ТАРЫХЫЙ МУРАСТАРДЫ САКТООГО АРНАЛГАН СЕМИНАР ӨТТҮ

25-июнь күнү Талас шаарында «Тарыхый-маданий мурастарды сактоодо жана өнүктүрүүдө мамлекеттик органдар менен маданий мекемелердин биргелешкен ишмердүүлүгү» деген аталышта семинар-кеңешме өттү. Иш-чаранын ачылышы 24-июнда саат 18:00дө Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган «Чыңгыз ааламы» аттуу сүрөт көргөзмө менен башталды. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү ошондой эле республиканын бардык аймактарынан келген маданият кызматкерлери катышты. Мындан тышкары аталган музыкалык мектептин концерттик залында Ибрагим Сотиковдун «Апендинин беш катыны» аттуу спектакли Капар Медетбеков атындагы Талас музыкалык театрынын артисттери тарабынан эл назарына тартууланды.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 556, 28-июнь-04-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан