ФУТБОЛ ЖААТЫНДАГЫ КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

“ПЕНАЛЬТИ” АТАЛЫШЫНЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ

1891-жылы фут­бол эрежелери боюнча ирландиялык эксперт Жон Пенальти айып аянтчасында оюнчу топту колу менен кармаса же одоно ойносо, 11 метрлик айып тобун тебүү эрежесин киргизүү керектигин сунуштаган. Мындай сунуш алгач Ирландиянын футбол лигасында колдонулган. Азыр андай айып тобун тебүү бардык жерде Жон Пенальтинин ысмынан “пенальти” деп аталат.

ЧЕМПИОНАТТА ЖЫЛАҢАЙЛАК ОЙНООНУ КӨЗДӨГӨНДӨР

1950-жылы Бразилияда өткөн футбол боюнча дүйнөнүн 4-чемпионатына индиялык оюнчулар да катышууга укук алат. Бирок, индиялыктар чемпионатта жылаңайлак ойной тургандыктарын билдиришет. Антсе чемпионаттын уюштуруучулары жылаңайлак ойноого болбой тургандыгын эскертишет. Ошондо индия­лык­тар таарынган бойдон чемпионаттан баш тартышкан.

ГРЕЦИЯДАГЫ ОЙГО КЕЛБЕГЕН ГОЛ

1978-жылы Грециянын биринчилигинде жергиликтүү “Этникос” жана “ПАОК” командалары беттешет. “ПАОКтогулар” эсепти ачкан соң, сүйүнүш­көн бойдон запастагы оюнчуларга аралашат да, калыстын оюнду улантууга берген буйругуна көңүл бурбай, бапырап сүйлөшүүгө өтүшөт. “Этникостун” оюнчулары оюнду борбордон баштап, анан жайбаракат гана “ПАОКтун” ээн дарбазасына гол киргизишет. Ошентип, эсеп теңелген да калган.

БАЙКУШ БОТСВАНА

Ботсвананын улуттук командасы өзү уюшулган 28 жылдан бери бир дагы эл аралык матчтан ута элек. Командадан 50дөн ашык машыктыруучу алмашкан. Анын 4өөсү мурунку СССРдин спортчулары эле.

КАГАЗ ЖЕГИЧ ЖАНА ТИШТЭЭК ФУТБОЛЧУЛАР

1983-жылы Бристолдогу матчта Майк Бегли аттуу оюнчу сөгүнгөн­дүгү үчүн айыпталат. Буга жинденген Майк рефериге жетип барып, анын колундагы эрежени бузгандар катталган баракты жулуп ал­ып жеп салган.
1989-жылы Италиянын “Пьянта” клубунун Фернандо Эркали деген оюнчусу өзүнө сунулган кызыл карточканы чайнап туруп жутуп салган.
Ал эми 2002-жылы Мадриддин “Реал” клубунун оюнчусу Хосе Мария Лопес Силва өзүнө кызыл карточканы көрсөткөн арбитрдин ийинин тиштеп алган.

4 КОМАНДА, 44 ОЮНЧУ, ЭКИ ФУТБОЛДУК МАТЧ...

1959-жылы Федеративдүү Германиянын Гельзенкирхен шаарында адаттан тышкары матч өткөн. Бардыгы администрациянын гандболисттер менен футболчулардын мелдешин бир убакытка белгилеп салгандан болот. 4 команда тең убагында чогулат да, кимдер алгач ойноп, кимдер күтүп турат деген суроонун тегерегинде такташууга өтөт. Эч кимиси күтүп турууга макул болбойт да, төрт команда тең оюн талаасына чыгып, оюнду башташат. Бул таң калыштуу оюн эле. Оюн талаасында төрт команда, 44 оюнчу 2 топ менен ойноп жатышкан. Антсе да ыңгайсыздык жана кыйынчылыктарга карабай футболчулар да, гандболисттер да беттешүүнү аягына чыгарышкан. Гандболисттердин эсеби 14:2, футболчулардыкы 4:2 менен аяктаган. Гандболдон жеңилген команда гана улуттук чемпионаттын ушинтип өткөнүнө нааразылыктарын билдиришкен.

ЭҢ УЗУН БЕТТЕШҮҮ

Эң узун футболдук матч 1981-жылы 1-3-августта Ирландиянын эки командасынын беттешинде катталган. Эки команданын тең оюнчулары каршылаштарынын дарбазасына гол киргизе алышпай, оюнга 65 саат 1 мүнөт болду дегенде бир команда гол киргизип, жеңишке ээ болгон. Ошону менен матч аяктаган.

БИР ФАМИЛИЯДАГЫ БЕЛЬГИЯЛЫКТАР

1920-жылдагы Бельгиядагы бир матчтын катышуучуларынын бардыгынын фамилиясы Ван Лой болгон. Бир командада 89 жаштагы Жозеф Ван Лойдун неберелери болсо, экинчи команданы Жозефтин кичүү иниси Альберттин неберелери түзгөн. Калыстар да Ван Лойлордун үйбүлөсүнөн чыккандыктан, алардын фамилиялары да Ван Лой болгон. Оюн Жозефтин неберелери түзгөн команданын жеңиши менен аяктаган. Калыстар айыптары үчүн үч оюнчуну оюн талаасынан чыгарышкан.

ТУМАНДА ОЙНОЛГОН ФУТБОЛ

Улуу Британия аралдарында тумандын болуп турушу кадимки көрүнүш. Антсе да туман футбол оюнуна жолтоо болгон учурлар болот.
Шотландиянын футболдук эки командасы жолдоштук беттешке чыгат. Туман улам коюуланып отуруп, акырында оюнчуларга топту, шериктерин узакка издөөлөрүнө туура келе баштайт. Ошентип, бир кезде рефери караса, оюн талаасында оюнчулар көп болуп жүргөндөй болот. Ал запастагы оюнчулар отурган жерге чуркап барса, ал жер бош болуп чыгат. Көрсө, талаага бир эле маалда 30 оюнчу чыгып алган экен.

МАТЧТАГЫ АТЫШУУ

Аргентинада 1970-жылы жергиликтүү “Хувентуд” жана “Хенераль Кабальеро” командаларынын беттешинде трагедиялуу окуя болуп өткөн. Матчтын жүрүшүнө 43 мүнөт болгондо калыс “Хувентуддун” бир оюнчусун оюн талаасынан чыгарат. Буга жинденген оюнчу арбитрге муш жаадырып баштайт. Арбитр салкын кандуулук менен пистолетин алып чыгып, чатак оюнчуну атып салган. Инисинин өлгөнүн көр­гөн трибунада олтурган агасы ошол замат арбитрге же­те келип, аны бир атуу менен сулаткан.

ЭҢ БАТ КИРГИЗИЛГЕН АВТОГОЛ

1960-жылы Италиянын “Брешиа” клубунун оюнчусу Мацциа кеңкелес жорукка барган. Ал “Мантов” командасы менен беттештин 38-секундунда өзүнүн дар­ба­засына автогол киргизген. Ошентип, анын автоголу эмдигиче эң бат киргизилген автогол катары саналып келет.

КАЛЫСТАР ФУТБОЛУ

Элүүнчү жылдардын аягында Италиянын Сиен шаарында калыстар матч өт­көрүү­нү чечишет. Алар эки командага бө­лүнүшүп, оюнду башташат. Оюн командалардын бири талаш-тартыштуу гол киргизгичекти жакшына эле өтүп жаткан. Анан гол киргизилгенден кийин 22 оюнчу тең эрежени талкуулап башташып, ар кимиси өзүнүн пикиринин туура экендигин далилдөөгө өтүшөт. Акыры чатакташып отуруп, мушташа башташат. Калыстардын оюну ошентип полициянын кийлигишүүсү менен аяктаган.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 204, 29-сентябрь-5-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан