13-16-июнда Таиланддын Пхукет шаарында күрөш боюнча жаштар арасында Азия чемпиондугу жыйынтыкталды. Мелдештин жыйынтыгында биздин куржунга 7 медаль салынды. Айсулуу Тыныбекова (59 кг) алтын тагынса, грек-рим стилиндеги балбандарыбыз Бекболсун Асаналиев (60 кг), Самат Шырдаков (74 кг) жана Камбар Жоробеков (96 кг) чемпиондукка бир кадам жетпей, күмүш медаль тагынышты. Ал эми 2 колону эркин күрөшчүлөр Азим Ивахов (55 кг) менен Урмат Газибеков (66 кг) куржунга салса, дагы бир колого грек-рим күрөшү боюнча Фарзанда Надиров (66 кг) кол жеткизген. Эскерте кетсек, Кыргызстандын намысын коргогону 18 балбан аттанган болчу.
Айбала Эргешов
sport@super.kg