Адатта, бир нече адамдан турган кылмышкерлер же кардар таксистти ээн жерге алып барып, унаасын тартып алып, айрым учурда өлтүрүп кеткендерин угуп жүрөбүз. Бул ирет Нарын шаарында, тескерисинче, таксист кардарга кол салып, кардары араң аман калган.
11-июнь түнү Нарын шаарынын Белек уулу Айбек аттуу тургуну өзүнүн автоунаасы менен такси каттамында жүрүп, жүргүнчү Токтор уулу Майрамбекти жүрөк тушка жана ичине 2 ирет сайып качып кеткен. Жабырлануучу Токтор уулу Майрамбек таксисттен Ак-Кыя аймагында жайгашкан, жаңы курулуп жаткан теннис ойноочу аянтка жеткирип коюуну суранган. Болжогон жерге келгенде жабырлануучу унааны аянтка чейин айдап коюуну талап кылганда таксист макул болбой, ортодо чыр чыккан. Айбек Майрамбекти бычак менен 2 ирет сайып жиберип, окуя болгон жерге таштап кетип калган. Бул тууралуу Нарын ШИИБинин тергөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү Абдылда ШАРШЕМБАЕВ буларды айтып берди:
– Жабырлануучуну эмне себептен сайганын тергөө иштеринин алкагында сурасак, айдоочу: «Болжогон жерине жеткиргенден кийин кардар «теннис ойноочу аянтка жеткирип кой» деп туруп алды. Берген акчасына болжоп, ушул эле жерге жеткиришим керек экенин айтсам, сөгүнүп кирди. Аны унаадан түшүрүүгө аракет кылганда оң көзүмө муштап жиберди. Мен аны унаамда жүргөн бычак менен коркутуп коёюн дегем. Кандай болуп кеткенин да билбей калдым, ачууга алдырып жибердим, себеби ал мас болчу»,- деп көрсөтмө берди.
Кылмышка шектүүнүн чындыгында эле көзү көгөрүп жүргөн. Биз чын эле жабырлануучу чапканда көгөргөнбү, тактап жатабыз, бирок ошол учурда спирт ичимдигин колдонбогонун аныктадык. Ал эми жабырлануучунун канын алып, экспертизага жөнөттүк. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү айдоочу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Нарын
ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камалган. Ал эми жабырлануучу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Жабырлануучу ТОКТОР УУЛУ МАЙРАМБЕК эсине келип, бир аз басып калганын угуп, ооруканага бардык. Майрамбектин абалы калыбына келип калса да, өзү туруп, кайра жата албайт экен. Окуя тууралуу кыскача баяндап берди:
– Мен Ак-Кыя аймагында жашайм. Үйгө барайын деп мектеп жактан чыгып, таксиге отургам. Теннис аянтында балдар ойноп жатышканын угуп, мен да ойной кетейин деп таксистке акчасын берип, аянтка чейин айдап коюуну сурандым. Ал мага каршылык көрсөтүп, 150 метрдей алыс токтоп, «түшүп кал» деди. Экөөбүз уруша кеткенбиз. Анан ичим ысый түшкөнүн билем, андан кийин эсимди жоготуп коюптурмун.
Майрамбек ушуларды айтып берди. Ал эми апасы Айчүрөк БОКОЕВА: «Баары мыйзам жолунда чечилер бекен, баламды жабырланткан кылмышкер татыктуу жазасын алар бекен деген гана үмүттө отурам. Балам айыгып кетсе эле биз үчүн чоң кубаныч. Эненин жүрөгү кантип чыдап карап турсун? Чыркырап эле жатам, доктурларга рахмат, баламды бутуна тургузган»,- деди. Хирургия бөлүмүнүн бөлүм башчысы БЕЙШЕНБЕК ИСМАИЛОВ буларга токтолду:
– Денесинен жаракат алган Токтор уулу Майрамбек оор абалда 11-июнь күнү ооруканага «Тез жардам» менен келип түшкөн. Операцияга даярдыкты саат 23:10до баштадык. Биринчи жаракатты жүрөк туштан алган экен. Жүрөк толтосуна кан уюп, жүрөк жакшы иштебей калып, кан басымы жогорулап кеткен. Биринчи жаракаттан 2,5 литрдей уюган кан алдык. Ал эми экинчи жаракат ич көңдөйүнө келтирилген. Учтуу нерсе ашказанды тешип кеткен.
Биз ал эки жерин тең тигип, кан куйдук. Операция 3 саатка жакын убакытка созулду. Учурда абалы жакшы. Дары-дармек, башка керектүү медициналык каражаттын баары бөлүм тарабынан бекер болот. Биргелешкен төлөм деген бар, ошого гана 1090 сом төлөдү.
Мына ушундай, окурман. «Оң колуңдун ачуусун сол колуң менен бас» деген накыл кеп бар элибизде. Ошону эстей жүрсөк...
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg