Доорон Жолдошев, ырчы:«АТЫБЫЗДЫ ПАЙДАЛАНЫП АКЧА ЖАСАГАНДАР БОЛГОН»

Бир кездерде «Ананайын, аттадың бир ак үйдүн босогосун, Өткөндү эстеп көңүлүң бошобосун...» деген саптары бар ырды укпаган жан калбаса керек. Ал тургай азыр да ал ырды укканда жаштыкты эстеп бир жылмайып аларыбыз бышык. Анда ошол 1994-95-жылдардын хитине айланган «Ананайын» жана ал ырдын аткаруучусу Доорон Жолдошев назарыңыздарда.

«ЫР ЭЛДИК ЫР ДЕСЕМ БОЛОТ»
– «Ананайын» чындыгында өз мезгилинин мыкты ыры болгон. Андан бери көп жылдар өттү. Бул ыр элдики деп айткым келет. Себеби 1990-92-жылдары мен ОшМУнун искусство факультетинде окуп жүргөн кезде фольклордук практикага Ноокатка барганмын. Эл оозунан ар түрдүү элдик ырларды, кошокторду жыйнап жүрүп ушул ырды угуп калдым. Бул ырды ошол аймакта ырдап жүрүшчү экен. Кимдики экенин билбедим. Ар ким ар түрдүүчө айтып беришти. Бирок мен ал жактан бир куплетин гана таптым. Ар кимден «ушул ырды уккансызбы?» деп сурап жүрүп, экинчи куплетин Кара-Суудан, үчүнчү куплетин Оштон таап, баарын чогулттум. Бирок ырдын сөздөрү азыраактай сезилип, акыркы эки куплетин өзүм жазып, жалпы беш куплет болду.
Обону жөнүндө айта турган болсом, кайсы бир кайрыктары элдики. Ырдын үстүнөн иштеп, өзүм да кайрыктарды кошуп, аранжировкалап, ырга кайрадан өмүр бердим. Көпчүлүгү ойлошот экен, ыр аткаруучунун тагдырына байланыштуу деп. Жок, андай эмес. Биз болгону аткарып койгонбуз. Ырдын жашообузга эч кандай тиешеси жок.

«БИР КОНЦЕРТТЕ «АНАНАЙЫНДЫ» ҮЧ ЖОЛУ ЫРДАГАНБЫЗ»
– Ошентип, 1994-жылдары өзүм түзүп чыккан «Жаш кыял» тобунун аткаруусунда ушул ырды жалпыга тартууладык. Биз ал ырдын анчалык популярдуу болуп кетерин билген эмеспиз. Ыр ийгиликтүү болуп, Маданият министрлиги тарабынан сыйланып, 1995-жылы ырыбыз «Жылдын ыры» аталган. Сыйлыкты бизге андан бир жыл мурун «Эламан» аттуу ыры менен «Жылдын ыры» наамынын жеңүүчүсү Ибрагим Жунусов тапшырган. Ошол 1994-жылдары «Ананайындын» популярдуулугу бийиктикке жетип турган мезгилдерде Бек Борбиев Ошко концерт коюп келип калды. Концертке конок катары биз да чакырылганбыз. Ырдап бүткөнүбүздөн кийин көрүүчүлөр кайра-кайра суранып, ал тургай милиция кызматкерлери да коё беришпей, бизди катары менен үч жолу ырдатканы эсимде. Ырдап бүткөн соң кайра суранганын токтотушпады. «Бизден башка Бишкектен келген коноктор бар, аларга да кезек берели» деп сахнадан араң кеткенбиз. Ал мезгилдерди эстесем бир жылмайып алам. Концерттен кийин топтолуп туруп калганда биз үчүн урушкан кыздарды көрүп калчубуз. «Сен эмне гүл алып чыгып бересиң? Эмнеге менден мурун гүл бересиң?! Ал бала меники!» деген күйөрман кыздар да бар болчу.

«АЛ МЕЗГИЛДЕ ЖЫЛДЫЗ ДЕГЕНДИ БИЛЧҮ ЭМЕСПИЗ»
– Ал мезгилде «Жаш кыялда» «Ажырадым», «Айдана», «Өрүк» деген ырларыбыз да популярдуу болуп турган эле. Өзүбүз студент болуп, сахнага алгачкы кадамдар ташталып жаткандыктан, ырдасак эл кол чаап койсо, ошого сүйүнүп, курсагыбыз тойсо, ошого ыраазы болуп жүрө бериптирбиз. Администратор деген жок эле топто. Башка аймактардан концерт уюштуруп чакырышчу. Касса, акча дегендер менен башкалар эсептешчү. Азыр ойлосом, ошондогу концерттерден түшкөн акчанын 10 пайызы гана бизге жумшалчу экен. Биздин популярдуулугубуздан пайдаланып, ырдатып акча жасагандар болгон. Ким экендиктерин айтпай эле коёюн, өздөрү деле билишет. Ал адамдар азыр деле студияма келип турушат. Ошентип биздин эмгегибиздин үзүрүн башкалар көргөн.
Демөөрчүбүз Ош шаарындагы «Жети түс» полиграфиялык борбору болчу. Ырларыбызды жаздырып, музыкалык аспаптарыбызды алып берип, формаларыбызды тиктирип берчү. Көчөдө баратканда кыздар ырларыбызды ырдап бизге тийишип калчу. Ал мезгилде жылдыз дегенди, популярдуулук дегенди билчү эмеспиз. Бизди шылдыңдап жатат деп ал кыздар менен урушканга чейин барар элек. Улуулар түшүндүрүп айткандан кийин антпей калдык.
Биз студент мезгилде түзүлгөн топ болгондуктан, баарыбыз бойдок элек. Ошондуктан башкача дем менен ырдап жүргөнбүз. Окууну бүткөндөн кийин баары үйлөнүп-жайланып, 1997-жылы «Жаш кыял» тобу таркап кетти. Топтогу Бахадыр Карабаев деген жигит азыр Орусияда иштеп жүрөт. Алмазбек Умарбеков учурда борбордо. Ал эми кыздарыбыз Назира Алимжанова турмушка чыгып кеткенден кийин ордуна Нурила Салмаматова деген кызды алганбыз. Ал дагы тез эле турмушка чыгып кеткен. Менин учурда ыр жазуучу студиям бар. Үй-бүлөлүүмүн, жубайым Элизавета да анча-мынча ырдап калат. Бир уул, бир кызым бар.

Элира Чынтемир кызы
оsh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
ХАНЗАДА
2013-06-24 15:13:22
Ыр учурунда хит болгон! Аранжировкасы да мыкты.
0
maestro123
2013-06-24 15:14:17
Доорон мырза ишиңе ийгилик, үйбүлөлүк бакыт каалайм.
0
Narynbek
2013-06-24 15:56:43
Ананайын деп эле бассак-турсак ырдап жүрчүбүз.Аябай хит болгон.
0
nelli
2013-06-24 17:10:28
Ананайын дагыле тойлордо ырдалат го.
0
gooool
2013-06-25 14:28:27
Ананайын,ананайын...аябай ырдайт элемго,озумду жылдыз сезип,тамгы чыгып алып ырдайт элем.
0
sadykbek
2013-06-25 17:32:17
бул байкенин ырларын айабай еле ырдадык. Вечирлерде кайт кайта касетанын майы чыкыча койп ананайн ананайн деп.
0
nurbek_posol
2013-06-25 18:18:24
Жаш кыялдын ошол кездеги ырларынын мр3 версиялары болсо жакшы болмок. Дооронбек Жолдошов аткарган "оо менин гулум, карачы жылдыздардын жылмайганын" деген ыры бар болчу... сонуныр. Анан нурила Салмаматова ырдаган "Гулду кармап колума, кутом озунду" деген ырлары бар болчу, соонун ырлар. Ошол ырлар болсо nurbek.ergeshov@gmail.com ушул дарекке жонотуп койгулачы сураныч...
0
azamat85
2013-06-25 21:59:54
nurbek_posol, менде бар Жаш кыялдын ырлары, колум бошоп калса таштап коём...
0
Lada2115
2018-05-21 11:10:56
azamat85,мага качан жонотосун ырларды
0
Positive
2013-06-25 21:22:23
super info uwul yr sizderde barby joobun aityp koiunuzdar4y
0
admin_superstan
2013-06-26 10:49:41
Positive, Саламатсызбы!
"Жаш кыял" тобунун аткаруусунда:
http://www.super.kg/media/audio/1369/
Алмаз Шаадаевтин аткаруусунда:
http://www.super.kg/media/audio/92101/
0
novayariga
2013-06-25 23:50:13
Вечерлерде десенер эске тушот:-), электроника деген мафондор болчу эле же аркага же алдына турбой калып ручканы кассетага салып алып айландырып ырларды тапчу элек:-D
0
tynara81
2013-06-26 12:47:29
"Арман ай” деген ыры жонундо айтпаптыр го, популярдуу болуп турган ырларын атаганда. Бул ыры да "Ананайындан” кем эмес болчу, популярдуулугу жагынан. Анан ушул ырларды Ашым Ахмедов деген байке да ырдайт болчу го. Менде ошол кишинин аткаруусунда бар телефонумда, бул ырлар.
0
jora.kg
2013-06-26 14:57:26
Жаш Кыял тобунун таркап кетиши окундурот, азырга чейин дагы канчалаган жакшы ырлар жаралмак ... Ишинизге ийгилик Доорон байке
0
mahabat.
2013-06-26 15:35:47
сонун маек болуптур.окуп отуруп озумду ошол жылдарда жургондой элестетип кеттим
0
kepka
2013-06-26 19:21:23
ананайынннн аттадынго ай уйдун босогосууун!!!!эхххх супер ыр эле.
0
Shekerbek
2013-06-27 14:36:48
kepka, аттаймын деп конулун бошобосуууун
+1
isiasem
2013-06-28 14:01:41
Жакшы ыр .
0
kepka
2013-06-30 11:17:44
аялы да таланттуу!Доорон аке да №1 ырчы и аранжровщик!аала таала оомат берсин
0
№ 555, 21-июнь-27-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан