Москва РИИБинин кызматкерлери тарабынан зордуктоого шектүү колго түшүрүлдү. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, Москва районунун 45 жаштагы С.С. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 22-июнь күнү кечки саат 22:00 чамасында 24 жаштагы кызын Идрис аттуу чала тааныш жигит өз үйүндө зордуктоого аракет кылгандыгын билдирген. Ага каршылык кылуу убагында жабырлануучу денесинен бычактан жана башка жаракаттарды алган.
Оперативдик издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Москва РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делинип 26 жаштагы Б.И. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Кылмышка шектелип кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 28-129-беренеси (зордуктоого аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.