ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

(Башы өткөн сандарда)

Ромага шоу-бизнестин түнкү жортуулун көрсөткөн Асман жигитин жетелеп кетип калды. Муну менен ал өзүн ак көрсөткүсү келбеди, ошол эле убакта ушактын жетегинде да калбады. Жөн гана айрым өзүн жылдыз сезип, көчөдө башка, тар чөйрөдө башка болуп көрүнгөн жасалмалуулукту, «иттин өлүгү» толгон интригага бай чөйрөнүн жүзүн ачып бердим деп ойлоду. Бир жума өткөн соң бар балээнин баары башталды. Рома да тың да, артынан ээрчип жүрүп сүрөткө тартып, жылдыздардын кебин угуп калган эле, шыпылдап жазып чыкты. Жамандап жазбаса да, өкүртө сындап, көгөртө чымчып, сүрөттөрүн чыгарганда эле көпчүлүк «о, кокуйлап» калышты. «Буларыңдын жүргөн жери, сүйлөгөн сөзү ушул турбайбы» деп. Бул окуянын башында ким турарын алгач аңдабаган артисттер, айрыкча өздөрү тууралуу сын айтылган жаштар кабарчыга тиш кайрап, кээси «көргөн жерден муунтам» деп жулунса, кай бири «зато пиар болду» деп үн катпады. Болбой ич ара изилдеп алышты, «жеткен куу экен го, ошондо Асмандын кылганыбы бу?». «Жок» дейт бирөөсү, «ал жалгыз жасай алмак эмес, буга башка бирөө акыл болду. Өзүн акташ үчүн да биздин көшөгө артындагы көмүскө жашоону көрсөттү да» деп ачууланып чыгышты. Мурунтан эле анчейин аралашпай, алтынчы асманда жүргөн ырчы кызга бул кеп ашыкча эле. Ай өтүп Адилет да чет жакка жумуштар менен кетти. Ал ачып берген бизнесин Асман мизилдетип жүргүзүп келет, ким эмне дейт, ал тууралуу баш ооруткусу да келбейт. Бир күнү жумушта отурса, бир ырчы мырза келип калды.
– Оо, кандай? Сенсация жараткыч!
– Салам! Көрүшпөгөнүбүзгө жүз жыл болду го, не жоголуп?
– Эй, алтышка, жүрөм да кыбырап,- деди жигит улутунуп.
– Сен тиги «апаңдын» тосулган бутунан өтө албай жүрөсүңбү дале?
– Ооба да, продюсермин деп алганда күйөсүң киши, жөн эле отсуз түтөйм да. Кайда барба, бууп коюптур. Мурда жакшы иштешип жүргөндөр деле саламга келбейт. Бирок мен жаңы дем менен чыгып жатам, Кудайга шүгүр, талант бар, ырымды эл жатка билет.
– Ошент, алардын бууганга көп болсо бир жылга күчү жетет, а сенин ырыңды бешиктеги бала деле билет. Өткөндө бир жерден продюсериңе жолугуп калдым, мурдагы. Каратып туруп шыбайт экен сени. Эби келеби-жокпу, элге желмогуз көрсөтөт экен да. «Аны мен жылдыз кылгам, бир көйнөгү жок келген мага. Мен кылгам, мээнет меники, телевидениеде иштеп, ошондон пайдаланып мен чыгаргам» дей эле берди.
– Ал алты жылдан бери ошол сөзүн айтып бүтпөдү, укмуш тажаал аял экен. Аял менен айтышпайын деп тилимди тишиме катсам деле дале жаагын жаппайт. Бир күнү жарылам, башка ырчылар деле андан запкы көргөн, топтолобуз да, талкалап салабыз ал катынды.
Асман бул ырчы жигит менен ырдап чыккандан 2 жыл мурун таанышкан. Ошондон бери жакшы санаалаш болуп жүрүшөт. Бүгүн келип, бугун төгүп кетти жигит. Чынында элге билинбегени менен, ар бир кесиптин тоодой түйшүгү бар. Артисттердин жашоосу деле укмуш дейсиңерби. Ошол өнөрү менен нан таап, же тескерисинче, жасалма талант менен болсо да атак алган пенделер да. Асмандын ити чөп жеп турган маал. Жеке жашоосу да «жашоо малинадай» көрүнөт көпчүлүккө. Бирок ал деле адам, кайгырат, кубанат. Адилет жанында жандап жүрүп, жаман сөздөн оолактатты, кызга дем-күч берди. Мурункусун унутууга, эртеңкисин элестетүүгө сүрөдү. Бирок турмуш дегениң биз тарткан тарапка, биз бурган жакка оңойлук менен ооп, бурулуп калбайт экен. Чет жерге кеткенине бир ай болду, мурдагыдай күндө чалып же жазышпайт. «Мен биринчи чалмак белем, өзү чалсын» деп көгөрүп отуруп, Асман да аны көндүрдү өжөрлүккө. Адилет үч күндө бир чалат. Бул окуя болбогондо, балким, Асман телефонго жакындап, алыстагы жигитине биринчи болуп чалмак эмес. Бир күнү мындай окуя жүз берди. Ырчы айым адаттагыдай жумушуна кирип бараткан. Колун бөйрөгүнө таянып, кичинекей бала жетелеген аялды байкабады, өтө бергенде чачтан бирөө кармады.
– Ай...- деп артты карады.
Тааныбайт. Ачуусу келе түштү.
– Коё бер чачымды, келесоо эмессиңби?
– Азыр жулмалап таштайм, бети жок!
– Адамча сүйлө, мен жулганда жаман болосуң!
Экөө дагы канчага чейин чачташмак, ким билсин, Асман аялды чачтан кармап жулкулдаша баштаганда баласы ыйлап жиберди.
– Мама, урушпачы, мама.
Асман дароо тиги аялдын чачын коё берди, коркуп кетти баланын ыйлаганынан.
– Ыйлаба, сенин папаңды азгырган ушул шүмшүк.
Аял баласын урушуп, чачын оңдоп калды. Асмандын эсине эми түштү, Адилеттин аялы турбайбы. Балакай көзү бүтүйүп Адилеттин копиясы экен, боору ачый түштү.
– Мен азгырган жокмун Адилетти. И вообще то, Адилеттин никелеп алган аялы эмессиң сен! Анан не мага келип айкырасың?! Кыйын болсоң кармап албайт белең аны! Боюңда
болгуча мээңди иштетпейт белең! Түштөн кийин келип чачымды жулгудай сен кимсиң?!
– Хм, акыл үйрөтпөчү мага, уктуңбу?! Сендейлер үй-бүлөнү бузуп, балдарды тирүүлөй жетим кылып жатышат!
– Мен сага айтып жатам, жакшылыкча жогол! Балаңды аядым, болбосо азыр башкача сүйлөшөм, сенден күйөө талашчу мен эмес. Каалайсыңбы, Адилетиңди эгер эркиң жетсе өзүмдүк кылып ал, мага керек эмес!
Экөө көпкө айтышты, айымдардын уу сөздөрүн уккан адам жакасын кармап, чалкасынан кетмек. Катуу бакырып жатышканын көргөн кыздар чыга калып, Асманды ичкериге алып кетишти. Тиги аял арданган боюнча сүйлөнүп басып кетти. Асмандын муун-жүүнү бошоп, колдору калчылдап, жаман абалда калды. Колу кантип телефонго жеткенин өзү да байкабай калды.
– Алло, жаным!
– Жаным дебе мени! Тиги былжырагың келип нервиме тийип кетти, айтпайсыңбы мага жолобой жүрсүн!
– Ким, жакшылап түшүндүрчү, ким келди сага?!
– Балаңдын апасы дейм. Элдин көзүнчө айтпаган сөздү айтты. Эмне керек менден силерге? Алчуңарды алгылачы, мени жайыма койгулачы, жададым мен!
Асман андан ары сүйлөй албады, көзүнүн жашы он талаа болуп буулуга ыйлап кабинетинде отурат. Алыс жакта Адилеттин өзүнчө башы катты. Ошол убакта досу келип калды. Андан эч нерсе сурабай туруп эле:
– Барбы күчтүүсүнөн?
– Табабыз, таблеткабы?
– Жок, мен чегишим керек!
Ооба, байлык адам баласын эмне кылбайт, көптүрөт, ичтирет, чектирет. Айрыкча азыркы заманда көпөстөр ачуусун дароо «көк дары» менен басат окшобойбу...

(Уландысы кийинки санда)

Жаңыл Калыкова

Жакында...

ТАГДЫР ОЮНУ-3
Окурман, гезитибизде орун алып, кызыгуу жаратып келген «Тагдыр оюну» чыгармасы али аягына чыга элек. Үч муундун башынан өткөн сыноолордун эң толкундатуучу учуру эми келди. Мурун эгиз жигиттердин жүрөгү бир бийкечке байланса, эми өздөрүн бир туугандарбыз деп эсептеген Аскат менен Айданектин ууз сүйүүсү баяндалат. Эки жаштын сүйүүсү ата-энесиникиндей армандуу болуп кала береби же жеңип чыгышабы? Ал эми сүйүктүү каармандарга айланган Азирет менен Бегимайдын жолдору биригеби? Жооп жакында... Аз калды... Каармандарыңыз менен бирге болуңуз!

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
patma.mahmud-kyzy
2013-06-24 11:57:36
Ох соонун кабарго тагдыр оюнун чыдамсыздык менен кутомун батыраак чыгарыныздар, мен саргайып кетпейин.
-1
patma.mahmud-kyzy
2013-06-24 11:58:39
Ошо аягы анча тушунуксуз болуп бутуп калган эле, корсо аягына чыга элек турбайбы. Тагдыр оюну мага оло жагат да.
-1
Ulanbek1992
2013-06-24 12:19:52
Тагдыр оюнун коптон бери кутуп жатам..
0
mayoral
2013-06-24 15:04:45
Ммм...корсо Бакулянын куйоосу чегет турбайбы...
0
tea23
2013-06-25 00:49:49
mayoral, munusu rossiyada ishtegeni bolso kerek. Kuyoosunon murunkisu
0
Barchun
2013-06-27 13:04:10
tea23, Чын эле
0
Barchun
2013-06-27 13:03:18
mayoral, Ким билет менимче чекбейтко
0
sara90
2013-06-24 15:24:33
yraaaaaa... men jakwy korup okugan chygarmanun ulandysy chygat eken ....kutomun chydamsyzdyk mn
0
eka555
2013-06-24 15:49:27
негедир бул чыгарманы окуган сайын Бактыгул Бадываны элестете берем, а жанагы уйлонуп алган ырчы жигит Урмат менен Неля болсо керек деп ушул уч каарманды жана башка жылдыздарды элестетип окуй берем. ото кызыгуу менен окуйм.
0
ruslanwww
2013-06-24 16:40:38
kyzyktu bolup baratat emki sany 4yky4a jurok orlu bolup kalat okwoibuz of
0
eliza89
2013-06-25 00:06:29
эмнегедир тиги ырчы жигитти мирбек иманбеков,султан садыралиевдердей элестеттим.алар да бир убакта продюссерлери менен урушушту эле го.
0
tea23
2013-06-25 00:50:59
eliza89, men da oshentip elestettim. Dinara esengulova bele
0
eliza89
2013-06-25 01:17:27
ооба,эгер ал болбосо асыл апасова.экоо ошол убактагы продюссерлер.бактыгул ошондо экоонун бирин тажаал аял деп атаптыр да э)))
0
jasko
2013-06-25 09:37:36
Чын эле,Бактыгул Бадыеванын апасы-Токтогулдан(тундуктон),атасы-Сопудан(туштуктон).Баягындай эле апасы Бактыгулду алып баса берген.
-1
janys
2013-06-25 12:49:52
Тагдыр оюнун чыдамсыздык менен кутооом...
-1
gulay78
2013-06-25 14:46:36
Жакшы экен тагдыр оюну буто элек! Мен аябай кутуп аткам уландысын
+1
N.Bakazova
2013-06-25 16:51:09
Ertereek bul serialdy buturolu da , tagdyr oiunun erte okuilu . Oto kyzyk bolup jatat.
+1
Tomega
2013-06-28 18:14:22
Мага бул чыгармага караганда "тагдыр оюну" кызыктуурак болуп жатат.Эртерээк башталса экен.
0
detective
2013-06-30 18:58:11
башында жакшыле кызыгып окуп келаткам. кийин Бактыгуль дегенди угуп калып окубай койдум. эмнегедир жаман кором ошол кызды. До+Фа деген кинодогу ролу чыныгы жашоодогу характерине окшош болуптур
0
№ 555, 21-июнь-27-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан