Учурда Баткендин негизги кирешесин түзгөн өрүк бышып, элдин баары өрүк кургатуу менен алек болуп жаткан учур. Мындан сырткары Кадамжай районунда малина мөмөсү да бышып, жайында килограммы 60 сомдон сатылууда. Жалпысынан Кадамжай районунун аймагында 220 гектар жерге малина эгилет. Бул мөмө өзүнүн дарылык касиети менен айырмаланып турат. Ошондой эле аймактагы элдин үй-бүлөлүк бюджетин чыңдоодо да салымы зор.
Элира Чынтемир кызы
batken@super.kg