Тамакка туз, калемпир, томат кошмоюнча даамы чыкпайт. Ошонун сыңары тасмага дагы ар түрдүү эпизоддорду кошуп көрөрмандардын назарын бурбаса, көрүмдүүлүгү начар болуп калары анык. Заманбап тасмалардан эротикалык эпизоддорду көп эле кездештиребиз. «Биздин менталитетке туура келбейт» дегенибиз менен, кандай роль болбосун, актёр баарына даяр болушу керек эмеспи. «Туздуу» эпизоддорду ойноо кыйынчылык туудурган жокпу?» деген суроо менен актёр, актрисаларга кайрылган элек.
Атай Өмүрбеков:«КЫЗ-КЕЛИНДЕР ЖАМБАШ БУЛЧУҢУМА СУКТАНЫШТЫ»
«Ээнсиреген үй» тасмасы кыргыз журтчулугу үчүн чоң резонанс жаратты. Бул тасмага чейин деле төшөк маселеси ачык көрсөтүлө коюп жүргөн. Бирок жогорудагы фильмде мурункуларга караганда да таасын чагылдырылды бейм. Башкы ролдордун бириндеги Атай Өмүрбеков тасмага чейинки жана кийинки ойлору туурасында мындай дейт:
– Киного тартылардан мурун, албетте, биринчи сценарийди окуйбуз, психикалык жактан жакшы эле даярдандым. Съёмка жүрүп жатты, төшөк жагдайы тартылчу күндөр жакындаган сайын жүрөгүм дүкүлдөй баштады. Мындай окуяны чагылдырып бериш оңойго турган жок. Ата-эне, тууган, достор бар дегендей. Бирок өзүмдү колго алдым. Анткени мен актёрмун. Ушул кесиптин аркасынан нан таап жеп жаткандан кийин жеткиликтүү ойношум керек.
Ата-энеме «уяттуу жерлери бар киного тартылганы жатам» деп эскерткем. Көргөндөн кийин деле эч нерсе дешкен жок. Көрөрман тасманы карап отуруп өнөктөшүм экөөбүздү чын эле жыныстык катнашта болду деп ойлойт. Бирок Асел (Марал) дененин түсүнө өңдөш ич кийим кийип, анын үстүнө сүлгү койгон. Оператор, режиссёр, жардамчылары болуп он чакты адам карап турса ал жерде кайдагы дүүлүгүү?
«Ээнсиреген үйдү» алгачкы жолу экрандан көргөндө уялгам, азыр жок. Гонорары ата мекендик кинолорго салыштырмалуу жогору болду. Кинодон кийин жамбаш булчуңума суктанган кыз-келиндер болду.
Аскат Сулайманов:«ЖАЛГЫЗ БОЛСОМ УЯЛМАК ЭМЕСМИН»
«Айыл өкмөтү» фильминдеги милиция кызматкери дагы деле көпчүлүктүн эсинде. Аскаттын тасмада жараткан алгачкы ролу болсо да, ийинине жеткире ойногон. «Келинимди тыйып бер» деген кемпирге жардам бергенин көрүүчүлөр ичтеринен кымылдап гана көрүшсө керек.
– Тасмада жараткан биринчи ролум, анын үстүнө уяттуу эпизодду да ойношум керек, аябай кыйналгам. Ошол жерине келгенде уялганымдан тердейм, бетиме упа сүйкөшөт. Ого бетер чылпылдайм. Кинодогудай ал бөлмөдө тиги келин экөөбүз эле эмеспиз, жыйырмага чукул адам тегеректеп турат. Жалгыз болсом уялмак эмесмин да.
Назым Мендебаиров:«ЧОҢ АТАЛАРЫМДАН ТИЛ УККАМ»
«Кара жолтой» тасмасы унутта калбаган фильмдердин катарын толуктайт. Жарыкка чыккандан кийин көчөдөн шектүү адам көрүнсө, «чын эле ушул маньяк болуп жүрбөсүн...» деп элең-элең караган учурлар болгонун айрымдардан уккам. Маньякты дал өзүндөй аткарган Назым Мендебаиров тасмада өлүкканада жатып, анан тирилип кеткен жери бар.
– Сценарий боюнча мен шейшеп оронуп тартылмакмын. Анан эле жылаңач ойнойсуң дешти. Мен болбойт десем, режиссёр «моргго эч качан кийимчен киши жаткырбайт, жылаңач ойнойсуң» деп туруп алды. Ары тартышып, бери тартышып, акыры макул болдум. Бул үчүн чоң аталарымдан тил уктум. «Сен ошентпесең кыргыздын киносу өспөй калчудай болуп...» деп тилдеп алышты. Көпкө чейин аталарыма жолуккандан коркуп жүрдүм.
Кийин биз Түркияга барып келсек, кино элге көргөзүлүп калыптыр. Мен аэропорттон түшкөндө эле көпчүлүк мени башкача карап жатканын сезип жаттым. Үйгө келсем кошуналарым менин үйүмдүн жанынан балдарын мектепке узатып өткөрүшөт да, келе жатканда тосуп алышат. Менин көчөмдөн киши өтпөй калган. Бир жолу автобуста баратсам жанымдагы кыз «Байке, сизден бир нерсе сурайынбы?» дейт. Сура десем, «Ошол кинодон кийин психикаңыз өзгөрүлгөн жокпу?» деди. Көрсө, менин образым көрөрмандарга таасир калтырыптыр.
Таалайкан Абазова:«АЛ ОБРАЗЫМДЫ ЖАМАН КӨРӨМ»
«Свет аке» тасмасы да убагында чоң ызы-чуу жараткан. Анда Свет аке чоң илегенге жылаңач болуп отурат да, аялы жуундурат. Аялынын ролун ойногон Таалайкан Абазова мындай деди:
– Сценарийин окуп чыкканда бир аз тартындым. Тасмада жышынгычка самын сүйкөп, жылаңач болуп отурган жолдошумду жуундурам. Жолдошумдун ролун фильмдин режиссёру Актан Арым Кубат ойногон. Өзүмдүн күйөөм да актёр, «Свет акеде» да роль жараткан. Ошондуктан «жолдошум көрсө эмне дейт...» деп ойлонгон жокмун. Эки дубль менен тартканбыз. Чынын айтсам, ал образымды жаман көрөм.
Шайыр Касымалиева:«КӨП ГОНОРАР АЛЫШ ҮЧҮН ЖЫЛАҢАЧТАНЫШ КЕРЕК БОЛЧУ»
Эсиңизде болсо, бир кезде кыргыз сериалы гүлдөп өстү эле. Ошондо «Издейм сени» сериалы да жарк эткен. Биринин артынан экинчисин кубалап көргөн көрүүчүлөр чачтан көп болуп кеткен. Ал сериалда Шайыр эжебиз бир үй-бүлөнү бузуп тийген айымдын образын жараткан.
– Фильмди тартуу алдында бул жерин талкууга алганбыз. Башкача кылсак болобу десем, жок дешти. Бирок тартына тургандай деле болгон жокмун. Биринчи кофтамды чечтим, аны дагы чоң планда алышты, анан тасмадагы өнөктөшүм юбкамды өйдө көтөрөт, муну дагы чоң планда тартышты. Чоң план менен иштешсе, телевизордон баарын чечип салгандай көрүнөт.
Гонорарды сүйлөшүлгөндөй эле алдым. «Уяттуу жери бар, көбүрөөк акча төлөгүлө» деген жокмун, албетте. Антиш үчүн жылаңач болуп тартылышым керек эле.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg