ЖАЙДА ЖААГАН КАРДАН НАРЫНДА 270 МАЙДА ЖАНДЫК ӨЛДҮ

17-июнда жааган кардан жабыр тарткан аймактар жана тургундардын абалдары Нарында курч маселе болууда. Атайын түзүлгөн комиссия бул боюнча иш алып барып, тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Акыркы билдирүүлөргө караганда, Долон ашуусундагы кардын калыңдыгы 20 сантиметр, Кара-Кужур жайлоосунда 40-50 сантиметрге жеткен. 16 чабан малы менен тоодон түзгө тү­шүрүлгөн. Чыгымдарга келсек, облус боюнча 270ке жакын кой-козу, ошондой эле бир жылкы кулуну менен өлгөн.
Малчылар мындай табият кырсыгын күтүшкөн эмес. Жайлоого чыгарда койлорду кыркындан өткөрүп, жүнүн алышат. Суукка чыдабай жана тоют кар алдында калгандыктан, көбүнчө майда жандыктар кырылды.
Ошондой эле талаачылык иштерине да жааган кар кесепетин тийгизди. Биринчи чабык башталар алдында турганда кар басып калды. Мындан сырткары бактар кулап, электр өткөргүч зымдар карга туруштук бере албай, 65 жерде авария болгон. Алардын 55и калыбына келтирилди. Нарын районуна караштуу 8-Март айылындагы көпүрөнү суу алып кетип, райондук борбор менен байланыш үзүлгөн. Ал эми жайыттарды кар каптап калып, малга тоют жок, ачкадан өлгөндөрү да бар. Кара-Кужур жайлоосуна жана Солтон-Сарыга 300 боо чөп жеткирилгени маалым болду.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
miniusha
2013-06-24 10:43:28
мм жаман болду дыйкандарга да, кайран мээнет(((
0
№ 555, 21-июнь-27-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан