Мындан 3-4 жыл мурда редакциябызга бир кыз келип, ырчы жигиттердин сахна артындагы жоругун айтып, абийирин айрандай төккөн эле. Андан бери «кокуй, тиги ырчыны сүйөт элем, күйөт элем, өлөт элем» деген ашынган фанаттардын каттары, телефон чалуулары тыйылбай келет. Бул ирет бир ырчы жигиттин жоругун айтып жаш кыз ыйлап отурду. «Ал ырчынын атын айтпайм» дегенинен окуясын угуп көрүп, кызга атайын адистердин кеңешин да сунуштадык.
«АТЫН АЙТСАМ, АБИЙИРИ ТӨГҮЛӨТ»
-Мен 19 жаштамын. Өзүм Бишкекте төрөлүп, ушул жерде чоңойдум. Борбор калаадагы ЖОЖдордун биринде 1-курста окуп жаткам. Бирок башымдан кечирген окуядан кийин бардык кыялым бир мүнөттө сапырылды, жашоом түгөндү. Ата-энем менен мамилем бузулду, окуумду таштап салдым. Азыр мен максаты жок, үмүтү өчкөн бир кызмын.
Билем, менин жүрөк сырымды окуган адамдар мага болгон сындын баарын айтышат, кайра менин өзүмдү күнөөлөшөт. Муну сезип туруп ушул кадамга барып жатам. Эң жаманы, менин өмүрүмө кол салуулары мүмкүн. Буга чейин коркуп жашынып келсем, эми мага баары бир болуп калды. Баары жарым жыл мурун жылдыздуу, азыр ырлары хит болуп жаткан бир ырчы жигит менен таанышканымдан башталган. Атын атабай эле коёюн, атасам абийири айрандай төгүлөт.
«КЫЗДЫГЫҢДЫ ТИКТИРИП БЕРЕМ, СЕНИ АЛАМ»
-Алгач мен иштеген жерден жолуккан элек. Ал ырчы номеримди сураганда жаман оюм жок берип койгом. Чалышып сүйлөшүп, жөн гана достук мамиледе жүрчүбүз. Бир жолу майрам алдында экөөбүз жолугуп калдык. Анын достору, менин досторум болуп түнү менен майрамдап, таң атарда баары эки-экиден болуп тарап кетишти. Тиги ырчы мага «жүрү, мен сага сонун жайды көрсөтөм» деди. «Отурганда эмне...» деген ой менен аны ээрчий бастым. Аны-мунуну сүйлөп барып бир эшикти ачты, кирсем уктоочу бөлмө экен. «Эмне кылабыз бул жакта, кеттик» десем эшикти бекитип, «эс алып алалычы, уйкум келип жатат» деп жоошутуп койгонунан тынып калгам. Жай сүйлөшүп отурганбыз, бир маалда мени өпкүлөп кирди, мен деле каршылык көрсөтпөй өбүшүп койгом. Анан денемди сыйпалап, диванга жыгып жиберди. Мен коркуп кетип «мен кызмын, тийбе мага, убалыма каласың» дей баштадым. «Эмне болуптур? Азыр кыздыктын кимге кереги бар? Кыздар жатып алып, анан турмушка чыгарда тиктирип алып жүрүшпөйбү. Кааласаң тиктирип берем» деди. Ага болбой чыйпылыктап каршылык көрсөтсөм «Кимге бересиң мага бербегенде? Балким, экөөбүз үйлөнүп калабыз?» деген сыяктуу сөздөрдү сүйлөп өпкүлөй берди.
Баары бир эркек адам күчтүү болот экен, алым жетпей тепкилесем деле болбой «мен сени алам, баары бир алам» деп эки колумду кармап үстүмдөн басып алды. Аны менен алышып жатып эмне болгонун өзүм да байкабай калдым. Бир убакта ачышып кеткенинен ыргып туруп ыйлап кирдим. «Эмне кылдың?» десем, «тийбедим, сөз бердим го акыры, эч нерсе болгон жок» демиш болуп ары басып кетти. Буга чейин же кимдир бирөө менен жатып көрбөсөм, түшүнгөн деле жокмун эч нерсеге. Калтырап-титиреп эле бир нерсе боло бердим.
«АТЫМДЫ АЙТСАҢ ӨЛТҮРҮП КЕТЕМ»
-Ошентип, ыйлап-сыктап, убакыт кантип учканын сезбей да калдым. Кийин башымдан өткөн окуянын баарын аз-маз ырчылыкка жакын тааныш эжеге айтып бердим. Ал «Милицияга бер, гезитке барып айт. Сен анын акыркысы дагы, биринчиси дагы эмессиң. Ал жигит ырчылыгынан пайдаланып канча кызды зордуктап, кыздыгын алып жүргөндүр. Аны досторунун баары билет. Эч нерсени жашырбай айтып сал» деп кеңеш берген.
Ошондон аз өтпөй мага тиги ырчы жигит чалып «өлтүрүп кетем, сүйгөн кызым менен сенин айыңдан сүйлөшпөй калсам, жок кылам» деп коркутуп баштады. Үйгө досторун жөнөтөт. Алар келип «чёрныйларга дайындап коёбуз» деп жүрөгүмдү түшүрүштү. Өзүм бир алым жок Алланын пендеси болсом, аябай корктум. Мына ошондо жашоомдун мааниси калган жок, канча жолу дары ичип өлөм дедим. Бирок негедир дайыма бир нерсе тоскоолдук кылып коёт. Ортодо мага анын мурдагы сүйлөшкөн кызы чалып «Абайла, ал кыздарды аябай уруп салат. Билесиңби, мени ал канча сабаган? Жолугалы десе жолукпа» деген сыяктуу сөздөрдү айтып ого бетер жүрөгүмдүн үшүн алды.
«КОРКУП ЖАШООДОН ТАЖАДЫМ»
-Болду! Ушунча убакыт коркуп жүргөнүм жетишет! Апама жакын курбум «кызыңыз кыз эмес» деп айтып коюптур. Апакемдин «сендей кызым жок, кечтим» дегенин укканда бул дүйнөдөн жок болуп кетким келди. Кантсе да апа да, «чындык башкача, бирок аны сен укпай эле койчу» десем кечиримиш болуп койду. Бирок мамилеси такыр суз, бейтааныш бирөөдөй. Эң жаманы, кичинекей сиңдим сыналгыдан тигинин ырларын берип калса «сиздин досуңуз ырдап жатат» деп сүйүнүп бийлеп калат. Аргасыз жылмайып, артты карап ыйлап-ыйлап алам. Ушул тапта мен өлүмдү гана күтүп жашап жатам, адам өлөрүн жакындаганда сезип калат экен. Ырчынын айынан ушундай абалда турам, бүгүнкү күн менен жашап, эртеңкиге эч кандай максат койбой калдым, кантем?
Болгону жаш кыздарга айтар элем, алданбагылачы ырчыларга. Алар биздей эле адам, кээ бири жадакалса бизден да жаман. Арасында жакшысы деле бар, бирок алардын баары бир казанда кайнайт экен. «Ырчымын» дегендерге жолобогула! Бул менин акыркы сөзүм.
Гүлназ
Адистин кеңеши
Юрист Айнура Сыдыкова:«ДАЛИЛДЕШ КЫЙЫН БОЛОТ»
– Убагында укук коргоо органдарына кайрылсаңыз, бул кылмышты далилдөөгө мүмкүнчүлүк көбүрөөк болмок. Дароо эле медициналык экспертиза өткөрүү керек болчу. Азыркы убакта сиз арызды «менин жашоомо коркунуч жаратып жатат» деп жана болгон окуяны жазыңыз. Сизге келген СМСтер жана чалуулар боюнча тактоо ишин жүргүзүүгө болот. Аны ИИМдин кызматкерлери сизден арыз түшкөндөн кийин сурак жөнөтүшөт.
Психолог Нурзада Маямерова:«ӨЗҮҢҮЗДҮ БАШКАЛАРГА САЛЫШТЫРЫҢЫЗ, ЖАШООДОН ҮМҮТ ҮЗБӨҢҮЗ»
– Негизи, көп кыздар өздөрү «повод» беришет. Кунажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт да. Бир чети сиз ал жигиттин жанында жүрүп, өбүшүп аны дүүлүктүрүп алгансыз. Бул адамдын табияты, эркектер дүүлүккөн соң токтоно албай калышат. Аны моюнга алуу керек деп ойлойм.
Гүлназ, азыр сизге жашооңуз урап жаткандай болуп жатат. Мындай окуяга кабылган адамдар көп экенин, сиздин абалыңыз айрымдарына караганда чечим чыкчудай экенин түшүнүшүңүз керек. Интернеттен же башка жактан татаал тагдырга туш болгон адамдар жөнүндө окуп көрүңүз. Өзүңүзгө «күчтүүмүн» деп сөз берип, болуп өткөн окуяга өмүрүңүздүн чоң сыноосу катары мамиле жасаңыз. Бул абалдан аман-эсен чыксаңыз, анда эң чыдамкай адам болосуз. Жашоо муну менен аяктабайт, ошону унутпаңыз. Анан, албетте, психологго кайрылыңыз. Гезитке кайрылып, окурмандарга бугуңузду чыгаргандын өзү чоң кадам. Демек, сиз жашагыңыз келет, жашоодон үмүтүңүздү үзө элексиз.