КҮБӨЛӨР АЛМАЛАРДЫ ЖОК КЫЛУУДА

Ачкүзөн сымал күбө көпө­лөктөрү Иркутск шаарындагы короолордогу алма дарактарына зыян келтирүүдө. Күбөлөрдү жок кылуу үчүн машина менен дары чачып жатышканына карабастан, алар дарактарды, подъезддердин кире беришин желе менен чырмап жатышат. Дарыга мэрия 5,266 миллион рубль бөлгөн. Бирок дагы
10 миллиондой рубль керек экен.
Короолор дарактардан түшкөн күбөнүн личинкаларына (курттар) толуп калууда. Күбө Иркутскиге Казакстандан же Түштүк-Чыгыш Азиядан алынып келинген жашылча-жемиштер аркылуу келген деп болжолдошууда.
Айта кетсек, ач- күзөн сымал күбө көпөлөктөрү жалаң алма дарактарына зыян келтирет. Ургаачылары жумурткаларын алманын бутактарына тууйт. Жумурткадан чыккан курттар (гусеницалар) жалбыракты желе менен ороп, өзүнө уя салат. Жалбырак куурап калат. Курттар улам өйдө көздөй жылып, чогулуп, желеден чоң уя жасашат. Андай уяга миңи батып кетет. Анан уяны улам кеңейте беришип, акырында дарак желеге толугу менен чырмалат. Дарак куурап калбаганы менен, түшүмдүүлүгү азая берет.

 

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jipara86
2013-06-28 23:36:45
Кополок бизде(кыргызстанда)да кобойуп жатат.
0
514947a
2013-07-05 10:43:58
Арча-Бешикте ак көпөлөктөр өтө көбөйүп кетти, кимдир бирөө бул боюнча эмне аракет кылып жатат?
0
№ 555, 21-июнь-27-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан