МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АЙЫНАН АЖАЛ ТАПКАН ЖУРНАЛИСТ

Акыркы учурда “Агым” гезитинин кабарчысы жана көз карандысыз журналист катары башка ММКлар менен иштешип жүргөн журналист Алмаз Ташиев милиция кызматкерлери тарабынан токмоктолгон. 4-июль күнү болгон ур-токмоктун айынан катуу жабыркаган журналист 12-июлда каза болду.

Чырдын себеби эмнеде?

33 жаштагы журналист Алмаз
Ташиев июль айынын башында иштери менен кичи мекени Ноокат районунда жүргөн. 4-июль күнү эртең менен классташы Рустам Кулушев менен паспорт алуу үчүн Ноокат районундагы Жаңы-Базар милиция бөлүмүнө барган. Экөө милиция кызматкерлери майрамдап, өздөрүнчө алагүү болуп жатышканда үстүнөн чыгышат. Чуулгандуу иш тууралуу Рустам Кулушев төмөндөгүлөрдү билдирди:
Милиция кызматкерлери биз барганда Жаңы-Базар милиция бөлүмүнүн жаңы башчысы Жеңиш Осмоновдун кызмат ордун майлап отурушуптур. Кирерибиз менен эле тийише башташты. Отургандардын бирөөсү көзгө бир урганда эле эмне болуп кеткенин түшүнбөй, көзүм караңгылап, жатып калдым. Андан кийин Алмазды уруп киришти. Бул кимдир бирөөлөр тарабынан дайындалган, алдын-ала түзүлгөн иш болсо керек. Мени эжем чыгарып алып кете берди. Алмазды да чыгарып кетейин десем, “коё беришет да” деп тааныштар айтып калышты.
Алмаз реанимация бөлүмүндө жатса да, "Азаттык" үналгысынын кабарчыларына болгон окуя туурасында кыйналуу менен мындай маалыматтарды айткан:“Мени сабаган милиция кызматкери менен мындан үч-төрт жыл мурун башка иштер боюнча чатакташкам. Ошондон улам мени тепкиге алды окшойт. «Ал Баткенде иштеп жүргөндө да чырдуу иштердин башында турган» деген маалыматым бар. Айыгып чыксам, бул тууралуу жана мени сабагандыгы үчүн Кыргызстандагы бардык тиешелүү органдарга кайрылам”. Ал эми сурак учурунда абалы оорлоп, көрсөтмө бере алган эмес.

Ноокаттан Ошко которуу

Жакындарынын билдирүүлөрүнө караганда, 14 милиция кызматкери токмоктогон журналист Ноокат аймактык ооруканасына 5-июлда эртең менен жеткирилген. Алмаз Ташиев ооруканада жатканда аны сабаган милиция Шүкүр Нурматов “журналисттин дары-дармегине кеткен чыгымды төлөп берем” деп жабырлануучунун туугандарына тил кат жазып берген.
Өтө оор абалдагы журналисттин саламаттыгы күн өткөн сайын начарлай баштаган. Ошондон улам 10-июль күнү ал Ош облустук ооруканасына жөнөтүлүп, шашылыш операция жасалган. Башынан оор жаракат алган журналистке, тилекке каршы, операциянын жардамы тийген эмес. 8 күн эсине келбей реанимацияда жаткан Алмаз Ташиев 12-июлда жарык дүйнө менен кош айтышкан. Маркумдун сөөгү 13-июлда туулуп өскөн жери Ноокат районундагы Жар-Коргон айылына коюлду. Артында эки кызы жана бир уулу калды.

ИИМ маалымдайт

Ички иштер министрлиги бул окуяны башкача өңүттө маалымдайт. Алмаз Ташиев Шүкүр Нурматовго жаңы бөлүм башчынын ордун майлап отурганда эмес, 4-июлда мас абалында райондун борборундагы “Береке” кафесинин жанынан жолуккан. Нурматов жана жанындагы кесиптеши Баатырбек уулу Нургазы да кызуу болгон. Журналист Шүкүр Нурматов менен кыжыңдашып кеткен. Милиция кызматкери кызмат абалынан пайдаланып, журналистти бөлүмгө алып келген. Ошондо эле Ташиевдин көзү көгөрүп, оозу канжалаган болот.
Орган кызматкери Алмаз Ташиевди милиция бөлүмүнө болжол менен кечки саат 17.00 чамасында алып келгени менен, эмне үчүн кармагандыгы туура­сында протокол түзгөн эмес. Көз алдын­да болуп жаткан иш менен таанышкысы келбеген Жаңы-Базар милиция бөлү­мүнүн начальниги журналистти райондук РИИБге жеткирип салууну инспектор К.Абылкасымовго буюрган. Бирок К.Абылкасымов башка чакырык менен кетип калган. 4-июлдан 5-июлга караган түнү журналист каякта эмне кылганы туурасында маалымат жок. Ошентип, журналист 5-июль күнү эртең менен оор абалда ооруканага жеткирилген.

Өлүмгө себепчилер өз жазасын алышабы?

Ички иштер министрлигинен маалымдагандай, Шүкүр Нурматов кызматтан бошотулуп, 14-июль күнү камакка алынып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин буйругуна ылайык, Ноокат РИИБинин башчысы ишти убагында көзөмөлдөбөгөнү үчүн ээлеген ордунан бошотулду. Болгон ишке убагында чара көрүүгө аракет кылбагандыгы үчүн Жаңы-Базар айылдык милиция бөлүмүнүн аймактык инспекторлору Баатырбек уулу Нургазы, К.Абылкасымовдор кызматтарынан четтетилишти.
РИИБдин башчысы Ж.Осмонов, анын орун басарлары М.Күчканов, Н.Матназаров, Ноокат районунун милиция бөлүмүнүн инспекторлору Б.Ажикулов, З.Кожонов жана өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн инспектору О.Турдукулов ээлеген кызматтарынан төмөндөтүлдү. Мындан сырткары, Ноокат РИИБинин, Ош облустук ИИБинин жетектөөчү кызматындагылар көзөмөлдүк режимде иштешмекчи.

Бул журналисттерге болгон биринчи кол салуу эмес

«ЕККУ бүткүл дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстандагы журналисттерге кол салуулардын көбөйгөнүнө тынчсызданууда»,- деп билдирди
ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эндрю Тесорьер Ысык-Көлдө өткөн III Эл аралык адам укуктары боюнча форумда. Бул боюнча биздин өлкөдөгү журналисттерди коргоо уюму да мындай ишке жол бербөө үчүн кү­рөшүү керектигин билдирген.
Эске салсак, мындан эки жыл мурун көз карандысыз журналист Алишер Саипов белгисиз адам тарабынан атылып өл­түрүлгөн. Үстүбүздөгү жылда “Репортёр-Бишкек” гезитинин журналисти Сыргак Абдылдаев, оппозициялык гезиттин жазмакери Абдувахап Мониев, журналисттер Улугбек Бабакулов, Елена Агеева, Бахадир Кенжебаевдер белгисиз адамдар тарабынан токмоктолгон.
Кесиптешибиздин үйбүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, калган өмүр жашын артында калган уул-кыздарына берсин дегенден башка арга жок.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 351, 24-30-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан