Учурда дүйнөдөгү эң чоң крокодил болуп Австралияда «Green Island» аттуу фермада багылып жаткан Кассиус Клей эсептелет. Бул анын лакап аты жана узундугу 5,5 метрге, ал эми салмагы тоннага жетет. Аны мындан 26 жыл мурун кайыкта жүргөн адамдарга кол сала бергендиги үчүн кармап келишкен.
Жакында анын 110 жашка чыкканын белгилешти. Белек кылып жөжөлөрдөн турган 20 килограммдык торт тартуулашты. Аны кайран крокодил 30 секундда жалмап койду.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg