Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынан жана Кызыл-Кыя шаарынан «Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмунун 10 мүчөсү шектүү катары кармалган болчу. Алардын үйлөрүн тинтүү учурунда бир канча үгүттөөчү гезит-журнал, буюмдар табылган. Арадан көп өтпөй ушул уюмдун мүчөсү, тажик улутундагы И.З. аттуу аял кармалды.
Кадамжай РИИБинин 10-тобунун опер өкүлү Руслан Омошовдун айтымында, кармалган аялдын аталган уюмга чакырыктарды жасагандыгы далилденип, уюмдун лидерлеринин бири экендиги аныкталган. Учурда кармалган аял РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Элира Чынтемир кызы
batken@super.kg