ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (1-июлдан 7-июлга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Тегерегиңизде жашоо кайнап жатса да, пассивдүү бойдон кала берүүңүз мүмкүн. Мисалы, көп жерге баруу, катышуу керек болсо, кайсынысына барууну чече албай каласыз. Бойдоктор татыктуу адамын таап, жашоолору көрктөнө баштайт. Таасирдүү тааныштарына таянгандар жаңы иш орундуу боло алышат. Бейшембиде майда кырсыктан сактанып, жекшембиде чоң жакшылык күтө бериңиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жашооңузду бир нерсе болуп кетеби деген кооптонуу кыйындатып жатканын сезесиз. Мүмкүн, психотерапевтке кайрыласыз. Үй-бүлөлүүлөр бир окуядан улам балдарга туура эмес тарбия берип жатышканын билишет. Ден соолугун чыңдагысы келгендер дарылануунун жаңы ыкмаларына басым жасашат. Соода жаатында иштегендердин кирешеси көп болот.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Тынчтаныңыз жана түшүнүңүз: элдин баары сизге көңүл буруп, сизди эле текшерип жүргөн жок. Жеке жашоодо башка менен жаңы мамиле түзгүчө, эски мамилени сактоо артык экенин эске алуу керек. Үй-жайды оңдоодо бирөөлөрдү жалдаганча досторду чакырыңыз. Иште чогуу иштегендердин катасын оңдоого жардам берип, лидерлигиңиз өсөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жумушта алдыга умтулуп чыгам деген аракеттин жыйынтыгы аз болот. Көмүскөдө убакыт өткөрө туруңуз. Жакын адамдар үчүн убакыт, акча коротууга туура келет. Үйдө отуруп сүйүктүүнү табууга мүмкүн эмес, андыктан бойдоктор элге аралашуулары зарыл. Ден соолук жаатына келсек, сөөктөрдү бекемдөө үчүн витамин-минерал комплекстерин алуу кажет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Элдин сөзүн укпай, бирок кырдаалга баам салып, алга жыла бергениңиз оң. Бойдоктор жашоосун бүлгүнгө учуратып кеткен адамынын ордуна ойдогудай адам таба алышат. Мүмкүн, эс алууга чогуу барып келишет. Жетекчиңиз менен достор колдоп турганынан пайдаланып, карьерадан жылып алыңыз. Ашыкча сыпайгерчилик кылып шаршембиде олжодон куру калууңуз мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Эски тааныштардын бири мамиле курууну сунуштайт. Жакын адамдар да сизди башкарам деп жиниңизге тийүүсү мүмкүн. Соода менен алектенгендер тааныштарга ишенип, бирөөгө карыз бербей эле койгону туура. Өнөкөт оорум кармабасын десеңиз, күчтүү тамактарды чектеңиз. Бул ашыкча салмактан да арылтат. Жума күнү конокко барасыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сизге таасири чоң адам жашооңузга кийлигишет. Муну трагедия катары кабыл албай туруңуз, ал чечимин бат өзгөртүп, каалаганыңыздай жашайсыз. Жакындарыңыздын бири сыркоолоп, ага колдоо көрсөтүүңүз күтүлүүдө. Иште кийин чыр болбош үчүн керектүү маалыматты эсте сактап калуу менен чектелбей, кагазга түшүрүңүз. Кээ бирлерди жүрөк-кан тамыр оорулары түйшүккө салат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Чөйрөдөгүлөрдүн бири сиз тууралуу интрига кылгысы келет. Эмоцияга алдырбай, аны ордуна коюуга жетишүү керек. Апта ортосунда жактырбаган адамыңыздын колдоосуна таянууга аргасыз болосуз. Аллергия, уулануу сыяктууларга кабылуу коркунучу бар. Оору белгилери билинер замат врачка кайрылуу керек. Шейшемби, бейшембиде пландаган иштер жакшы бүтүп, акчалуу болууңуз да мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Кээ бир бойдоктор жакшы көргөн адамынын башка менен да жолугушуп жүргөнүн билип калышат. Муну сыноо катары кабыл алып, кийинкисинде жаңылбаганга аракет кылуу оң. Шейшембиде дүкөндө, иште абайлабасаңыз, бир нерселерди бүлүндүрүп, бөөдө төлөмөр болуп каласыз. Бейшембиде жаңылык угуп, жекшембиде сапарга чыгууңуз ыктымал.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Өзүңүзгө жасалган мамилеге, каржылык абалыңызга да кайдигер болуп чыга келесиз. Баамдасаңыз, мунун баары жеке жашооңуздун ойдогудай болбой жаткандыгынан экендигин сезесиз. Жаңы мамиле түзүүгө умтулбай, тыныгуу ала туруңуз. Иште чырдын алдын алып, документке так болуу кажет. Бейшембиде сапарга чыгууга туура келет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жашоо бир орунда турбагандыктан, пландарды бир сыйра карап чыгыңыз. Бойдоктор издеген адамын өз чөйрөсүнөн табуулары мүмкүн. Иште активдүү болуп, элдин көзүнө илинсеңиз, сыйлыкка жетүүңүз ыктымал. Шаршембиде жакындарыңыздын биринин кубанычына ортоктош болосуз. Жума күнү маалымат, дарекке так болбосоңуз, убара тартып кейийсиз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта тынч, бир калыпта өтөт. Андыктан жашооңузду таразалап, келечекке план курууга, үйдү жасалгалоого жетишип калыңыз. Дүйшөмбүдө оозу ачыктыктын азабын тартып, бирөөлөрдөн кечирим сурайсыз. Бейшембиде насыя алуу, мүлк сатып алуу маселелери бат чечилет. Апта акырында кээ бирлер өз алдынча дарыланууга аргасыз болушат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 556, 28-июнь-04-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан