Жакында Кыргызстандын аймагына кирип келген өзбек чек арачылары кыргыз жаранын атып өлтүрүп, анын автоунаасын өз аймагына алып кирип кетишкен.
МАРКУМДУН БАЛДАРЫ ЖЕТИМ КАЛДЫ
2013-жылдын 20-июнь күнү болжол менен түнкү саат 12лер чамасында Кадамжай районуна караштуу Марказ айыл округунун Сарыбай айылынын жашоочусу, 1976-жылы туулган Бакытбек Тагаев өзбек чек арачыларынын колунан набыт болду. Аталган райондун Майдан айыл округунун Сары-Алтын айылынын аймагындагы Өзбекстан менен чектеш жерде өзбек чек арачылары ок чыгарып, ал октон өз автоунаасында отурган Бакытбек Тагаев жаракат алган.
Жарадар болгон Бакытбек ошол жерден алыс эмес аралыкта жайгашкан Бак айылынын тургунунун үйүн көздөй качкан. Октун үнүнөн улам ойгонгон үй ээси короого чыкканда канжалап келген Бакытбек андан ооруканага алып баруусун суранган. Бирок ошол убакта анын артынан кууп келген өзбек чек арачылары үй ээсин курал такап коркутуп, анын көз алдында Бакытбекти сабап, андан соң аны атып салышкан. Алган жараатынан улам Бакытбек Тагаев ошол жерден жан берген. Биздин жаранды биздин аймакта набыт кылган өзбек чек арачылары «кыргыз жараны биздин аймакка өткөн» деген жалааны жабуу үчүн Бакытбек Тагаевдин Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү автоунаасын өз өлкөсүнүн аймагына айдап кирип кетишкен. Маркумдун артында 5 баласы жетим, аялы жесир калды.
«БАЛАСЫНЫН ДЕНЕСИН КӨРГӨН АТАСЫ ШАЛ БОЛУП КАЛДЫ»
Тун уулунан айрылган Бакытбек Тагаевдин апасы ТЕМИРЖАН апа уулу жана ошол каргашалуу күн тууралуу буларды баяндап берди:
– Балам ачык-айрым, шайыр жигит болчу. Тун уулум болгондуктан күйүмдүү, боорукер жан эле. Ошол күнү ал биздин үйгө келип беде ташышкан. Ал эми келиним неберелерим менен чогуу андан кичүү уулумдун үйүнө гилас тергени кетишкен. Бакыт «апа, мен балдарым баргыча үйгө барып тоокторду карап, суу ташып турайын» деп кеткен боюнча минтип кайрылып келбеди.
Түнү уйкум качып, көпкө чейин китеп окуп отурдум. Бир убакта саатты карасам түнкү 12 болуптур. Андан көп өтпөй уктайын деп жатсам телефонума коңгуроо келип калды. Орусиядагы балдарым окшойт деп телефонду алсам кайним экен. Ал «жеңе, уктай элексиздерби? Акемди ойготуп Гүлпиянга келиңиздер. Бакытты атып кетиптир» деп ыйлап телефонду өчүрүп койду. Башка балдарым Орусиядан келе жатышкан эле. Биз көчөгө чыгарыбыз менен эле алар келип калышты. Балам бутуна ок тийген болсо кан агып жатса керек деген ой менен Гүлпиянды көздөй жөнөдүк. Ал жакка барып буту эмес, бүт денеси канга чыланып өлгөн баламды көрдүм. Атасы ошол жерде эле өзүн жоготуп, шал болуп калды. Мен баламды көздөй жүгүрсөм, мени кармап калышты. Канчалык аракет кылбайын, баламдын денесине жете албадым. Ошол жердеги милиция кызматкерлеринен «эмне болду, ким атты? кимди коргодуңар?» деп сурадым. Алар жанды кашайтып, кайра менден «канча ок тийиптир?» деп сурап жатышат.
«БАЛАМДЫН ӨЛҮМҮН ЖӨН КАЛТЫРБАЙМ»
– Мени күйдүргөнү, өзбек жарандары кыргыздын жеринде кыргыздын жаранын өлтүрүп, кайра чыгып кетип жаткандыгы. Кыргыз чек арачылары жокпу? Өзбек чек арачылары бизди ушунчалык тебелеп жатышса да, эч бир чара көрүшкөн жок.
Баламды аман алып калалы деп «Тез жардам» чакырдык. 3-4 сааттан кийин келген алар баламдын өлүп калгандыгын айтышты. Ошол «Тез жардам» унаасы менен өлүкканага алып бардык. Мен «бербейм» деп ыйласам, баламдын киши колдуу болуп өлгөндүгүнө байланыштуу анын денесинен окторду алып текшерүү керектигин түшүндүрүштү. Окторду алып, баламдын денесин кайтарып беришти. Ушинтип баламды кара жерге берип сыздап отурам.
Биз эмне үчүн өзүбүздүн аймакта кенен жүрө албайбыз? Баламды биринчи аткан жерге барсам, 2-3 катар аскер, милиция кызматкерлери тизилип калыптыр. «Эмне үчүн чек араны карабадыңар?» десем «бизде жоокер жок» дешти. Бар экен го, иш бүткөндөн кийин келишти. Колдорунан эч нерсе келбеген соң түштөн кийин бензин кетирип келип эмне кылышат? Балам өлгөнгө чейин каякта эле булар? Менин балам чек араны бузуп өткөн жок. Азыр аны «контрабанда ташыган» деп жатышат. Бирок андай эмес, ал Кызыл-Кыя менен Кадамжайга адамдарды ташып, таксист болуп иштечү. Анан да анын унаасы жүк ташуучу эмес, жеңил унаа. Эгер балам өзбектердин чек арасынан контрабанда менен бир карыш аттаганда анан аны атканда баламды өзүм эле «ии, балам, напсиңдин айынан өлүпсүң» деп жер казып көмүп коймокмун. Эч бир адамга арыз-муңумду айтып мынчалык күйбөйт элем. А бирок окуя биздин аймакта болуп жатпайбы. Бийлик өкүлдөрү «10 күн күтүп туруңуз» дешти. Эгер ушул 10 күндө күнөөлүүнү таап беришпесе, кандай жол менен болбосун, мен Өзбекстандын чек арасына кирем. Баламдын өлүмүн мен тим калтырып коё албайм.
«ӨЗБЕК ТАРАП КЕЛИШИМДИ БУЗДУ»
Бул окуядан көп өтпөй вице-премьер-министр Токон Мамытов «өзбек чек арачылары чек араны коргоо тууралуу мамлекеттик жана эл аралык бардык келишимдерди бузду» деп билдирди. Айтымында, ал Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнө жолугуп, нааразычылыгын билдирген. Ал эми өзбек тарап «жаңжал Өзбекстандын аймагында болгон» деп билдиришүүдө. Бирок алгачкы иликтөөдө маркум Бакыт Тагаев Өзбекстандын аймагына өтпөгөндүгү, өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кылмыш кылгандыгы далилденген. Буга Тагаевдин автоунаасынын издери, далил буюмдар Кыргызстандын аймагынан табылганы далил боло алат.
Өзбек чек арачыларынын бул кылмышы боюнча Кадамжай РИИБинин тергөө бөлүмү «өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» жана «автоунаа уурдоо» беренелери менен кылмыш ишин козгогон.
Чек арачылардын огунан ажал тапкан жарандын туугандары, айылдаштары кылмыш кылган өзбек чек арачылары жазага тартылуусун талап кылып митинг өткөрүштү.
Мындай чек ара жаңжалы биринчи ирет болуп жаткан жери жок. Көп аймактарыбыздагы чек ара али такталбаган, эч кандай тосмо же чуңкур жок. Мындан пайдаланган коңшу мамлекеттер жерибизге кирип келүүдө. Чек ара маселесин тезинен чечишпесе, качанкыга чейин киши өмүрү кыйылат?..
Бегайым Тажибай кызы
koom@super.kg