«ОЮМДУ ЫР МЕНЕН АЙТЫП АЛСАМ, ЖЕҢИЛДЕП КАЛАМ»

Таластан чыккан таланттардын арасында Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын  Масалбек Шабданов да бар. Жан дүйнөсүн ыр ээлеген агай убактысынан бөлүшүп, маектешти.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1944-жыл, 26-октябрь.
Туулган жери – Бакай-Ата району, Маданият айылы.6 кыз, 2 уулдун атасы. 12 небере, 1 чөбөрөсү бар.
Жарык көргөн китептери – «Көрүндүк», «Өмүр ыйы», «Күн кечүүсүндөгү кездешүүлөр», «Бакай-Ата таланттары», «Кайыптар аралында», «Жүрөктөгү жазуулар».
1996-жылдан бери КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
12 ырына («Аталарга», «Үрмарал», «Алыкулга», «Мага жолуктуң кечигип» ж.б.) обон чыгарылып, ырдалып жүрөт.

– Масалбек агай, сизди эл көптөгөн ыр китептеринин жана публицистикалык чыгармалардын автору катары тааныйт. Акындык чыйырыңыздын башаты эмнеден башталган?
– Мен акын болгонго чейин көптөгөн кыйынчылыкты басып өттүм. Андыктан акындык чыйырым татаал эле болду. 7 жыл чабан болуп иштедим. Анан комсомол комитетинин катчысы, бөлүм башчысы болдум. КМУнун филология факультетин аяктап келип, райондук маданият бөлүмүнүн башчылыгын, райондук «Айыл жарчысы» гезитинин редакторлугун аркаладым.
Жараткан талант берсе, ал качандыр болсо да сыртка «култ» этип чыкпай койбойт. Анын сыңары мен да туулган жердин сулуулугуна арбалып, алгачкы «Үрмаралым» деген ырымды 12 жашымда чыгаргам. Кийин сүйүүнүн туткунуна чырмалып дегендей ырларды жазып жүрүп, акындык жүрөгүмө билинбей орун алып калды. Ыр менен ичтеги кусамды, ой толгоомду, элге айтар оюмду берип алган соң жеңилдеп, бугум чыгып калат. Андыктан ырларымды окуган адам менин ким экенимди билип алат. Башкача айтканда, акындык – менин күзгүм. Ырларым – менин сырларым. Жетекчилердин терс жоруктарын жазам деп далай куугунтук жеген күндөрүм да болду.

– Чыңгыз Айтматовду эскерүү кечесине катышып, ырымды окуп, анын «Бото көз булакты» кантип жазып калгандыгын билип келдим дедиңиз эле...
– Ошол эскерүү кече Айтматовдун чоңоюп өскөн жери Кара-Буура районунун Шекер айылынын четиндеги ачык асман алдындагы музейде болуп өткөн. Ал жерге Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын таштан жасалган айкелдери коюлуптур. Ошол музейдин чыгыш жагындагы Айтматов өз чыгармасында жазган «Бото көз» булакка адамдар зыярат кылып, булактан суу ичишип, беттерин сууга чайышты. Чыңгыздын бир тууган карындашы Роза Айтматова аталган булак тууралуу «Чыңгыз бир окуя айтып берди эле. Үчүнчү же төртүнчү класста окуп жүрсө керек. Окуучулардын баарын пионерге алып, агам Чыңгызды пионерге албай коюптур «сен душмандын баласысың» деп. Ыза болуп каалганы шарт жаап, класстан жүгүрүп чыгып, «Бото көз» булакка барып көз жашын төккөнүн айтып берген. Ошол булакка барып сырдашып, көз жашын төгүп жүрсө керек» деп эскерди. Көрсө, Чыңгыз чыгармасында ошол булакты чагылдырган тура.

Эскерүүдө мен ырымды окуп бердим. Бир куплетин айтып берейин:
Гүлсарат калды чабылбай,
Ташчайнар калды табылбай.
Ордунан турбай Каранар,
Онтолоп, боздойт Танабай.

– Сиздин денеңизде «Алла» деген жазуу бар дешет...
– Ооба, бар. Кээ бири ишенбейт, бирок чындык. Бул мындайча болгон. 2007-жылы 8-февралда үйдө уктап жаткам. Таңкы 4-5тердин ортосу. Аңгыча эле оң бөйрөк үстүм сайгылаша баштады. Эмне, бир нерсе чагып жатабы деп копшолуп коюп жатып калдым. Ага болбой эле катуураак сайгылашты. Эмне болду деп майкамдын алдына колумду салып, бөйрөк тушумду сыйпаласам ным. Жарыкты жандырып, күзгүгө карасам кан. Үйдөгүлөр туруп, жакшылап карашса, арабча жазуу пайда болуп калыптыр. Атайын бир нерсе менен чеккендей жазуулардын орду. Эртеси врачка бардым, анан ошол жазууларды сүрөткө тарттырып катып койдум.
Молдолор «Алла» деген сөз экен деп окуп беришти. Бишкектеги муфтиятта иштегендер да көргөн. Азыр ошол жазуулардын орду билинип-билинбей көрүнөт. Жыл өткөн сайын аздан өчөт окшойт.

– Жаңы чыгармаларыңыз да бардыр...
– Бар, эми ошолорду чогултуп жыйнак кылып чыгарсам деп жүрөм. Ага «Өлүм ыйы» деген ырым да кирип калат, буюрса. Анда:
Тазасын бер деп өмүрдүн,
Теңирден сурап көрөйүн.
Төкмө Өтө абам өксүгөн,
Төгүлбөс ырды төгөйүн,- деген саптар бар.

– Жолуңузду жолдоп ыр жазып жүргөн кыз же уулуңуз барбы?
– Тагдыр деген кызым ыр жазып жүрөт. Сынактарга катышып, алдыңкы орунга илешип келүүдө. Анын ырларын да жыйнак кылып чыгарып каларбыз деп тилек кылуудамын.

– Калемиңиз курчуп, дагы далай ырларды жарата бериңиз.
– Силерге да рахмат.

СҮЙҮҮНҮ БААЛАЙМ ДЕСЕҢ...
Сагыныч улам күчөп,
Сагынуу күндө күчөйт.
Сагынткан мени чексиз,
Сүйүү бул – өзөктө өрт.

Тартылган сүрөттөгү,
Тамчы кан жүрөктөгү.
Тамшантып кайталанбай,
Тар сүйүү мүнөттөгү.

Сүйүүлөр жашоого нур,
Сүйүүгө падыша кул.
Сүйүүнү баалайм десең,
Сүйүүгө болуп өт кул.

Сүйүүдөн азап көргөн,
Сүйүү деп шерлер өлгөн...
Сүйүүсү тунуктары,
Суурулуп чыккан көрдөн.

Сый көргөн тирүүлөрдөн,
Сүйүү бул сыр көрүнбөгөн.
Сүйүүлөр жашай берет,
Сен жана мен өлгөн менен.

КЫРГЫЗ БОЛСОҢ МАНАС ДЕП ӨТ
Кылыч шилтеп, бийлик деп жан талашпай,
Кыргыз болсоң, жан боорум, жакалашпай.
Кыргыз болсоң, атабыз Манас деп өт,
Кыл чайнашып өтүшкөн аталардай.

Сен түштүк, мен түндүк деп чукулашпай,
Сындырып, бири-бириңди тукурушпай.
Сан жеткис кылым бойлоп келе жаткан,
Салтты биз уланталы жүрөктө катпай.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aizat.kg
2013-07-01 11:39:06
Акын журогу эн таза болот.Кана бутун дуйно адамдарында акын дилиндей дил, журогундой журок болуп калса!
0
eliza89
2013-07-01 21:09:00
ооба,бул акын тууралуу менин маалыматым бар.адамдын журогунон орун тапчу ырлары арбын.айрыкча "урмарал"деген ыры мага абдан жагат.
0
№ 556, 28-июнь-04-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан