Кыргыздын салттары абдан көп, бир жердин салты экинчисиникине окшошпойт. Ошондой кызык салтка туш болгон маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрүн биз кепке тарттык. Өмүр бою эсте калган кулак чойгон балдыздар, көшөгө шыкаалаган жеңелер жөнүндө алар каткырып эстеп кетишти.
Тынар Курбаналиев:«ЖЕҢЕЛЕРИМ МЕНДЕН КОЛ ТАМГА СУРАШКАН»
– Аял ала берсең да жаман турбайбы, башың айланып калат экен (күлүп). Мен азыркы жеңеңерге үйлөнүү алдында аябай катуу даярдангам. Кыргыздын көп кызык салттары бар эмеспи, дээрлик баарын колдондук. Баарынан да балдызымдын кулак чойгону эсимден кетпейт. 100 сом берсем ичи чыкпады окшойт, кетпей туруп калды. Тамашалап «өзү кулагым арзан эле, 80 сом турат, үстүнө сага деп 20 сом кошуп берип жатам» десем күлүп тим болду.
Эң кызыгы, жеңелер узатып жатканда башкаларды сыйлап, майда-чүйдө карматып узатышат экен. Менин жеңелерим менден өлүп-талып кол тамга сурашкан. Мен да концерттен чыккандай болуп уялбай коюп бергем. Бут кийимимди да бекитип коюшуптур кыйындар, кетерде таппай тайсалдап ары бастым, бери бастым. Анан боору ооруп кетти окшойт, бекер эле алып чыгып беришти. Кыңк этпей кийип алып келе бергем (күлүп).
Мүзүр Мамбетов:«БЕЛИБИЗДЕН СУУ КЕЧКЕНБИЗ»
– Жубайымды ала качып алгам да, ал убакта Таласка Жамбыл тараптан барчубуз. Өчөшкөнсүп жол жабык экен, машинаны токтотуп коюп, белибизден келген сууну кечип өтүп барганбыз. Азыр ойлосом, жубайым мени ушунчалык сүйчү экен да (күлүп). Башкалар машинадан секирип качышчу эле, меники өзү кошулуп суу кечкен.
Анан апам илген ак көшөгө бар. Ал өзүнчө бир окуя. Ырымыбы же салтыбы, түшүнбөдүм. Апам Гүлмирага бир жыл көшөгөнү чечтирбей койгон. Көшөгөбүз чынында эле көгөрмөк турсун, көк басып кеткен болуш керек (күлүп).
Эмил Балтагулов:«БУТ КИЙИМДЕН АЙРЫЛЫП КАЛА ЖАЗДАГАМ»
– Келинчегимдин үйүнө барарда жеңелерим «бут кийимиңди абайла» деп кулагыма жакшы эле куюшкан. Атайын тарттырып жибербейли деп аны баштыкка салып, төрдөгү терезеге алпарып койдук. Антип-минтип кетер маал болгондо досторумдун бардыгы бут кийимдерин таппай чаң-тополоңго түшүп калышты. Биздики төрдө деп кыйын болуп карасак, балдыздарым жаңы эле экинчисин уурдап жаткан экен, кармап калганбыз.
Анан кызды үйдөн узатарда малдын өпкөсүн жеңелер жаш жубайлардын далысына чабыш керек экен. Ошол ырымынан соң экөөбүзгө баары жабылып акча кыстарып башташты. Аны болсо эки тараптын жеңелери чогултуп алышат тура. Байкуш менин жеңем андайды билбейт да. Жубайымдын жеңеси шыпылдап акчанын баарын терип кирди, меники болсо турат унчукпай. «Ай, албайсыңбы, акчаларды» десе, сүйүнүп кетип жатпайбы «ии, ушунун баары магабы?» деп. Ошентип, жубайымдын жеңесине көп акчаны алдырып койгонбуз.
Борончу Кудайбергенов:«ЭЛГЕ КОШУЛУП ТӨРГӨ ЧЫГЫП ОТУРУП АЛГАМ»
– Жубайым экөөбүз сүйлөшүп эле жүргөнбүз. Анан «кел, үйлөнөлү» десем, кылыктанып унчукпай койбоспу. Достор менен кеңешип, алып качмай болдук. Бир күнү туулган күнгө чакырып, түнү бою ырдап-чоордоп отурдук. Эртең менен жумушуна кечигип калсын деп саатты 2 саат артка жылдырсам, досум аны дагы 1 саат артка бурап коюптур. Адамды шерменде кылып түнкү 3тө эле таң атып калса болобу. Аны көрүп жеңеңер «саатыңар токтоп калган турбайбы» деп жөнөп калды. Чыйпылыктап «жеткизип коём» дегенге өттүм. Ал убактын кычыраган унаасы Волга эле да, ага куурчакты отургузуп, шарларды байлап тойдогудай кылып даярдап койгонбуз. Азыр эстесем боорум эзилет. Машинаны көрүп, «бирөө жарым үйлөнөбү?» деп сурап коёт байкушум. «Аңчылыкты» ага карай кылганыбыздан кабары жок. «Досумдун тою эле» деп алдап отургузуп, зуулдаган бойдон үйгө алып барганбыз.
Ачуу басарга барбайбызбы, кайындарымдыкына. Ат-Башыда күйөө бала кызын ала качканы үчүн 2-3 саат үйгө кирбей сыртта турушу керек экен. Аны мен билбейм да, элге кошулуп төргө чыгып тамак жеп, курсак кампайтып отурам. Кайындарым мени таанычу эмес, күйөө жолдош окшойт дешиптир. Бир маалда эле бир жеңем «койгула эми, суукта тоңуп калбасын, чакыр күйөө баланы» деп жатпайбы. Акыбалымды айтпай эле коёюн, бирөө каткырып калды «аныңар элден мурда кирип алган» деп. Үч бажабыз, эң эркеси мен. Тигилер тыбырчылап иш кылып жатканда, мен кайнатам менен карта ойноп отурчумун (күлүп).
Бакыт Осмонканов:«КЕЛИНЧЕГИМ ЭКӨӨБҮЗДҮ ЭЧКИ АЙЛАНДЫ»
– Сүйүктүүм экөөбүз 9 жыл кыз-жигит болуп жүргөнүбүз менен, кайната-кайненемди той күнү гана көрдүм. Жубайым Ош тараптан, ал жактын салттары сонун турбайбы. Жалгыз балдызым бар, кулагымды ой чойгулады го, 1000 сомду кармата салдым, ыраазы болду окшойт (күлүп). Анан эсимде калганы, жаш жубайлар кыздын үйүнөн чыгып бараткандагысы. Келинчегимдин белине нан байлашып, анан экөөбүздөн эчкини айлантып жатышты. Аябай күлкүм келди. Чынын айтсам, эч нерсени түшүнбөй эле, өзүмчө токчулук болсун, мал бассын деген мааниде окшойт деп койдум. Күйөө баланы сыйлап астына калың төшөк салмай деген салт бар экен, мага ушундай бийик кылып салышты, ошол аябай жакты (күлүп).
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg