«АКЧАМ КАЛБАЙ КАЛГАНДА...»

«Капчыгым бош акчам жок,
Кандай айла кыламын?
Кайран курсак курулдап,
Карыздап акча таппадым»,- деп кайсы бир студент партанын үстүнө чиймелеп кеткени бекер болбосо керек. Турмушта мындай абалга бардыгы эле кабылган десек жаңылышпайбыз. Бул өңдүү кыйынчылыкты учурда бардар деп эсептелинген белгилүү инсандарыбыз да баштан кечиришиптир.

Аскар Салымбеков

– Акча каатчылыгын 1-курста окуп жүргөндө сездим. Жатаканада кыздардын бышып жаткан тамагын уурдап же калп эле китеп сурамыш болуп бөлмөсүнө кирип, курсакты тойгузган күндөр да болду. Анан 2-курстан баштап “кой, минтип жүрө берсем болбойт” деп дүкөнгө кароолчу болуп ишке орношуп алдым. Ошондон баштап ичкен-жегениме акча кенен жетип калды.

Керим Турапов

– Ой, акча жок күндөр башымдан көп өттү. Акчанын айынан сабактан кийин кечкисин кароолчу, эртең менен короо шыпыргыч болуп иштечүмүн.
Бир жолу уурулукка да бардык. Курсак абдан ачып, студенттердин ашканасына эки дос бала менен кирип калдык. Эки досум абдан тың болчу. Бир маалда алар тааныштардын бөлмөсүнөн жумуртка уурдап, менин пальтомдун чөнтөгүнө салып жатышпайбы. Көрсө, өзүлөрүнүн чөнтөктөрү жок экен. Ошондо менин бетимдин кызарганын айтпа. Кайра чөнтөктөн алып чыгайын десем, уят болом. Ошол эки жумуртканы үч бала бөлүшүп жегенибиз эсимден кетпейт.

Гүлнара Тойгонбаева

– Акча тартыш болгон күндөрдү студент кезде көп өткөрдүм. Бир жолу капчыгымда болгону 1 рубль калыптыр. 10 күндөй курсакты эптеп тойгузуп туруш керек эле. «Тигиге тартсам буга жетпейт» дегендей. 10 күндүк азык-түлүк алуу үчүн 1 рубль алып, базарга бардым. Карасам, килограммы 10 тыйындан помидор сатылып жатыптыр. «Кудай мындай бербестир» деп, болгон акчама 1 чака помидор сатып алып, 10 күн жалаң помидор жеп жашагам.

Канат Бегалиев

– “Боло берет турмушта, особенно кыргызда” дегендей, чөнтөгүмдө “шамал ойноп” калган абалга бир топ эле жолу кабылдым. Мындай учурларда досторуңдан, тууган-туушкандан карыздап калат эмессиңби. Бирок мындан эки жыл мурун акчам жок калып, досторуман да карызга тапкан жокмун. Айлам кетип, кымбат баага сатып алган чөнтөк телефонумду ЦУМга барып 3000 сомго өткөзүп, абалдан чыккам.

Динара Эсенгулова

– Студент кезде жатаканада үч кыз чогуу жашадык. Бир жолу тамак-ашыбыз жок калды. Чөнтөктөрдү карасак, 15 сомдой эле чыкты. Бул акчага бир нерсе алып жейли десек, эртең ачка калчудайбыз. Стипендия алгыча эки жума эптеп жашаш керек эле. Анан базарга барып 1 килограмм ун, ачыткы алып келип, нан жасадык. Нан саткан аялдардын арасына отуруп алып, уялып, араң нан саттык. Ошентип, нанга гана акча таппастан, картошка, кесмеге да акча иштеп алганбыз. Кийин деле көп кыйналдым. Бир жолу батирге төлөгөнгө акча таппай, эжемдин үйүнө жашаганга туура келди. Ал күндөр өттү. Кыйынчылыкта чөгүп кетпей чыдап койсоң, кийин билинбей калат экен.

Динара Молдошева

– Бир жолу студент кезде окууга шашып баратып, жолдо жүрүү билетимди үйгө унутуп коюптурмун. Троллейбустан түшөрдө эле кайсалап таппай калдым. Же жанымда бир тыйын болсочу. “Эмне болсо, ошо болсун” деп акырын арткы эшиктен чыгып кеттим. Өзүм түшкөндөн коркуп, курбумду да мындай “кылмышка” тартканым эсимде. Анан “зайчик” болорун болуп алып, бир күн өзүмдү жаман сезип жүргөм. Андай учурлар азыр деле болуп калат. Жакында эле капчыгымда акча жок калып, акча чогулткучтагы тыйындарды алууга мажбур болдум.

Султан Раев

– Бөтөлкө чогултуп өткөзмөй биз студент кезде акча табуунун кеңири тараган түрү болчу. Бир жолу туулган күнүмдө акчам жок же өткөзгөнгө бөтөлкө жок. Туулган күндү балдар менен майрамдап койбосо болбойт да. Ары-бери басып жүрсөм, бир дүкөнгө арак түшүрүп жатышыптыр. Жакын барып, жардам берүүнү сунуштасам, макул болшту. Анан бир КамАЗ арак түшүрүшүп, акысына бир бөтөлкө арак алгам. Ошентип, туулган күнүмдү достор менен ортого бир бөтөлкөнү коюп алып белгилегенбиз.

Назира Жетигенова

– Акчам калбай калып, айла кеткен күндөрүм көп эле болгон. Айрыкча студенттик күндөрдө. Анда жатаканада жашачумун. Бир жолу курсагым курулдап, аябай ачка болдум. Чөнтөктөрүмдү аңтарып, бир да сом таппай койдум. Анан “ачкадан өлмөк белем” деп бөтөлкө чогултмай болдум. Бир баштык бөтөлкө чогултуп өткөрүп, эки нан, бир кукси алып, курсакты кампайткам.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 351, 24-30-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан