17-июнь күнү Ош шаарындагы Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрында «Башка-башка болсо дагы тилибиз, биз керекпиз бирибизге-бирибиз» аттуу достук фестивалы болуп өттү. Аталган фестиваль Ош шаарынын Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулуп, ага аймактык Жаштар кеңештеринин өкүлдөрү катышышты. Бул фестивалдын жүрүшүндө ар кайсы улуттун каада-салттары сахналаштырылып, ар улуттун ырлары ырдалды. Иш-чараны уюштуруунун максаты – Ош шаарынын аймагында жашаган бардык улуттардын ынтымагын, достугун бекемдөө болду.
Элира Чынтемир кызы
оsh@super.kg