Жакында таң каларлык кылмыштын бети ачылды. 2009-жылы Баткен облусундагы 30630-аскер бөлүгүнө берилген жалпы баасы 556 360 сомду түзгөн 40 даана жамынуучу жууркандар жоголгон.
Бул ишти жабуу максатында аскердик тармакта иштегендер 2012-жылдын февраль айында жокко чыгаруу актысын түзүп, натыйжада ал жууркандар жоголуп кеткен.
Учурда аталган кылмыш ишинин бети ачылып, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду.
Элира Чынтемир кызы
batken@super.kg