Футбол боюнча 21 жашка чейинки жаштар арасында Европа чемпиондугу жыйынтыкталды. Күчтүү деп саналган Испания курама командасы, көптөр күткөндөй эле, 2012-жылкы чемпиондугун коргой алды. 18-июнда финалда Италия командасы менен жолугуп, 4:2 эсебинде жеңишке жетти. Испаниялыктардын курамынан «Барселонанын» жарым коргоочусу Тиаго Алькантара 3 жолу гол киргизип өзгөчөлөнсө, көптөгөн футбол гранддары көз артып жаткан Иско бир голду өз эсебине жазды. Европада азыркы убакта испан футболу теңдешсиз бойдон калууда. Эскерте кетсек, Испания Германия, Голландия, Орусия менен бирге «өлүм тайпасында» оюн көрсөтүп, баарын жеңип чыккан.
Айбала Эргешов
sport@super.kg