ЖОЛ БОШОТКУЛА, РУЛДА АЙЫМДАР

Маданият чөйрөсүндөгү айымдардын жашоосуна көп кызыгат эмеспизби, «аларда машина, үй, баары бар, кааласа чет өлкөдө эс алышат» деп. А бирок эл алдына ай чырайлуу болуп чыккан бул айымдардын кычыраган жашоосунун артында эринбеген эмгек турары шексиз. Назарыңыздарга дал ошол унаа айдаган атактуу айымдардын тизмегин тиздик.

Айчүрөк Иманалиева, «Заманыбыздын супер ырчысы», КРнын Эмгек сиңирген артисти:«МЫНДАЙ УНАА ШААРДА ЖАЛГЫЗ»
– Айчүрөк айым, Бишкектеги жалгыз унааны кандайча алып калдыңыз?
– Мындан эки жыл мурун шашылыш сатабыз деп чыгарышканда дароо алганбыз. Бул үлгүдөгү унаа азырынча Бишкек шаарында жалгыз. Башында көчөгө айдап чыксам көпчүлүк «бизге саткылачы» деп кызыга беришчү. Биз ого бетер кызганып, «эми алдык, сатпайбыз» деп калар элек. Өзүм алгачкы темир тулпарымды алганда катуу автокырсыкка кабылгам, ошондон бери рулга отургандан корком. Дайыма жолдошума айдатам. Анысы аз келгенсип, катуу ылдамдыктан жүрөгүм түшөт, чоң жолго чыкканда ылдамдыкты 100дөн ашыртпайм. Болбосо, жүрөк коёндукундай, калтырап-титиреп кетем.
Кудайга шүгүр, жаңы буюм баары бир жаңы да, машинам бузулуп бир да кыйнаган жок. Өзүм көп техниканы сүйүп көзөмөлдөй бербейм, унаага отурам, жетчү жериме жетем. Бир нерсе жакпаса, болгону, «ай, жыйнап койбойсуңарбы» деп коём (күлүп).

Жылдыз Тутуева, ырчы:«КЕП КЫЛБАСЫН ДЕП РУЛГА ОТУРГАМ»
– Жылдыз айым, эмне үчүн Mitsubishi Space Star үлгүсүн тандагансыз?
– Мен муну канча күн машина базарды таптап жүрүп тапкам (күлүп). Өзүм кара түскө жакынмын. Кызыл, сары деген ачык түстөр көп жага бербейт. Кара түс алда канча сымбаттуу, сүрдүү көрсөтөт эмеспи. Анан көлөмүнө келсек, өзүмө окшогон дебейинби. Өтө чоң эмес, кичине да эмес, орточо.

– Алгачкы жолу качан рулга отургансыз?
– 5-6 жыл болуп калды. Ата-энем «элдин адамысың, эми автобуска түшсөң «Жылдыз минтип калыптыр» деп кеп-сөз кылышат» дегенинен улам рулга отургам. Андан бери, оо, кыйын айдоочуга айландым. Азыр кайра троллейбуска отургум келет, машинада жүрө берип элди көрбөй сыгылып кеттим.
Тулпарымды өзүм эле жууп коймоюм бар, колдон келсе кээде оңдоп да коё берем. Анан дөңгөлөк жарылганда байкуш болуп туруп калам. Эсимде, бир жолу жолдошум Орусияга жумуштары менен кеткен. Унаа токтотуучу жай алыс, эринип дарбазанын алдына токтотуп койгон элем. Күндө жумушка жөнөсөм дөңгөлөгүмдү тешип кетишкен болот. Ушунчалык жаным чыккан ошондо, шалпыйып кошуналарыма барам. Аларды да далай убара кылып жүрдүм.

Бураш, ырчы:«КЭЭДЕ ТАКЫР МАЙ КЕТИРБЕЙМ, ЖӨӨ ЖҮРӨМ»
– Бураш, машинаң менен мамилең кандай?
– Башында анча эмес болчу. Элестетсеңиз, мага бир жерге токтотуу азап эле. Кыйналып ары айдап, бери айдап, ылайыктуу жай тапкынымча карап турган мырзалар «мына сага кыздардын машина айдаганы» деп шылдыңдап киришчү. Азыр бир аз мамилебизди оңдоп алдык.

– Унааң сен үчүн чоңдук кылбайбы?
– Жо-ок, кайра жакшы. Жол, башканын баары ичинен көрүнүп турат. Бир жарым жыл көп нерседен баш тартып жүрүп алган чоң байлыгым ушул унаам болду. Мага ушундай өзү жумшак, ички жасалгасы кооз унаа жакчу, атама да жагат экен. Ошого кошумчасын кошуп Лексусту сатып берди. Анын үстүнө аз эле май жейт же мен аз айдаймынбы, билбейм. Кээде такыр май кетирбейм, себеби жөө эле жүрөм.

 

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жол бошоткула, рулда айымдар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
SHATY
2013-07-01 21:24:11
Баалары ото кымбат корсотулуптур! Мумкун эмес, мисалы 1995 ж.мерс ешка 8000долл.турбайт! Mersedes benz ceska деген машине жок, мерс.бенц С 202, 203 жана 204 кузовтогогу машинелер болот, бизде С 202,203 коп. (Цешка деп коет, Ceska дегенинер ошолго). Элди билбейт деп алдай бергенинерго, туура жазгылада! Алдабагылада! Супер Инфого ишеничибиз арта берсин.
0
jaina
2013-07-02 10:01:42
SHATY, сизге рахмат кайдигер карабай, пикириңизди айтканыңыз үчүн. Катачылык кетиптир, оңдолду! Ал эми машиналардын баасы боюнча, азыркы сатылып жаткан суммага туура келбей калышы мүмкүн. Айрымдар көп жылдан бери айдап жүргөндүктөн, ошол алган мезгилдеги баасы менен жазылган.
0
jalgyzdyk
2013-07-03 12:58:48
SHATY, ким билет аларды ырчы чоорчу деп коет алдаш колунан келбейт бекен, журушпойбу аялым жок деп эки балалуу болушууууп
0
suiush
2013-07-02 00:12:13
Assoldo kaidan ushuncha akcha...???
0
INDIRA_89
2013-07-02 04:13:51
suiush, олуп калган куйосу калтырып кетсе керек да
0
nasik198
2013-07-02 00:47:20
Ай-иииий булар мынча акчаны кайдан ,кантип табышат ырдап эле ошончо таап коюушабы?Бироо ичерге суу таппай журсо,бироо кечерге кечуу таппай журот.
0
Beka_89_kg
2013-07-02 04:26:12
Тан калыштуу квартира алганы 50мин долллар чогулталбай Москвада иштеп журом булар акчаны каяктан алат машинага 98 мин долллларааа
0
doni89
2013-07-02 05:20:41
Бул жерде арзаан баада сатып алынган темир тулпарлар жок го баары эле чоон сумадагы акчаго аларда мынча акчасы болсо гастролго чыкпайле майда чайнаап жеп жататго уйундо эле кызык.
0
jibeka09
2013-07-05 21:47:37
doni89, Ошо гастролдоп журуп тапкан акчаларына алышат да. Баарынын машинасы акжолтой болсун.
0
altyha
2013-07-02 07:08:24
maga en kuzuktyysy ayumdar interview uchurunda remen bezopasnosty tagynushpai dalaktashat ko. 1 ele tagynyptyr janylyshpasam
emi erejeni buzganynar oshol jerden ele korunup jatat urmatyy ayumdar
0
detective
2013-07-02 16:08:29
кызык мен замандан артта калдымбы ээ? 5,6 жыл мурда дейт... Бураш, Жылдыз Тутуева дегендер ким? мен шоу бизнес жанылыктарын калтырбай угам,кором,окуйм. эмнеге аларды тааныбайм? кайсы ырларды ырдашат? жардам бергилечи заман менен тен кеткени????? интернет, телевизор, дисктерде да жок корбогом. (((((((
0
MaRmeLaDka
2013-07-03 12:19:18
detective, анча-мынча жаңылыктарды калтырып жиберет окшойсуз)). http://www.super.kg/media/video/46481/ бул ырды угуп, клипти деги эле көрсөңүз керек. Бурашты тааныбасаңыз, ырларын угуп көрүңүзчү, балким аны да билип каларсыз. http://www.super.kg/media/?search_term=издөө...&search_author=457&media_search=1&x=0&y=0
0
detective
2013-07-04 16:37:54
MaRmeLaDka, рахмат чон)))))))))))
0
otin
2013-07-03 11:34:04
кызык ошончо акчаны кайдан алышат болду экен ? же ырчылар чынында ошондой коп акча табышатбы ... мен да ырчы болсом окшойт
0
best-life
2013-07-04 11:43:28
Бураштын машинеси туруп, жоо басканы окшошпой калдыбы же кандай?)))) Ошондой чон машинени алган чонток майдын баасын деле которот белеееее деген ойлор келбей койбойт экен.Баарына ийгилик, жакшы машиналары бар экен, особенно 1,2,3 катардагы машинелердин ээлеринин машиналары аябай жакты.
0
adigineeva
2013-07-04 15:07:14
mawina aliw uchun bular da kiynaliwkan aitsan soz kop,,,aitip koyuw onoi ele biz ekoolop bir matiz alalbai jatabiz(((
0
gutler
2013-07-04 17:25:08
даа,ошончо акчам болсо,2-3 уй сатып алат элем!
0
erkele
2013-07-07 04:42:01
жаман алдашкан го как будто биз тупойбуз да
0
E.COM
2013-07-07 20:24:32
Айчүрөк Исманалиева тим эле мактанат ко Мындай унаа шаарда жалгыз деп Жалгыз болсо анда эч ким минбегееен замандан артта калган машине экен да.
0
Aikala
2013-07-07 23:46:05
Азыркы жаш ырчылардын куйоолору бай бизнесмендер,ошолор алып берет да машинаны.Биздин илгерки Гулнур,Динара атуу ырчыларыбыз качан машина айдашты эле сахнага чыгаары менен эле.
0
azigrun
2013-08-14 01:35:24
Super info bir az baalary ashyrtyp koypsunar, Assoldun mashinasy 98000 min emes, 50-60 ele da...
0
№ 556, 28-июнь-04-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан