Кыргызстандын желегин дүйнөнүн төрт бурчуна желбиретип жүргөн Кадамжай районунун кулуну, спортчу Алтынбек Бактыбаев дагы бир жолу өлкөбүздү таанытты. Аталган спортчу Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн муай тай боюнча Азиянын биринчилиги үчүн таймашка чыкты. Анда Таиланд өлкөсүнүн «жеңилбес» аталган чемпиону менен беттешип, нокаут менен жеңишке жетишти.
Эске салсак, Алтынбек Бактыбаев КРнын Кикбокс жана тай бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. 51 килограмм салмакта 215 жолу таймашка чыгып, 197 жолу жеңишке жетишкен. Анын ичинен 54 жолу нокаут менен атаандаштарын оодарып, учурда спортчунун куржунунда 52 алтын, 5 күмүш, 3 коло медаль бар.
Элира Чынтемир кызы
batken@super.kg