Быйылкы жылы Ысык-Көлгө чумкуп, ден соолукту бекемдеп кетүү үчүн келе турган туристтердин саны 3 миллионго жетери болжолдонууда. Мындай сандагы туристтин келүүсү кыргызстандыктар үчүн жагымдуу кабар. Бирок элдин агымы көбөйгөндө баалар шыпты тешип, асманды көздөй чыгары бышык. Андыктан эс алуу жайларындагы бааларга көз чаптырыңыз, бул маалымдама сиздер үчүн.
ЖОЛ КИРЕНИН БААСЫ
Бишкек-Ысык-Көл каттамы боюнча жол кире баалары
(Бишкектеги Батыш автобекетинин тарифтеринин негизинде 1 адамга):
Бишкек-Балыкчы каттамы:
Бишкек-Чолпон-Ата каттамы:
Бишкек-Каракол каттамы:
ЭС АЛУУ ЖАЙЛАРЫНДАГЫ КӨҢҮЛ АЧУУНУН БААЛАРЫ
Кайык – 100 сом (саатына)
Банан – 150-200 сом (1 кишиге)
Скутер – 5 мүнөткө 500-700 сом
Катер – 10 мүнөткө (бир кишиге) 300 сом
Парашют – 1000 сом (1 кишиге, 1 жолку учууга)
Катамаран – 100-150 сом (саатына)
Теплоход – 300-350 сом (1 кишиге, 1 кыдырып келгенге)
Бильярд – 250-500 сом (саатына)
Сауна – 500-700 сом (саатына)
Караоке – 400-500 сом (саатына)
Мангал, казан ижарага алуу – 500 сом (мейманканалардан табууга болот)
Стол тенниси – 250-300 сом (саатына)
Дискотека – 100-300 сом
Бассейн жана машыгуу залы – 150-300 сом (саатына, 1 кишиге)
Массаж – 200-300 сом
Sony Playstation – 50-100 сом (саатына)
Тир – 1 ок 3 сом
Велосипед – 50-100 сом (саатына)
Карусель – 300-500 сом
Зонт – 100 сом (саатына)
Боз үй – 300 сом (1 кишиге)
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg