Японияда элиталык дэнскэ сортундагы бир дарбыз аукциондо 300 миң иенге (3,2 миң долларга жакын) сатылды. Аны жергиликтүү супермаркеттер тармагынын ээси, 33 жаштагы Сюнъити Андзай сатып алды. Эми аны өзүнүн дүкөндөрүнүн биринде аукционго коюуну көздөөдө. Дэнскэ сортундагылардын даанасы орточо эсеп менен 50 доллардан турат.
Негизи, япондор бакча жашылчаларын эксперименттөөнү сүйүшөт. Мисалы, куб жана пирамида түрүндөгү дарбыздарды да өстүрүшөт.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg