КРнын Эл артисти Керим Турапов:«МЕН КЕТСЕМ ФИЛАРМОНИЯ ЖОК БОЛУП КЕТЧҮДӨЙ ТУЮЛЧУ»

1959-жылы Кара-Суу районунда жарыкка келген ымыркайга ата-энеси Керим деп ысым ыйгарган. Ал наристе учурда кыргыздын кыйырына таанымал Керим Турапов. Агабыздын «апам жапкан нанды сагынам...» деген ыр саптарын кайсы кыргыз билбейт...

– Керим ага, акыркы учурда эмне менен алексиз, көп көрүнбөй калдыңыз?
– Көрүнүп, билинип эле жүрөм. Концерттерге катышып жатам. Жакында эле консерваториянын мамлекеттик экзамендеринде комиссиянын мүчөсү болдум. Анда-санда тойлорго чакыруу алып коём.

– Бир жерде туруктуу иштеп жатпаганыңыз менен, акча таап эле жатыптырсыз да анда?
– Ачка калган жокмун. Учурда симфониялык оркестр менен ыр жаздырып жатам. 22-июнда болчу Казакстандын Костанай облусуна төрт күндүк гастролго камданып жүрөм. Казакстан эл аралык стандартта иштейт. Келишимде көргөзүлгөн белгилүү бир сумманы төлөп берет. Биздегидей «бекер эле ырдап берип коюңузчу» деп суранышпайт.

– Интервью алабыз дегенде филармониянын аллеясынан жолугалы дедиңиз, иштеп кеткен жериңизди сагындыңызбы?
– Силер менен сүйлөшүп алгандан кийин филармонияга ыр жаздырууга кирем. Ошондон улам ушул жерден жолугалы дедим. Бул жерге келип эле жатам. Мурда мен иштеп жүргөндө жумуштан кетип калсам филармония жок болуп кетчүдөй туюла берчү. Жамгыр жааса, төбөсүнөн суу актыбы, кар жааса, ичи тоңуп калдыбы деп түнү деле келип алчумун. Азыр эркинмин, моюнумда жоопкерчилик жок, жеңилдеп калдым.

– Сизге карата «филармониянын түбүнө жетип, жеп-ичип кетти» деген сөз дагы деле айтылып келет...
– Оңдоо-түзөө иштери 2007-жылы ШКУнун саммитине карата жасалгандыктан, биринчиден, президент, экинчиден, Президенттик аппараттын жетекчиси Садыркулов, үчүнчүдөн, тендердик комиссия көзөмөлдөдү. Андан сырткары 28 адамдан турган мамлекеттик комиссия текшерип турду. Мына ушул адамдар «бул жакка мынча акча, тиги жакка түкүнчө кетет» деп баарын бөлүштүрүп жатышты, анан мен кантип жейм? 
Мени кайрадан филармонияга келет деген имишти угушса эле «жеп кетиптир» деп комиссия чакыртып калат экен, азыркы жетекчилик. «Шыптан жамгыр куюлуп жатат» дегендери туура. Албетте, куюлат, 7 жылдан бери бир да оңдоп-түзөөгө алынбаса. Чатыры толь менен жабылгандыктан, жылына бир жолу оңдоп-түзөөгө муктаж. Менин учурумда андай иштер көз жаздымда калчу эмес.  «Жеп койду» деген сөз – мени эл алдында сындырайын дегендердин иши.

– «Ак жол» партиясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири элеңиз. Жаңы бийлик эски бийликтин жан-жөкөрлөрүн кодулаганын көрүп жүрөбүз. Сиз ушундай нерсеге дуушар болдуңузбу?
– Мен Акаев учурунда деле иштегем, Бакиевде дагы иштедим. Атамбаев бир иш берем десе деле аткарам. Барбайм деп айтып көр. Аткарбасаң ары тур деп эле түртүп коюшу мүмкүн. Бийлик ошонусу менен бийлик да. Азыр ким бар, бийликтин айтканына каршылык көргөзгөн? Туура, «Ак жол» фракциясынан депутат болгом, бирок партбилет алган эмесмин. 15 күндөн кийин Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп депутаттык мандатты таштап кетип калгам. Бийликтен да чыгармачылыкты бийик койдум.

– Сизди саясаттан көрүшүбүз мүмкүнбү?
– Мүмкүн. Барсам, албетте, маданий тармакка барам. Азыр маданиятыбыз өтө эле өксүп турат. Учурда орчундуу жаңылыктар жок. Өз казаныбызда эле кайнап жатабыз. Илгери Мариинск театрынын 150 адамдан турган жамааты (көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Гергиев), Хворостовский, пианист Мацуев, Петросяндын жамааты, опера жана балет артисттери, көрүнүктүү бий ансамблдери келишчү. Биздин маданият өкүлдөрү алар менен тажрыйба бөлүшүп калчу.
Азыркы жетекчилик жаңы чыгып келе жаткан жаштарды чет жерлерге стажировкага жибериши керек эле. Андай жок. Мисалы, Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрди жетектеген Рахат Осмоналиев деген дирижёр бар, андай болбой эле койсун, бирок ал киши ооруп калса ордун ким басат? Айыксын деп ишти токтотуп туруш керекпи?

– Мындан 2-3 жыл мурун «Бета Сторес» соода борборунда директор болуп иштеп калдыңыз беле?
– Директор эмес, соода борборунун президентинин кеңешчиси болгом. Президенти Юсуф бей – менин досум. Досума ыраазымын. Жумушум жок калганда атайын орун берип, ишке чакырды. Кычыраган кабинет, кычыраган кресло, кызматтык унаа берди. Катчым да бар. Эмгек акымды 5000 доллар кылып койду. Бирок бир тыйынчалык эч нерсе кылбайм, иштейин десем ишим деле жок. Ошентип эки жыл жүрдүм. Маянам 1000 же 2000 доллар болсо да мейли, 5000 алып эч нерсе кылбаганыма уялдым. «Кой, досум, рахмат, мен кетейин, уят» деп кетип калгам...

– Уул-кызыңыз үй-бүлө күтүштүбү?
– Кызым турмушка чыккан, жети айлык Элхан деген уулу бар. Уулум да үйлөнгөн, Акылай деген неберем бар. Небере жыты деген укмуш ыйык нерсе экен. Канчалык жыттаба, баары бир тойбойсуң.

– Сизге кыз-келиндердин тийишип калганын, келбетиңизге суктанганын угуп-көрүп калам. Алардын мындай жоругу жеңебизге жетип калган учур болду беле?
– Салия экөөбүздүн жашаганыбызга 35 жыл болду. Ал кишинин ойлонуусу, турмушка көз карашы, музыкага түшүнүгү меникинен да бийик. Ошондуктан ал баарын түшүнөт. Азыр кызгануу деген нерседен өтүп кеттик. Жаш кезде деле кызганган эмес.

– Билишимче, Салия эже такыр иштеген эмес, кызганып иштетпей койдуңуз беле?
– Анын музыка жаатында 15 жылдык билими бар. Иштеген, КТРКнын «Арноо концертинде» музыкалык редактор болуп 5-6 жыл эмгектенген. Анан бала-чака, үй жумуштары болуп отуруп иштебей калган. Жаш кезде гастролдон башым чыкчу эмес да. Анан экөөбүздүн бирибиз үйдө отурбасак болбойт го. Мен кызганайын десем дагы ага убакыт жок болчу. Азыркы жаштардын жашоосуна суктанам. Окушат, иштешет, көңүл ачышат, бири-бирин кызганганга да жетишишет.

– Жаш өткөн сайын эмнени көбүрөөк ойлонуп жатасыз?
– Жаш кезде патриот боло берет эмеспизби. Бирок ал кездеги курулай эле сөз экен. Патриоттук сезим орто куракта жаралат тура. Элде жаман иш болуп кетсе, жүрөгүм менен кыйналам, жакшылык болсо жан дилим менен сүйүнөм. Элимдин эртеңкисине чындап ойлоном.

– Жаш кезекти сагынасызбы?
– Артка кылчайсам, жаштык кез кинодогу кадрлардай болуп эсимде калыптыр. Ал кезде кеч кирет, таң атса эле жаңылык, таң атса эле жаңылык. Дегеним, жаштыктын ар бир күнү кызыктуу. Жаштыгымды сагынам, сагынганда айлам канча?

– Алдыдагы ой-максаттарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз...
– Керим Турапов атындагы музыкалык балдар мектебин ачсамбы деген планым бар. Жеткинчек 7 жашынан мектепке баргандай эле менин мектебиме келет. Кадимкидей мамлекеттик программадагы сабактар өткөрүлөт да, кошумча музыкалык сааттар берилет. Ошол жерде жашашат, окушат, буюрса.

– Рахмат маегиңизге, ой-максаттарыңыз ишке ашсын.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Керим Турапов: "Шайлоодо ырчылар байышат"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Aisuluu7
2013-06-24 13:41:49
Керим Турапов идеалдуу мырза деген атка ылайыктуу адам.Робочий городоктон коруп аялдамада канча карап турганымды билбейм.
0
gutler
2013-06-26 00:46:32
Aisuluu7, рабочий десен.
0
ХАНЗАДА
2013-06-24 15:16:15
баягы эле корунуш. Керим турапов замирбек Усонбаевди жамандайт, Мир Усонбаев болсо Керим байкени шыбаганын койбоду. Ортодогу талашы - филармония. Эч кимиси гулдотуп же кыйраткан жок, баягыле корунуш.
0
asil-08
2013-06-26 12:44:58
ырлары сонун абдан маанилуу ишинизге ийгилик керим мырза
0
novayariga
2013-06-26 15:43:01
Бета Стореске оордунузга мени орноштуруп койбойсузбу,менин бетим чыдай берет:-)
0
talas-1985
2013-06-26 17:45:19
novayariga,местосун экообуз суйлошпойлубу,менин бетим да калын,2500 дон болушобуз
0
nasik198
2013-07-01 01:37:45
Ха-ха-ха ой ичииим,комментарийлерди окуп кулуп алдым.Керим Турапов агайга ийгилик.
0
Fute22
2013-07-31 20:32:33
ойиий коментарийлер боорду эздиго.Йгилик сизге Керим Турапов!
0
№ 555, 21-июнь-27-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан