КҮЛКҮДЕСТЕ

Тамаша айтсам күлөсүңбү?..

Жашоодо адамдарды көптөгөн күлкүлүү окуялар коштойт эмеспи. Элге белгилүү инсандарыбыз да мындай окуялардан куру эмес.

Манасчы Уркаш Мамбеталиевдин жоруктарынан

Уркашты «жылан чакканда»

Филармониянын артисттери жайлоодогу чабандарга гастролдоп барышат. Бир күнү концерттен кийин манасчы Уркаш Мамбеталиев кайсактап баштыктан бир нерсе издей баштайт. Байкап турган Тууганбай Абдиев:
– Ой, кудай урган, аларды эмне чачып жатасың? - деп сурайт.
– Жапсарга барайын деп кагаз таппай жатам.
– О-о, жерге киргир, жайлоодо каяктагы кагаз болмок эле?! Илгери ата-бабаларыбыз мобул чөп менен аарчышкан,- деп чалкан жулуп карматып коёт. Жапсарга чуркап кеткен Уркаш шымын чала кийип, энтеңдеп чуркап келип, «жылан чакты, жылан чакты» дейт. Анда Тууганбай:
– Сууга чурка, кокуй, сууга отурсаң, кайтып кетет,- деп кыйкырса, ага ишенген Уркаш сууга отура калып, кайра аюудай айкырып атып турат. Бери жакта карап тургандар кыраан-каткы түшүп күлүп калышыптыр.

Орусту өз үйүндө сыйлап...

Ошол эле Уркаш Мамбеталиев бир күнү подъездден адашып, тааныбаган орустун үйүнө кирип кетет. Чечинип, диванга чалкалап жатып алып телевизор көрүп жатса, ашканадан ич кийимчен орус аял чыга калат. Анда Уркаш Мамбеталиев шашып кетип: «Заходите, заходите»,- деп коёт дейт.

«Отуз сом бар болчу»

Уркаш Мамбеталиевдин үйбүлөсү көп кабаттуу үйдөн жер тамга көчүп келишет. Бир күнү баары ашканада «Просто Мария» телесериалын көрүп отурушканда үйүнө ууру кирип тоноп кетет. Ызы-чуу түшүп эле «аны алып кетиптир, муну алып кетиптир» деп жатышса, Уркаш:
– Деги каракүл жака пальтом бар бекен?- деп кай­ра-кайра сурай берет. Анда жубайынын жини кашайып:
– Пальтоң менен жерге кир, биякта андан да баалуу буюмдар жоголуп жатса, аны эмне эле кайталап сурап калдың?- десе, Уркаш:
– Чөнтөгүндө катып жүргөн отуз сомум бар болчу,- деп коёт дейт.

Мушкерлер да жалаяк жуушат

Алмазбек Раимкулов кайрадан камакка алынды. Ага америкалыктар расизм боюнча күнөө коюп жатышат. Далил катары кыргызстандык спортчунун рингде негрлерди муштап жаткандагы видеосу сакталып калыптыр.

–––  –––

Жарыя: Наркозсуз эле пластикалык операция жасайм. Табигый ыкма менен мурун, кулак жана жаактын формаларын өзгөртөм. А.Раимкулов.

–––  –––

Алмазбек барга кирип, ичкенге виски буюрат. Бир аздан кийин кайрадан виски сурайт. Аңгыча эле аны кумир туткан бармен:
– Кечиресиз, сиздин кезектеги беттешиңиз качан болот?
– Ошону мен да ойлоп жаткам. Менимче, азыр болот окшойт, анткени акчам тү­гөндү.

–––  –––

“Бриллиант жигит” аталган кыргызстандык мушкерден журналист интервью алып жатат:
– Сиз ырым-жырымдарга ишенесизби?
– Албетте. Ишенбесем кол кабымдын ичине бриллианттан жасалган такаларды салып албайт элем да!

–––  –––

Алмазбектин Золушкага айтып жаткандагы сөзү: «Анан 12-раунддан кийин сенин башың ашкабакка айланат...»

–––  –––

Алмазбектин кезектеги беттеши качан болору белгисиз. Себеби ал кызынын жалаягын жуугандан колу бошобой жатыптыр. Ошондуктан Кыргызстанга келүүсүнүн себеби бала багуучу табуу экен.

Шоу-бизнестен жаралган макалдар

Ырдай албаган микрофон тандайт.

Карышкырдын түшүнө кой кирет,
Тамаданын түшүнө той кирет.

Соодагер баркы менен жылкы өтөт,
Продюсер баркы менен ырчы өтөт.

Мыкты обон тантык ырды хит кылат,
Начар обон мыкты ырды ит кылат.

Бакылдаган депутатты
Трибунадан көрөбүз.
Шакылдаган ырчыны
Сахнадан көрөбүз.

Ырчылыкты өнөр туткан,
Продюсерди медер тутат.

Колдогон демөөрчүсү бийик болсо,
Үнү жок ырчы да ыйык болот.

Артист менен баш кошсоң,
Чемоданыңды ала жүр.

Ырчы болуу – аста-аста,
Сынчы болуу – бир паста.

Жакшы студия колдур үндү
коңур кылат.

Үндүүнүн баары ырчы болбойт,
Тилдүүнүн баары сынчы болбойт.

Телибай Тентек
press@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 351, 24-30-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан