ЖЕҢИШ ҮЧҮН БААРЫ ДАЯР!

Бишкекте 20 жашка чейинки жаштар арасында оор атлетика боюнча Азия биринчилиги башталарына саналуу күндөр калды. Мелдеш 2-8-июлда Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтмөкчү. Даярдыктар жана Кыргызстандын желегин желбиретчү улан-кыздар менен таанышып алыңыздар.

Өмүржан Молдодосов, уюштуруучу топтун мүчөсү:«МЕЛДЕШКЕ 15 ӨЛКӨДӨН 200ДӨЙ СПОРТЧУ КЕЛЕТ»
– Жаштар арасында Азия чемпиондугунун Бишкекте өтүүсү спорттук чоң майрам. Учурда мелдешке даярдык жакшы. Буга чейин мамлекет тарабынан оор атлетикага эч кандай жардам көрсөтүлгөн эмес. Шаарларда эскилиги жеткен штангаларды көтөрүп машыкса, айыл жерлеринде өздөрү колго жасап алган темир же башка нерселерди көтөрүү менен машыгып келишкен эле. Эми гана кичине колдоо көрсөтүлө баштады. Мелдешке деп эркектер үчүн жаңы 28, кыздар үчүн 18 штанга алынып келинди. Булар мелдеш жыйынтыкталгандан кийин оор атлетика менен машыккан штангалары жок айыл жерлерине таратылып берилет. Эксперттер тарабынан эскертилген Спорт Ордосунда штанга таштала турган жери да оңдолду, келген коноктор үчүн транспорт, жатакана маселелери чечилген. 15 өлкө мелдешке катышууга макулдугун беришти жана болжол менен 200дөй спортчу келери күтүлүүдө. Айта кетчү жагдай, катышкан бардык өлкөлөр өз каражаттары менен келип кетет.

Замирбек Cагынов, оор атлетика боюнча курама команданын машыктыруучусу:«УТАБЫЗ ДЕГЕН ҮМҮТ ЧОҢ»
– Биздин команданын даярдыгы жакшы. Казакстанда сбордо болуп келдик, бул жакта да даярдыктар жүрүп жатат. Жаштар арасында Азия биринчилигинин Бишкекте өтүүсү оор атлетиканын өнүгүүсүнө чоң кадам болот. Башка өлкөлөр да күчтүү курам менен келишет. Бизде бул мелдеште 4-5 медаль алабыз деген үмүт бар. Балким, «үйдө дубалдар да жардам берет» дегендей болуп болжогондон көп медаль алып каларбыз. Болгон аракетибизди жакшы даярдык үчүн жумшадык, калганын убакыт көрсөтөт.

 

 

КУРСАНТ ТӨЛӨНОВ
Жетишкендиктери
– Жаштар арасында Доха шаарында өткөн Азия чемпиондугунда 3-орун
Туулган жылы – 1997-жыл
Салмагы – 77 кг
Өздүк рекорду – Түртүп көтөрүү – 145 кг, жулкуп көтөрүү – 122 кг


 

«БУЮРСА, МЕДАЛЬ УТАМ»
– Курсант, спорттун оор атлетика түрүнө кантип келип калдың?
– Алгач досум менен залга машыгуу үчүн баргам, бир-эки жолку машыгуудан кийин эле кантип берилип кеткенимди билбей калдым. Ата-энем башында «ден соолугуңа зыян» деп каршы чыгышкан, кийин медаль утуп баштаганымда «туура чечим чыгарыптырсың» деп колдоп калышты.

– Машыгуу учурунда оор жаракат же бир жериңди сындырып алган учур болгон эмес беле?
– Жок, жаракат алган учурлар болгон эмес. Себеби оор атлетикада алгачкы кадам бул – штанга көтөрүү эмес, көтөргөн штанганы жаракат албай турган кылып таштоо болуп саналат.

– Оор атлетикадан башка да спорттун кайсы түрүнө кызыгасың?
– Кээде теннис, бильярд ойноп калам, бирок өсө турган спортум оор атлетика экенин билем.

– Бул мелдеште жакшы көрсөткүч көрсөтө алам деп ойлойсуңбу?
– Даярдык жакшы, буюрса, медаль алам деген ниетим бар. Чоңдор арасында Казакстан жана башка өлкөлөр менен тең тайлаша албасак да, жаштар арасында биздин командабыз күчтүү.

БИЗДИН НАМЫСЫБЫЗДЫ КОРГОЙ ТУРГАН АЗАМАТТАР

Айбала Эргешов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Anjella89
2013-07-01 19:23:55
Жалан 93дор го
0
№ 556, 28-июнь-04-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан