17-июнда Ош шаарындагы «Динамо» спорт-комплексинде жаштар арасында кичи футбол боюнча турнир болуп өттү. Бул спорттук иш-чара каргашалуу Июнь окуясынын 3 жылдыгына арналып, Кыргызстандын түштүк аймагындагы жаштарга колдоо көрсөтүү максатында Орусия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын Ош шаарындагы консулдуктары тарабынан уюштурулду. Мелдештин жеңүүчүлөрү уюштуруучулар тарабынан даярдалган Ардак грамоталар жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.
Элира Чынтемир кызы
оsh@super.kg