(Башы өткөн сандарда)
Кыңыр иш кырк жылда билинет, Асманга Адилет тууралуу түркүн сөздөр жетти. «Баңги болоруна аз гана калды» деп айтып келишти көбүртүп-жабыртып. Эми эмне кылмак, жолунан жолуккан жигит кыздын жан дүйнөсүн өрттөп, сырткы келбетине, сулуулугуна суктанып баш ийдирип алат да, ара жолдо калтырат. «Адилет келиптир» дегенди уккан Асман кабагы суз тосуп алды.
– Уктум, баарынан тажадым, баарын ал, мени коё бер,- деди Асман.
Кылмышкер сымал башын шылкыйтып туруп берди жигит.
– Сен жакшы адамсың, жакшы жигитсиң, билесиңби, бирок сенден жакшы күйөө чыкпайт!
– Билем, болду эми, жемелебе! Коштошкуң келгенин канча ирет айттың, мен көнбөдүм, көгөрдүм! Аракет кылдым, Асманга татыктуу адам болууга белсендим, майнап чыкпады, мен
ушундай экенмин, кечир. Билбейм, сенсиз кандай өмүр сүрөрүмдү...
– Рахмат, мага чыдаш да керек! Сен мени колдоп-коштодуң, өзүмдү эң алсыз аялзаты катары көрүп, бул ааламдан безип кетким келген убакта, жардын кырында турганда сууруп чыктың! Бизнесиме жардам бердиң, өзүңө тиешелүүсүн ал эми, мен эркинмин, мен да бактылуу болгум келет.
– Мен бул имаратты баары бир сатмакмын, мында келип эмнени кыйратмак элем? Бул кеңсени көрсөм, эски жараатым козголот! Каалайсыңбы, сатып ал, кийин бересиң акчасын!
Ошентип, Асман Адилет менен кол үзүштү. Ашыктыктын асманында жүргөн күндөрүн көп эскеришпеди, сүйлөшүп чечишип алышты. Бирок кыз көөдөнү дале өрт. «Эмнеге менин жашоом ушундай татаал? Атактуулуктун даамын таттым арманым жок! Бирок неге мага күйөө болчу адамдан дайым адашам? Жолумду таппай карбаластайм» деп баш катырып жүрүп бир топ убакытты өткөрүп жиберди.
Убакыт баарын таразага коёт экен, өткөн жараат аста-секин айыга баштады. Сахнаны сагыныптыр, гастролдоп жер-жерлерди кыдырып концерт коюп келди. Бүгүнкү күндүн жетишкендиктеринин бири – интернет ааламы болуп калбадыбы. Асман мурда такыр кызыкчу эмес, акыркы кезде виртуалдуу дүйнө аны арбады. Өздүк баракчасындагы досторунун саны миңден ашат, арасында күйөрмандары көп, ага сөз айткан жигиттер мындан көп. Ошолорду тазалайын деп отуруп Мелис дегенге көзү түштү, «бул дале жүргөн тура, атын уккум келбейт» деп өчүрүп салды. Ошону менен унутулуп калган, эки жумадан соң андан кат келип жатпайбы.
– Мени жашооңдон өчүрүш жеңил болуптур! Ооба, ага өзүм күнөөлүүмүн. Бул сулууну сүйүп, баары бир жетпей калам деген жаман ойдо карындашымды машинага салып сага баргам. Кайдагы Москваны ойлоп таап, көңүлүңдү калтыргам. Ошондо жаш болчумун, корунуп, өзүмдөн өзүм сени кызганчумун. Ошол жаштыктын күчүнө салып сени жоготуп алгам, кийин кайрылып барганымда эжең турмушка чыгып, сен машина тээп, атың таанылып калган экен. Жаныңда жандап жүргөн жигитти көрүп, андан «бул менин сүйгөнүм» деп талашышты туура көрбөгөм. Бекер кылган экенмин, бекер. Мени кечир. Сен «Мириңден» өчүрбөй жүргөндө үмүтүм үзүлчү эмес. Тагдырды таш боор деп жаман көрүшөт экен, мен антип айталбайм. Тагдырга ыраазымын, сендей жанды мага кезиктирген! Убагында ката менден кетти, калп айтканда эмне, артыңдан айлап-жылдап акмалап жүрдүм. Бирок сенин берген маегиңден соң сүйүүсүнө тоскоол болбоюн деп үй-бүлө күттүм, балалуу болдум. Бирок бешенемби, ортобузда сүйүү жок экен, ал жигитине өчөшүп мага тийип алганын дайыма айтчу, ошентип жүрүп ажырашып тындык... Оюмдун баары сенде, Асманым. Ушунча жыл жоголуп, эми пайда боло калып сенин жан дүйнөңдү өрттөгүм келбейт, бирок мен сени сүйөм!..
Мына ушундай кат экен, Асмандын көз алдына дароо мындан 7-8 жыл мурунку окуялар тартылды. «Мелис, Мелис...» ушинтип атын гана атап отура берди нес болуп. «Сен менин туңгуч сүйүүм элең» деп коёт. Ага жооп жазууга белсенди. «Салам! Сенин атыңды унутуп калгам, андан бери канча суулар акты. Бирок эмнегедир ошол убакка мына азыр кайтып баргым келип турат...» Кыска гана ушинтип жазып жөнөттү. Бир аз убакыттан соң телефону чырылдап калбаспы.
– Алло!
– Алло, Асман?
Асман бул коңур үндү миң жылда жазбай тааныры бышык. Үн катпады, жок, үнүн чыгара албады.
– ...
– Ушинтип тура бересиңби эми? Тааныдың, ээ?
– Жок!
– Жолугалычы, суранам...- жигит эми бир укмуш сөздү айтып жалдырап жиберди.
Кантмек эле, барды Асман жолугушууга. Баягы жигит жок, өзгөрүптүр. Бирок дале көзү күлмүңдөп, сүйлөгөн сөзү ордунда. Мелис башынан өткөргөн окуяларын айтып берсе, Асман угуп отура берди, өзүнөн сураганда «менде баары жакшы» деп тим болду. Ушинтип акырындап жолугушуп жүрүп бири-бирине көнүп кетишти. Бир күнү адаттагыдай жолугушууга барган Асман Мелисти таппай калды, чалса телефону өчүк экен. Ою дароо жамандыкка кетти, кайра өзүн жооткотот «жок, келет азыр, ал алдабайт эми» деп. Машинасына эми отурарда терезесин какты, караса Мелис, колуна кыпкызыл розаларды көтөрүп алыптыр. Кубанганын айтпа.
– Жаным менин, мага турмушка чыкчы?! Өмүр бою өксүтпөй өтөм, өмүрдөн тапкан белегим, берекем...
XXX
Эртең менен эрте туруп көрбөгөн Асман чочуп ойгонду.
– Дагы уктап калыпмын. Алар эми чай ичип алышты го.
Жанын караса, Мелис эбак туруп кетиптир. Башына жоолугун салынып, ашканага уялыңкы кирди.
– Канда-айсыздар? Мен бүгүн да уктап калыпмын.
– Келе гой, айланайын, уктай бер, өзүңдү талыкшытпа. Эмне жегиң келсе, ичкиң келсе тартынба. Мелис боюмда кезимде мен да тартынып жүрө берет элем, кайнатаң конфет,
печенье ташып жүрчү, алдагы күйөөң төрөлгүчө,- деген кайненесинин сөзүнө баары күлүп калышты.
Чынында, бул убакта Асман кош бойлуу эле. Артында туяк болчу баланын бойго бүтүшү ата-эне үчүн кандай кубаныч?! Ошентип, каарманыбыз башынан далай күндү өткөрдү, турмуш агымы менен өйдө-ылдыйды көрдү, атактуу ырчы атыкты. Бул сулууга кол созуп, көз артпаган мырза калбады, бирок тагдыр деген ушинтип табыштырып коёт экен. Окуучу кездеги тун махабаты Мелиске турмушка чыгып, өзүнө окшош сулуу кыз төрөп берип, бакытка балкып турган учуру, көз тийбесин...
Аягы
Жаңыл Калыкова