18-июнь күнү Баткен облустук маданият үйүндө «Тынчтык кербени-2013» аттуу форум болуп өттү. Ага Баткен мамлекеттик университетинин студенттери жана Тажик Республикасынын Кожент шаарынын мамлекеттик университетинин студенттери катышышты. Иш-чаранын алкагында жогоруда аталган окуу жайлар боюнча видеотасмалар көрсөтүлдү. Андан соң эки элдин студенттери тажик жана кыргыз элинин ынтымагын чагылдырган көрүнүштөрдү аткаруу менен концерттик программа тартуулашты. Форумдун кийинки бөлүгү шаардагы «Манас» комплексине сапар алуу менен улантылды. Баткен шаарынын вице-мэри Гүлсүн Рыскулова сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү билдирди:
– Биздин ата-бабаларыбыз бир арыктан суу ичип, куда-сөөк болушкан. Муну Манас атабыз кыргыз уулу, Каныкей энебиз тажик кызы экендиги далилдеп турат. Келечекте коңшу тажик эли менен болгон чыр-чатактын алдын алып, ынтымакта жашообуз керек.
Элира Чынтемир кызы
batken@super.kg