салынып алам. Муну сыйдын белгиси деп кабыл алам.

– Азыр төркүнүңө тез-тез барып турасыңбы?
– Анда-санда эле барам. Көбүнчө телефондон сүйлөшөбүз. Кыздын төркүнгө тез-тез каттаганы туура эмес го.

Гүлзат Байзакованын уулу Камбар:«БАЛКИМ, КАНЫКЕЙ ЭКӨӨБҮЗДҮН ДОСТУГУБУЗ СҮЙҮҮГӨ ӨТӨР...»

Толук аты-жөнү – Камбар Календаров
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 6-июль
Туулган жери – Бишкек шаары
Учурда – Улуттук консерваториянын 5-курсунун студенти

– Камбар, Гүлзат эже үйдө кандай кожойке?
– Апам абдан тез кыймылдап, үй жумуштарына, өзүнүн ишине, иним экөөбүзгө акыл-насаатын айтып тарбиялаганга, баарына жетишет.

– Үйдө кыз жок болсо, Гүлзат эже гастролдоп кеткенде оокаттын баары иниң экөөңөргө калат экен да...
– Андай иштерди иним жасашы мүмкүн. Мен үй жумуштарына аралашпайм деле. Таякемдин кызы биздикинде жашайт. Азыр үй иштерине ошол жардамдашат.

– Баласы чоңойсо деле энеге кичинекей көрүнө берет эмеспи. Кантип эркелетет сени?
– Көп деле эркелетпейт. Кээде гана менин ийгиликтериме кубанганда «Камбарчигим, менин уулум» деп бетимден өөп койгону эле болбосо.

– Апаңдын сени катуу жазалаган учуру эсиңдеби?
– Жок, акырын эле сөз менен айтып койчу. Эгер чектен ашып баратсам, чыбыкты ала калып тап берип койсо, кирерге жер таппай калчубуз. 7 жашка чейин чоң ата-чоң энемдин колунда өстүм. Ошондуктан атам менен апам катуу айтып койсо эле аларга даттанып барсам, мага болуша беришчү.

– Учурда эмне менен алексиң?
– Окуудан тышкары кафе-клубдарда музыкант болуп иштейм. Бош убакыт боло калса обон жазганды жакшы көрөм. Анан достор менен балык уулаганы барып турабыз.

– Ырчы Каныкей интернеттеги жеке баракчасына сенин сүрөтүңдү «Воспоминание» деп илип койсо, ага Аскат Мусабеков «сенин экс-жигитиң» деп жазып кетиптир. Ошондо Каныкейди Гүлзат эжеге келин кылганы жатасыңбы?
– Каныкей экөөбүз Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеде чогуу окуганбыз. Ошол жактан таанышып, учурда жакшы достордонбуз. Ошон үчүн жазган го.

– Достуктан сүйүү жаралып калышы мүмкүнбү?
– Балким, сүйүү жаралып, ошондой болор, балким, достуктан ары өтпөйт чыгарбыз, аны убакыт көргөзөт.

– Улуу баласы болсоң, Гүлзат эже үйлөн деп айтып жаткандыр...
– Ооба, жарым жылдан бери эле үйлөн деп айтып келатышат. Бирок мен азырынча үй-бүлө курганга даяр эмесмин.

– Сенин да ырчы болушуңа ата-энеңдин таасири чоң болсо керек...
«Алма сабагынан алыс түшпөйт» демекчи, мен да ата-энемдин өнөрүн улап, чыгармачыл адам болдум. 3-класста окуп жүргөндө эле үйдөгүлөр музыкалык мектепке фортепианого берип коюшкан. Ошондон тартып эле музыка дүйнөсүнөн чыга албай келем.

Алтынай Нарбаеванын кызы Акмарал:«КЕЧКИ СААТ АЛТЫДАН КЕЧИКСЕК, ҮЙГӨ КИРМЕЙ ЖОК»

Толук аты-жөнү – Акмарал Акматова
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 4-август
Туулган жери – Бишкек шаары
Учурда – КМЮАнын 5-курсунун студенти

– Акмарал, Алтынай эже сыртынан аябай сүрдүү көрүнөт. Иниң экөөңөрдү катуу кармаса керек...
– Мына 21ге толдум. Ушул убакка чейин апам бизди бир да жолу чаап же сабаган эмес. Ал абдан чечен, сөздү таап сүйлөгөн айым. Эгер туура эмес иш кылып койсок, чучукка жеткен сөздөрүнөн акырын айтып коёт. Анан көпкө чейин кыжалат болуп жүрө бер да. Кээде мындан көрө бир чапса деген да ойлор келет.

– Апаң катуу урушуп коюп, көпкө чейин таарынган учур болду беле?
– Ооба, андай учурлар болот. Бирок бир аз таарынып, анан кайра бат эле жазылып кетем. Барып апамды катуу кучактап, маанайын көтөрүп коём. Анткени ата-эненин айтканы бала үчүн мыйзам болушу керек.

– А сен апаңды капа кылып алсаң кантесиң?
– Жакында бир окутуучум «Сен Алтынай Нарбаеванын кызы эмессиңби?» деп сурап калганынан жок деп койгом. Аны үйгө келип апама айтсам, «Чынын эле айтпайсыңбы же менден уяласыңбы?» деп таарынып калса болобу! Таарынычын араң жазгам.

Сенде кандайдыр бир маселе жаралганда ырчы айымдын таасири менен чечесиңби?
– Апамдын атын колдонуп иш бүтүргүм келбейт, бирок майда иштерде жардамы тиет. Мисалы, тиш доктурга кире турган болсом, апам чалса, кезексиз эле киргизип жиберет.

– Бой жетип калыпсың, ырчы айымга куда болобуз дегендер чекеден чыгып жатышабы?
– Ооба, андайлар бар. Өткөндө апам «бир досторубуз сени келин кылып алалы деп жатышат, баласы да абдан тың экен» деп калды. «Мени күйөөгө эле бере албай жатасызбы?» деп таарынымыш этип койгом. Чынында, азырынча билим алып, иштеп, жашоого бышканда гана үй-бүлө курам. Апама да бул оюмду айткандан кийин күйөө темасын козгобой калды.

– Бош убактыңда кандай эс аласың? Чарчаганда бийлеп чер жазып, түнкү клубдарга барып турасыңбы?
– Кээде гана барбасам, көп деле андай ызы-чууну жактыра бербейм. Анын үстүнө апам иним экөөбүзгө «үйгө кечки саат алтыдан кечикпей келиш керек» деген шарт коюп койгон.

– Өзүң эмнеге кызыгасың, ошону кыскача айта кетсең...
– Кичинемден баштап гимнастика менен алектенем. Детектив чыгармаларды көп окуйм.

Асел Асанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
AFRODITA-89
2013-06-24 13:34:48
Алтынай эженин кызы аябай сулуу экен. Алина эженин кызы Азель мурункудан озгоруп кетиптир бир аз жудоондой. Билеп журон убагында башкача корунчу эле же макияжданбы...
0
ХАНЗАДА
2013-06-24 15:14:21
Каныкей менен Камбар кыз-жигит болчу:) Азыр суйлошпой калышкан, бирок жигиттин дале конулу бар окшойт, балким достуктан суйууго дегенине караганда.
0
jamiyla
2013-06-24 16:20:33
Yrchy ejekeleribiz ozdoru dele suluu go anan kantip kyzdary suluu bolboi kalsyn?!
0
jonsons
2013-06-25 09:57:34
Гулзат эжекебиз имиджин озгортсо жакшы болмок чачын кесип эмес, жон гана челкасын остуруп артына тарап. Ырчы эжкелерибиз учоо тен сулуу биринен бири отот, а Гулзат эжекенин фигурасы анча мынча кыздардыкына караганда идеальный.
0
Positive
2013-06-25 20:20:00
Altynai ejenin kyzy suluu eken, birok al 21ge emes 22ge tolotgo tuulgan jyly 1991-j 4avgust' bolso. baaryna bekem den-sooluk, ui-buloluk bakyt!
0
altinim
2013-06-26 14:44:15
гулзат эженин уулу красапчик экен жакты олло
0
kymixo
2013-06-29 19:29:51
Камбар мага аябай жакты :-) ,Алтынай эжебиздин кызы красавицаго,коз тийбесин :-)
0
№ 555, 21-июнь-27-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан