БАКА ЖАЛБЫРАК

Илгери, илгери алыскы бир айылдын четинде, шар аккан суунун жээгинде жалгыз Жалбырак өсчү экен. Бир күнү суудан чыгып, «квак-квак» этип үн салган Бака анын жанына келип эс алып отуруп калат. Баягы Жалбырак жанына келгенге:

— Салам! Сен кимсиң?
— Салам! Сен мени менен сүйлөшүп жатасыңбы?
— Ооба.
— Мен Бакамын. А сенин атың ким?
— Мен… Мен атымды билбейм. Көп жылдан бери ушул жерде өсөм. Бирок эч ким менин атымды атаган эмес. Тиги өйүздө мага окшогон жашыл жалбырактуу чөптөр көп. Мен да алар менен бир жээкте өсүүнү каалайм. Бирок суудан сүзүп өтө албайм да,- деп ыйламсырайт. Муну уккан Бака:
— Кел, экөөбүз дос бололу. Мындан ары мен сага күндө келип турам.
Ошентип, арадан бир топ күн өтөт. Баягы Жалбырак дагы деле аркы өйүзгө сүзүп өтүүнү эңсеп келе берет. Муну байкаган Бака Жалбыракка боору ачып:
— Кел, мен сени аркама көтөрүп, суунун аркы жээгине өткөзөйүн,- деп сунуш киргизет. Жалбырак дароо макул болот. Бака аны айтканындай аркасына көтөрүп, суудан өткөрүп
коёт.
— Таанышып алгыла, бул менин жалбырагым,- дейт Бака бакылдай. Мындан ары силердин араңарда өсөт.
Жээктеги чөптөр аны Баканын жалбырагы деп жылуу кабыл алышат. Баягы жалгызсыраган Жалбырак эми Бака жалбырак деген атка конуп, ошол күндөн ушул күнгө чейин өзүнө окшош жашыл чөптөрдүн арасында жашап калган экен.

Салтанат Мукасова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Amanbolotbekov_97
2013-06-29 00:26:23
Jakshy jomok eken
0
№ 555, 21-июнь-27-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан