Өз башынан өткөн кейиштүү тагдырын айтып бергени кеңсебизге бир келин кайрылды. Бирде жылмайып, бирде көзүнө жаш алып, бет маңдайымда каарманыбыз зээн кейитерлик тагдырын баяндап отурду.
«КОЖОЮНУМДУ КОКУСТАН ӨЛТҮРҮП АЛДЫМ»
– Атым – Айгүл (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү). Мен Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулуп-өскөм. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, 3 кыз, 1 эркек. Атамдын улуту – түрк, апамдыкы – кыргыз. Тилекке каршы, атам кичинекей чагымда каза болуп калды. Андан соң 2-класста окуп калганымда чоң атам мени Түркиянын Анталия шаарына алып кетип, ошол жакта окуп калдым. 17 жашка чыкканымда Кыргызстандагы апам «катуу ооруп жатам, келе кал, кызым» деп чакырды. Келсем, мени Сузак районундагы айылдардын биринде жашаган жигитке турмушка узатып жиберди. Менден уруксат сурашпай эле алдын ала сүйлөшүп коюшкан экен. «Ата-эне жаманын тапмак беле, жакшысын табат да. Жолдошум жакшы жигит болсо керек» деп ага тийүүгө макулдугумду бердим. Кийин билсем, күйөөм мурда үйлөнүп, ажырашкан экен. Аны апам да билбептир.
Турмушка чыккан соң бир жума өтпөй эле күйөөм ичип, үйгө келбей, келсе да чатак чыгара турган болду. Жашообуз оорлоп, кыйнала баштаганда Түркиядагы чоң атам «кыйналсаңар бул жакка келип иштегиле» деп Анталияга чакырды. Чоң атамдын ал жакта халат чыгарган фирмасы бар. Жолдошум экөөбүз чогуу барып, мен фирмада иштеп, күйөөм бош эле жүрдү. Бир күнү жолдошум «сенин чоң атаң бай, ошон үчүн мени тоготпой жатасың да» деп себепсиз уруш чыгарып, мени жумушумдан да чыгарып алды. Чоң атамдын үйүндө жашачу элек, ал жактан батирге чыктык. Ошол маалда бир айлык боюмда бар эле.
Күндөрдүн биринде күйөөм мени бир бай түрктүн үйүнө иштетип койду. Көрсө, «келинчегим үйүңдө жатып иштейт, эмне десең баарын жасайт» деп үстүмөн акча алып коюптур. Менден башка да 2 келин бар. Бир күнү кожоюндан суранып чоң атамдын үйүнө барып, учурашып келдим. Келсем кожоюн «менин бөлмөмдү жыйнап койчу» деди. Берки 2 келин ошол убакта жок экен. Мен барып анын бөлмөсүн жыйнап баштагам. Дивандын үстүнө чыгып, дубалда илинип турган сыналгынын чаңын сүртүп жатсам, тиги боюмда бар экенин билсе да мени ошол жерден баса калып, зордуктаганга аракет кыла баштады. Мен ага моюн сунбай, каршылык көрсөтүп жаттым. Тиги килтейген, олбурлуу неме болчу, алым жетпей баратканынан карасам, столдун үстүндө гүл салган ваза туруптур. Вазаны ала коюп, тигини башка бир чаптым. Ал ошол жерден эси ооп жыгылды. Чуркап чыгып чоң атамдыкына бардым, алар мени ошол эле түнү Кыргызстанга учак менен качырып жиберишти. Кийин уксам, ал түрк өлүп калып, Түркияда үстүмөн кылмыш иши козголуп, полиция мени издеп жатыптыр. Мен бул жактан аты-жөнүмдү өзгөртүп салдым. Акыры чоң атам акча берип сүйлөшүп, ал кылмыш ишинин жабылганына мына 3 эле ай болду.
«КҮЙӨӨМ МЕНИ КАЙЫР СУРАТТЫ»
– Ошентип, Кыргызстанга келсем, артыман жолдошум кечирим сурап келди. Көрсө, ал түрктөн акчаны алып, ошондо эле Казакстандын Астана шаарына кетип калыптыр. «Мейли, боюмда бар, балам үчүн жашайын» деп аны кечирип, жараштым. Акыры төрөп, балам 1 айлык кезинде кайненеме таштап, күйөөм экөөбүз иштегени Астанага кеттик. Ал жердеги «Шанхай» деген базарда соода кылып иштеп жүрдүм. Күйөөм болсо казинодон чыкпайт. Бир күнү утулуп, акыры эч нерсеси калбай калганда мени күрөөгө коюп, анысын Астанада иштеген кайним билип калыптыр. Базарда отурсам кайним «жеңе, шашылыш аэропортко келе калыңыз, апаңыз чакырып жатат» деп телефон чалды. Жетип барсам, «апаңыз ооруп жатыптыр» деп мени Ошко учуруп жиберди.
Жолдошумдун үйүнө барсам, кайненем мени үйгө киргизбей койду. Жолдошум ага «киргизбегиле, мен аны казинодон уттуруп жибердим, балээсине калбагыла» деп телефон чалып койгон окшойт. Анан өз апамдын үйүнө бардым. 3 күндөн кийин артымдан Жип автоунаасы менен 3 жигит издеп келди. Алар «сени күйөөңдөн утуп алганбыз, ошондуктан алып кеткени келдик» дегенинен апам товар алам деген
100 000 сомун санап берип, мени алып калды. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин кайненемдер кечирим сурап келишти. Апам «мейли эми, күйөөң оңолор, ортоңордо балаңар бар» деп кечирип, мени аларга кошуп жиберди.
Ошентип, жолдошум экөөбүз 6 айлык балабызды алып, Бишкекке келдик. «Дордой» базары тараптан батир таап, жашап жүрдүк. Күйөөм иштебейт, арак ичип эле жүрөт, мен да бала менен иштей албай үйдө отуруп калдым. Бир күнү эле жолдошум «мага аракка акча таап бер» деди. «Кайдан тапмак элем, иштебей отурсак, сенин арагыңа эмес, нанга акча жок» десем, «жүр, сени конокко алып барам» деп ээрчитип жөнөдү. Жума күн болчу, «Дордойдун» жанындагы мечитке келгенде жолдошум «ушул жерге отуруп кайыр сурагын! Мага акча шашылыш керек. Болбосо балаңдын жүзүн түбөлүккө көрбөйсүң, сатып жиберем» деди. Айла жок, балам үчүн анын айтканына макул болдум. Мечиттин алдында отуруп кайыр сурай баштадым. 300 сомдой болгондо акчаны алып, «эмне кылсаң ошо кыл, мен сени менен жашабайм. Үйгө келбе!» деп басып кетти. Ыйлаган боюнча ошол жерде кала бердим. Ошол мечитте дагы 3-4 күн аргасыздан тилемчилик кылып, кайра үйгө бардым.
«МЕНИН ТАГДЫРЫМДЫ БАШКА КЫЗДАР КАЙТАЛАБАСЫН»
– Күйөөмдүн ичкилигинин айынан батирден батирге көчө бердик. Акыры Бишкектин Кызыл-Аскер аймагына батирге чыгып, мен тигүүчү болуп иштей баштадым. Күйөөм болсо бош. Мен тапкан акчаны алып кетип, 2-3 күндөн кийин кайра келет. Күндөрдүн биринде кечинде мас болуп бир кызды үйгө жетелеп келди. Мен көрө элек, тааныбаган кайын сиңдилеримдин бири окшойт деп жакшы тосуп алып, чайымды бердим. Бир маалда күйөөм «төшөк салып бер» деди. Бир бөлмөлүү батирде жашачубуз. Төшөк салып берсем, күйөөм тиги кыз менен менин көзүмчө эле жатып алды. Ошондо эмне кыларымды билбей, кадырымдын жоктугуна ушунчалык өксүп кеттим. Бир маалда апам телефон чалып «кайда жашап жатасыңар, кызым, мен Бишкекке товарга келдим эле, бардык акчама товар алып койдум. Бүгүн силердикине түнөп алайын, мейманканага акчам калбай калды» дегенинен жок дей албай жашап жаткан дарегибизди айтып койдум. Колумда акча жок, балким, ошондо акчам болсо «мейманканага жатып алыңыз» деп апама берет белем, ким билет?..
Аз убакыттан кийин «мен келдим» дегенинен эшикке тоскону чыксам, апам үйгө кирип келе жаткан экен. Аны көрө сала мойнунан кучактап ыйлап жибердим. Күйөөм башка кыз менен жатканын көрүп калбасын деп шаштым кете «апа, үйгө кирбей туруңуз, мен азыр акча табайын, анан сиз менен чогуу мейманканага барып түнөйлү» деп жибериптирмин. Ошондо апам «сени 9 ай көтөрүп курсагына батырган энең эми үйүңө батпай калдыбы?» деди. Аны угуп жаман болуп кеттим да, айла жок үйгө киргиздим. Апам үйдөгүлөрдү көрүп: «Бул эмнеси?! Бул эмне деген жашоо?!»- деп кыйкырды. «Кийимдериңди жыйнаштыр, түнү менен жолго чыгып кетебиз. Ушундай кордукту көрүп жашагыча жашабай эле койгонуң оң. Жана мага тааныштарым «кызың тилемчилик кылып жүрөт» деп айтышканда, мен «окшоштуруп алсаңар керек» деп ишенбей койдум эле. Көрсө, чын экен» деп күйөөмдүн бетине түкүрдү да, мени алып баса берди.
Кийин кайненемдер баланы менден талашып алып коюшту. Ошол бойдон басып барган жокмун. Азыр Бишкекте тигүүчү болуп иштейм. Баламды аябай сагындым. Көргүм келет, бирок кайын журтума баргандан корком, алардын үйүнө басып баргым келбейт. Чынын айтсам, көңүлүм аябай калды. Айлыгым тийгенде кийим-кечек алып, апамдан балама берип жиберем. Ал жеткирип келет. Азыр эркектерди көргүм келбейт, ушунчалык көңүлүм калды. Сиздерге келгенимдин себеби – менин тагдырымды башка жаш кыздар кайталабаса дейм. Мен көргөн кордукту башкалар көрүшүн каалабайм. Ошондуктан жаш кыздарга «ата-энеңер таап берген жигитке турмушка чыгарда ойлонгула» деп айтар элем.
P.S. Ошентип, келин өз окуясын баяндады. Биз экинчи тараптын оюн угууга да даярбыз.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg