МИЛЛИОНГО БААЛАНГАН ДЕНЕ МҮЧӨЛӨР

Камсыздандыруу бул – элдерди ар кандай кырсыктын түрлөрүнөн коргоо, адамдар кандайдыр бир кооптуу окуяга кабылганда жардамга келе алат. Акыркы 20 жылдыкта атактуулар арасында дене мүчөлөрүн камсыздандыруу модага айланды. Камсыздандыруу агенттиктери кырсыкка кабылган адамдардын өмүрүн, ден соолугун кайрып бере албайт. Бирок келишим боюнча кардары төлөгөн каражаттын кайсы бир пайызын кайрып берүүгө даяр.

ЖЕКИ ЧАНДЫ КАМСЫЗДАГЫСЫ КЕЛИШПЕЙТ
Жылдыздар өзүнө кымбат дене мүчөсүн камсыздандыруу үчүн каалаган суммадагы каражат төлөөгө даяр. Мисалы, бийчилер, футболчулар, моделдер үчүн буттары, ырчылар үчүн үнү, гитаристтер жана башка музыкалык аспаптарда ойногон атактуулар үчүн колдору эң керектүү мүчөлөрү болуп эсептелет. Атактуулар арасында дене мүчөнү камсыздоо боюнча моданы 1920-жылдары Бен Тёрпин аттуу кылый көздүү дудук актёр баштап берген. Ал элди күлдүрүүдөгү негизги фишкасы деп эсептелген көзүн
20 миң долларга баалаган. Анын артынан эле кесиптештери Жимми Дюрант узун, чоң мурдун
50 миң долларга, Кен Додд аттуу актёр, өзү айткандай, орсойгон тиштерин 4 миллион долларга камсыздандырган.
Кошумчалай кетчү нерсе, камсыздандыруу агенттиктери өтө кооптонуп, келишим түзүүдөн баш тарткан атактуулар бар. Алардын бири Жеки Чан, анткени бул актёр кино талаасында көп жаракат алат. Ошон үчүн компания өкүлдөрү өз дене мүчөсүн тобокелге салгандан коркпогон Жекинин ар бир жараатын төлөп отургандан чочулашат.

ӨЗГӨЧӨ БУТТАР
Буту үчүн кабатыр болгондордун сап башында поп музыканын падышасы Майкл Жексон турчу. Ал бийге шыктуу буттарынын коопсуздугу үчүн 5 миллион доллар төлөп берген. Тилекке каршы, ал акча камсыздандырган компаниянын чөнтөгүндө кала берди. Ал эми ырчы Мэрайя Кэри коңур үнүн эмес, буттарын камсыздандырганы айрымдар үчүн таң калууну жараткан. Көрсө, Мэрайянын 1 миллиард долларга камсыздалган буттары жарнамадан андан да көп каражат тапканга жардам берет экен. Ырчы Рианнанын жоон, узун буттары 1 миллион доллар турат. Футболчулардан Криштиану Роналду атаандаштарынан далай топту буйтап өткөн буттарын 144 миллионго, Зинедин Зидан 30 миллионго, Майкл Оуэн 85 миллионго, Дэвид Бекхэм 70 миллион долларга камсыздандырышкан. Легендага айланган актриса Мэрилин Монро бутун 10 миң, Чарли Чаплин 20 миң долларга баалашкан.

КАЙРАН ГАНА КОЛДОР...
«Rolling Stones» тобунун гитаристи Кит Ричардс сол колунун ортоңку манжасына 1 миллион 600 миң доллар сарптаган. Айрымдардын «музыкант ортоңку манжасын бирөөнү кемсинтүүдө көп пайдаланат го» деп какшыктаганы да бар. Орусиялык чырдуу ырчы Земфира колдорун 170 миң долларга камсыздандырса, басылмалар ырчынын бул жоругун «өзүн пиарлоонун катардагы бир ыкмасы» деп чыгышкан. Ал эми чач жасалгалоо боюнча дизайнер, ырчы Сергей Зверев колдорун 1 миллион долларга камсыздандырган.

ЭҢ БААЛУУ КӨКҮРӨК-ТӨШТӨР
Айымдар арасында алгачкылардан болуп төшү үчүн кооптонгон актриса Софи Лорен болуп эсептелет. Ал көкүрөгүн жоготуп алуу коркунучун 120 миң долларга жойгон. Ал эми 5-өлчөмдөгү көкүрөгү менен далай мырзалардын көңүл ордосуна айланган Памела Андерсон сыймыктанчу мүчөсүн өз учурунда 35 миң долларга камсыздандырган. Андан сырткары төшүнө кам көргөн «Плэйбой» жылдыздары да көп.

КЫМБАТ ЖАМБАШТАР
Ырчы Женнифер Лопес жамбашын 300 миллион долларга камсыздандырганы алиге чейин айтылып келет. Женнифер бул маалыматты жокко чыгарганы менен, айрым пиар адистер «бул Женнифердин эң мыкты ойлонуп тапкан пиар ыкмасы» деп анын амалкөйлүгүнө баа берип келишет. Ырчы Кайли Миноуг да жамбашын 5 миллион долларга баалаган.

ҮНҮҢ БАРДА ЫРДА
Үнү менен жан багып, оокат кылышкан атактуулар өтө эле көп. Үнүнө өзгөчө кам көрүп, кырсыктап калса алдын алып койгондордун катарына Лучано Паваротти (1 миллион доллар), Тина Тёрнер (3,2 миллион доллар), Мик Жаггер (2,5 миллион доллар), Род Стюарт (6 миллион доллар), орус атактууларынан Николай Басков (2 миллион доллар), Витас (2,5 миллион доллар) жана башкаларды кошсок болот.

ШУМДУГУҢ КУР
Белгилүү порноактёр Рокко Сиффреди жыныс мүчөсүн кооптондуруп көпчүлүктүн чачын тик тургузган. Бирок порноактёрдун «иш аспабы» канчага бааланганы ачык айтылбай келет. «Чай вдвоём» тобунун солисти Денис Клявер кулагын камсыздандырган. Келишим боюнча агенттик Денистин кулагын моралдык да, физикалык жактан да коргоого акылуу. Эми элестетиңиз, бирөө Денисти урушуп кемсинткен сөздөрдү айтса, агенттиктин ага акча төлөп берип жатканын. Бирок толук сумманы ырчынын кулагын бирөө кесип кетсе же кырсыкка учураса гана төлөп беришет.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
Камсыздандыруу боюнча рекорд койгон бул – актёр Стивен Спилберг. Ал дене мүчөсүн бөлүп отурбай, бүт өмүрүн 1,2 миллиард долларга камсыздандырган. Модель Клаудия Шиффер жарнамалык жүзү үчүн 5 миллион доллар, Шэрон Стоун бүтүндөй денесин 5 миллион долларга, айтылуу Жеймс Бонддун ролундагы актёр Дэниел Крэйг денесин 9,5 миллион долларга баалашкан. Ал эми голливуддук жылмаюунун ээси Жулия Робертс жагымдуу күлкүсүн 30 миллион долларга камсыздандырган. «Kiss» аттуу рок-группанын негиздөөчүлөрүнүн бири Жин Симмонс узун тилдерин 1 миллион долларга камсыздандырган.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
abdygany007
2013-07-01 11:57:59
Хе хе хе мен кашымды камсыздандырып коймокмун,анткени туташып туратта каштарым.
+1
PROS
2013-07-01 13:43:19
Камсыздандырууга канча акча коротсок да Кудайдын буйруганына моюн сунабыз да! Эмне кереги бар кайрыдиндерге суктанып?!
0
abdumalik
2013-07-01 15:45:50
superinfo силерден сураныч камсыздандыруу жөнүндө толугураак маалымат берсеңер, мисалы канча эсе төлөп берет же компания оруканага кеткен чыгымды мойнуна алабы? эгер өмүрүн камсыздаган болсо акчалай мураскорлоруна берилеби? айтор толук толук маалымат. мен ойлоймун Кыргызстандын элин 50%н эле толук маалыматы жок бул жөнүндө. Алдын ала ырахмат!
+2
Kg.lady
2013-07-03 00:42:50
Тилдерин камсыздаганы неси.....Канчоо,мен билгенден адамзаттын бир эле тили барго......
0
mi-li-na
2013-07-04 11:47:49
Тошторуно, жамбаштарына желимди чаптап алышып анан аны сактандыргандары укмуш да булардын )))))))))))))
0
kg_stan2014
2013-07-05 14:13:14
мунун баары кара пиар!!!
0
Mirko.93
2013-07-05 16:15:25
биз Кыргызча суйлогон тилибизди камсыздандырып албайлыбы? Болбосо жоголуп бара жаткандай :)
+1
№ 556, 28-июнь-04-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан