«КЛАССТАШЫМДЫ ИЗДЕЙМ»
– Мен 1990 же 91-жылы туулган Бек Ибраев аттуу классташымды издейм. 1998-жылы Бишкектин Туңгуч кичи районундагы №73-орто мектепте окуган. Билишимче, Нарын облусунун Ат-Башы районунан болот. Досумду тааныгандар болсо, чалып коюуларын өтүнөм.
Таалай, тел.: 0707 77-44-43, 0555 22-94-44
«ДОС КЫЗЫМДЫ ИЗДЕП КЕЛЕМ»
– Нарын облусуна караштуу Миң-Куш шаарчасынын тургуну Эркайым Мадимарова аттуу дос кызымды издейм. Эгер аны тааныгандар болсо, мага кабарлап коюшун суранам.
Нурлан, тел.: 0777 41-30-41, 0702 23-42-42
«10 ЖЫЛДАН БЕРИ ДАЙЫН ЖОК»
– Иним Марасулов Сыдык Исаковичти 10 жылдан бери издеп, таппай келебиз. Ал 1967-жылы Сүлүктү шаарында туулган. Иштейм деп Бишкек шаарына кеткен боюнча дайыны жок. Издебеген, барбаган жерибиз калбады.
Саадат Марасулова, тел.: 0777 11-94-95
«АГАМ СОГУШТАН КАЙТКАН ЖОК»
– Агам Асыранбек Токсобаев 1939-жылы, ошол кездеги Жалал-Абад облусунун Үч-Терек районунун Жаңы-Күч колхозунан аскерге кызмат өтөөгө кеткен. Ростов деген шаарда кызмат кылган. Андан соң агамдан: «Полтава деген шаарга которулдум, мен командирмин» деген кат келген. Аскерден кайткыча согуш башталып, согушка катышкан. 1945-жылы 9-майда «Берлинди алдык» деп агамдан кат алдык. Ошол боюнча дайыны жок. Угушумча, андан ары Японияга согушка кеткен экен. Бир тууганымдан үмүт үзбөй дале издеп келем. Азыр жашым 90го келди, пенсиядамын.
Осмонбек Токсобаев, тел.: 0773 23-45-72
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43